Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

1916: Кайчы пикирлердин эркин айтылышы – эң чоң утуш


Кырк Шейит жергесинде талаада драмалык оюн коюу учуру. Тоң району. 05.8.16.
Кырк Шейит жергесинде талаада драмалык оюн коюу учуру. Тоң району. 05.8.16.

Быйыл Кыргызстанда “Тарых жана маданият жылынын” алкагында 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш менен Улуу Үркүндүн 100 жылдык мааракеси кеңири коомчулук тарабынан ээн-эркин белгиленди. Бул окуяга карата түркүн көз караштар да эркин айтылып жатты.

Кыргызстан – Борбордук Азияда өрнөктүү иш-аракет жасады

Азыркы тапта айрым коомчулук өкүлдөрү Кыргызстандын бийлигин “1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш менен Улуу Үркүндүн 100 жылдык мааракесин жетишерлик белгилей алган жок” деп сындай калып жүрүшөт. Бирок мындай сын акыйкатсыз экенин алар коңшу өлкөлөргө салыштыруу менен эле баамдай алаар эле.

Ушул "Өтөбайдын үйү" деген үйдө Амангелди Иман уулу падышалык жазалоочуларга каршы атышып, салгылашкан.
Ушул "Өтөбайдын үйү" деген үйдө Амангелди Иман уулу падышалык жазалоочуларга каршы атышып, салгылашкан.

Маселен, Казакстанда да кубаттуу көтөрүлүш чыкканы маалым.

1916-жылдын күз айларында Торгой облусунун аймагында (бул аймакка ал кезде Оренбургдун бир ыптасы да кирген) казак баатыры Амангелди Иман уулу жетектеген көтөрүлүшчүлөрдүн аскеринин саны 50 миң кишиге чейин жеткен. Көтөрүлүштүн бул очогу падышалык режим кулаганга чейин өчүрүлгөн эмес.

Жети-Суудагы казактардын көпчүлүгү да Батыш Кытайга үрккөн. Аларда да Улуу Үркүн болгон. Бирок Казакстанда бул окуялардын 100 жылдыгы буга чейин дээрлик расмий белгиленген жок. Айрым гана эл аралык жана жергиликтүү илимий жыйындар жана көргөзмөлөр уюштурулду.

“Ата Бейит” эскерүү жайындагы эл аралык деңгээлдеги эскерүүлөр

Кыргызстанда быйыл абдан көп жайларда 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн баатырларына жана Улуу Үркүндөгү курмандыктарга арналган эстелик жайлар негизделди, аларга айкелдер, эстелик таштар орнотулду. Алардын көпчүлүгү коомчулуктун жана жергиликтүү бийликтердин демилгеси менен тургузулду.

Мындай курулуштардын быйылкы туу чокусу – аяк оона (сентябр) айынын 2синде “Ата Бейитте” расмий ачылган эстелик болду.

Эскерүү аземинен. "Ата Бейит". 17.9.2016.
Эскерүү аземинен. "Ата Бейит". 17.9.2016.

Көккө бой сермеген боз үй түндүгүн элестеткен бул монументке аяк оонанын 17синде Кыргызстандын Президенти А.Атамбаевдин чакыруусу менен Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армениянын Президенти Серж Саркисян, Молдованын Премьер-Министри Павел Филип мырзалар келип, гүл коюп, таазим кылгандыгы Кыргызстан үчүн узак мөөнөттүк дипломатиялык утуш алып келди.

Албетте, мындан берки мамлекеттердин лидерлери да өздөрү үчүн утуш алышты. КМШ саммитине келген башка лидерлердин ичинен, башкасын айтпаганда да, Казакстандын лидери эч шартсыз бул жөрөлгөгө катышат ко деп коомчулук боолгоп турган эле. Негедир, Нураке бул кадамга барбай койду.

Доомат койбой эскерүү өрнөгү

Дүйнөдө кайсы-бир тарыхый окуяларды эскергенде, башка бир мамлекеттерге доомат коюу менен коштолгон учурлар да бар, тарыхый окуяларга бейпил сабак алуу үчүн кайрылып, эч кандай доомат кылбастан эскерүү уюштургандар да бар.

Кыргызстандын бийлиги экинчи жолду тандап алгандыгы менен да өрнөк болду. Кыргызстандын 1916-жылдагы окуяларды эскерүү жаатындагы турумун Орусия Федерациясы толук колдой тургандыгын 2015-жылы бештин айында Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько ачыктаган эле. Президент Владимир Путиндин “Ата Бейиттеги” 1916-жылы набыт болгондордун эстелигине гүл коюшу бул турумду тастыктады.

Кыргызстан калкы 1916-жылы болуп өткөн окуялар падышалык режимди солкулдатканын жана 1917-жылы орусиялыктар жүзөгө ашырган Бирдин айындагы (Феврал) ыңкылап мурдагы падышалык режимди биротоло тарых чаңында калтырганын дурус аңдайт. Советтик Орусия, Советтер Биримдиги жана андан кийинки демократиялык Орусия Федерациясы – таптакыр башка деңгээлдеги мамлекет түрү. Ошондуктан бүгүнкү Орусияга доомат кылуу – Наполеондун 1812-жылы Маскөөнү өрттөгөндүгү үчүн бүгүнкү Францияга доомат кылууга жана Чыңгыз-хандын аскерлеринин Испаган шаарындагы китепкананы өрттөгөндүгү үчүн бүгүнкү демократиялуу Монголияга кине коюуга тете акылга сыйгыс иш. Ал эми тарыхый чындыкты калыбына келтирүү үчүн кыргыз тарыхчыларынын архив таануудагы аракеттерин Орусия толук колдоого алып келет.

Бул – Евразиянын эл аралык мамилелер тарыхында болочокто да өрнөктүү окуя болуп калчу турум.

Жүрүштөр. Зыяраттар

Быйыл улуттук боштондук көтөрүлүш маалында кырчылдашкан салгылашуулар жүргөн жайлар, кыргын окуялары болгон жерлер, Улуу Үркүн маалында качкындар көбүрөөк набыт болгон бийик тоолуу өрөөндөр калайыктын зыярат кылуу жайларына айланды.

Бир катар иш-чараларды бийликтер коомчулукка кол кабыш кылып уюштурушту. Маселен, теке (июл) айынын 21инде Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Тамга айылында 1916-жылкы көтөрүлүштүн жана Улуу Үркүндүн 100 жылдыгын эскерүүгө арналган "Бабалардын баскан изи" аттуу жаштардын жумурияттык илимий жыйыны жана андан соң эки күндүк жүрүш уюштурулду. Ага өлкөнүн түрдүү аймактарынан чогулган жаштар менен катар Ысык-Көл облустук бийлигинин, жаштарынын жана жамаагаттык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да катышты. Үч күндүк иш-чара алкагында катышуучулар Сөөк ашуусуна Ысык-Көлдүн Сыртына зыярат кылышып, Үркүндө набыт болгон бабаларга арнап куран окутушту.

Баш оона (август) айынын 5-6ларында болсо – Сокулуктун Асылбаш айылынан жана Беловодск шаарынан тартып, Кемин, Боом, Кырк Шейит (Тоң), Барскоон капчыгайы, Каракол шаары, Түп районундагы кыргын орду сыяктуу жайларды камтыган “Өмүр көчү-100” авто жүрүшү уюштурулду. Аны “Ашар” козголушу, “Үй куруучулар уюму, “Асаба” партиясы сыяктуу уюмдарга эриш-аркак болуп, Кыргызстандын Президентинин аппараты, жергиликтүү облустук жана райондук бийликтер чогуу-чаран уюштурушту.

Демилгелүү айдыңдар жана жаштар тогуздун айынын (октябрдын) 29унда ызгаардуу кыш өкүмү орногон Сөөк ашуусуна чейин барып кайтышты. "Үркүндүн изи менен" деп аталган автожүрүштүн катышуучулары Ысык-Көл облусундагы деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктеги Сөөк ашуусуна машине жол түгөнгөн жерге чейин чыгышып, 1916-жылдагы кандуу окуяларда курман болгондорду эскерип, куран окушту. (Бул тууралуу “Фейсбук” коомдук тармагында арбын маалымат жарыяланды).

Башка да коомчулук демилгеси менен уюштурулган зыяраттар көп болду.

Көркөм өнөр, адабият жана маалымат тарткатуу дүйнөсүндө

Кыргызстандагы драматургдар, театр өнөрүнүн өкүлдөрү, сүрөтчүлөр, айкелчилер, киночулар, акындар, жазуучулар да өз тармактарында 1916-жылдагы окуяларды чагылдырган жаңы эмгектерди жаратышты. Бул окуяны мыкты чагылдырган симфония, хор, соната үчүн сынак да өткөрүлдү.

Драматургдардын сынагынын өткөрүлүшү жана сынаксыз эле далай пьесалардын сахнага коюлушу эле бул темага арналган жаңы эмгектердин (арасында Бексултан Жакиев, Бактыбек Максүтов ж.б. бар) тушоо кесүүсү болуп калды.

"Ак Токо" повестинин автору Темирбек Жолдубаев. 21.10.2016.
"Ак Токо" повестинин автору Темирбек Жолдубаев. 21.10.2016.

Соңку жылдары Арслан Капай уулу, Темирбек Жолдубаев, Олжобай Шакир сыяктуу жаңы толкундун калемгерлери 1916-жылдагы окуяларга арналган прозалык чыгармаларын жарыялашты.

Коомдук демилге менен "Үркүн" аттуу көркөм тасма да жаратылды жана тогуздун айынын 12синен тартып калайыкка көрсөтүлө баштады (режиссеру Медин Учкеев, продюсери Мухтар Атаналиев; демөөрчүлөрү - "Саякбай манасчы" жана “Куткелди” коомдук фонддору).

Бир нече даректүү тасма калайыкка тартууланды. Сыналгы жана үналгы каналдарда, интернет барактарда 1916-жылдагы окуялар ыраатуу рубрикалар аркылуу эскерилип жатты.

Китепканаларда, музейлерде мындан жүз жыл илгерки окуяларга арналган көргөзмөлөр байма-бай уюштурулуп келди.

Илимий жана башка коомдук жыйындар. Китептер. Интернет барактары

Кыргызстандагы жана чет жактагы быйылкы ондогон эл аралык, чөлкөмдүк жана жергиликтүү деңгээлдеги илимий жыйындардын көпчүлүгүнүн материалдары жарыяланып жатты. Алар тууралуу илимий коомчулук чакыруулар аркылуу да билип турушту.

Ал эми коомчулук өзү уюштурган жыйындардын бардыгын санап, тактоого дээрлик мүмкүн эмес болду. Себеби элдик ыңкылаптан кийинки кыргыз коомчулугунун демилгелерине эч бөгөт коюлбагандыктан, айрымдары айылдын жана көчөнүн деңгээлинде деле, айрымдары баатыр чоң аталарын, тайаталарын же айкөл чоң апаларын, тайенелерин эскерип, куран окутуп, жыйын куруп келишти. Коомчулуктун демилгеси менен канчалаган айкелдер тургузулгандыгын жогоруда эскердик. Бул айкелдерди ачуу салтанаттары да ири жыйындар менен коштолуп жатты.

Расмий жана расмий эмес каржы булактарына таянган авторлор жүздөгөн китептерди жарыялашты. Маселен, америкалык тарыхчы Эдвард Соколдун (Edward Dennis Sokol) 1954-жылы жарык көргөн эмгегинин орус тилиндеги котормосунун Фредерик Старр мырзанын баш сөзү менен бирге жарыяланышы да алгылыктуу иш болду (Сокол, Эдвард Деннис. Восстание 1916 в Русской Центральной Азии / Пер. с англ. Г.Борубаевой. – Б.: Res Publica, 2016. – 188 с.).

Архивдик даректүү маалыматтар Кыргызстанда, Казакстанда, Орусияда жана башка өлкөлөрдө китептерде жана интернет порталдарда байма-бай жарыяланды.

(Маселен, караңыз: 1916: Долбоор Борбор Азия элдеринин колониализмге каршы күрөшүнө арналат. - URL: http://www.1916.kg/ky

Нарышкин С.Е. Приветственное слово Председателя Государственной Думы Федерального Собрания Российской Федерации, Председателя Российского исторического общества С.Е. Нарышкина к посетителям интернет-проекта Росархива «События в Семиречье 1916 года по документам российских архивов» // Интернет-проект Росархива «События в Семиречье 1916 года по документам российских архивов» / Федеральное архивное агентство РФ. 2016. – URL: http://semirechye.rusarchives.ru/ )

Талкуулардагы кайчы пикирлер

Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коомдук жана илимий жыйындарда жана башка ар кыл талкууларда, анын ичинде интернеттеги ачык шеринелерде 1916-жылдагы Борбордук Азиядагы улуттук боштондук кыймыл жана кайгылуу Улуу Үркүн тууралуу жүз миңдеген ар кыл ойлор, пикирлер калайыкка жарыя болуп жатты.

Айрым замандаштар “бирдей ой жүгүртүүгө жетишелик” деп Кыргыз Өкмөтүнө чейин кайрылган учурлар болду. Бирок быйылкы талкуулардагы пикирлердин ар түркүн болгондугу жана мындай пикирлерди айтуудагы атуулдук эркиндик – өлкө үчүн эң чоң ийгилик болду десек жаңылышпаспыз.

Мындан жүз жыл илгери эмне окуялар болду? Кыргын үчүн кимдер күнөөлүү? Улутту тукум курут кылуу саясаты жүрдү беле? Көтөрүлүштүн жана Улуу Үркүндүн кандай сабактары бар?

Бул жана башка суроолор жаатындагы көптөгөн көп пикирлер айтылды, эскерүү чараларын өткөрүү үчүн ар кыл демилгелер жүзөгө ашырылды. Бийлиги да, оппозициясы да, эч жакка кошулбай өз алдынча аракет кылгандары да китептер, макалалар, интернеттеги пикирлер аркылуу өз ойлору менен эркин бөлүштү.

Бул ойлорду жыйынтыктоо аракети да болду.

(Караңыз: Улуттук боштондук көтөрүлүшкө жана Улуу Үркүнгө 100 жыл: Кыргызстандагы 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдык мааракесине арналган илимий-методологиялык жалпылама / Жооптуу редакторлор Т.Чоротегин, К.Молдокасымов, М.Иманкулов. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. – 140 бет, сүрөт, карта. – КР Билим берүү жана илим министрлиги. – КР Билим берүү академиясы. – “Мурас” фонду. – “Тарых жана мурас” түрмөгү. – ISBN 978-9967-04-748-5. )

Быйылкы жылдын чоң жетишкендиги – “жүз жыл илгерки бул окуяларга эч кайрылбагыла, бөөдө кан төгүлбөсүн” деп чочулагандардын натуура экендигинде, ала-тоолук калайык карт тарых окуясына калыс баа берип, бабалардын арбагын тынч жолдор аркылуу эскерүүгө болоорун далилдегенинде болду. Албетте, бул көп кырлуу, даңазалай турган барактары да бар, кайгы, азап-тозок үстөмдүк кылган барактары да бар окуяга карата мындан жүз жылдан кийин деле ар кыл мамиле, ар башка баа берилиши ыктымал. Бирок болочокку эскерүүлөр деле бейпилдик шартында өтөөрү үчүн эми кепилдик жана өрнөк бар.

Эскерүү чараларынын эртеңи бар

1916-жылдагы окуяларды эскерүү, изилдөө жана чагылдыруу жаатындагы быйылкыдай көп тарамдуу иш-чаралар Кыргызстанда алдыдагы күндөрдө, апталарда, болочокку жылдарда да улантыла бермекчи.

Маселен, коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун 1916-жылдагы окуяларга арналган китебинин бет ачары Бишкекте жетинин айынын (ноябрдын) 10унда өткөрүлөт. Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы 1916-жылкы окуяларга арналган даректүү маалыматтардын үч томдугун жарыялоодо (анын алгачкы тому колго тийди). Орусияда жана башка мамлекеттерде да кыргызстандык тарыхчылардын катышуусунда эл аралык илимий жыйындар өткөрүлгөн жатат. Архив таануу иштери болочокто да ырааттуу улантылмакчы.

Бишкектеги илимий жыйындын көрнөгү. 21.10.2016.
Бишкектеги илимий жыйындын көрнөгү. 21.10.2016.

Демек, быйылкы тогуздун айынын (октябрдын) 21индеги кыргыз окумуштууларынын жана борбордук азиялыктардын Бишкектеги эл аралык илимий жыйыны – бул темага карата эч кандай соңку чекит эмес.

Жыйынтыктасак, атуулдардын мындай ар кыл өңүттөгү жандуу мамилелери, кыймыл-аракеттери коомдогу кайдыгерликтин кара туманын жоюуга өз алдынча салым кошот эмеспи.

Ала-Тоодо 1916-жылы эгемендик үчүн күрөшүп, эрдик көрсөткөн жана шейит кеткен бабаларыбыз ыраазы болгондой эскерүү иш-чараларынын байма-бай өтүп жаткандыгы – кайдыгер калбаган ар бир карапайым атуулдун салымынын аркасында болду.

XS
SM
MD
LG