Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:21

“Азаттык” дүйнө элдеринин күнүмдүк турмушундагы, адабият, поэзия, кино, музыкасындагы кызыктуу тенденциялар, окуялар жөнүндө “Миң кырдуу дүйнө” аттуу жаңы түрмөгүн баштады. Алгачкы чыгарылышында Африкадагы айрым элдердин “граждандык поэзиясы” тууралуу баян кылабыз.





"Өлтүрүштү актар менин –
Сыймыгымды – атамды.
Маскаралап кетти алар,
Менин сулуу апамды.
Иштетишти кыйноо менен,
Боордошумду агамды.
Келген кезде мага кезек,
Кан боелгон колун сунуп:
- Суу алып кел! Жуугун! – деди –
Караларды келдим уруп!”


Сенегалдык акын Давид Диоптун “Азап чегүү мезгили” деген был ыры – XX-кылымдын биринчи бөлүгүндөгү африкалык элдердин колониалдык саясатка каршы толкунунан бир үзүндү.

Африканын поэзиясынын калыптанышына расалык акыйкатсыздык, колониалдык түзүлүш, теңдик үчүн күрөш чоң таасир калтырган.

Килейген бул контининтте 57 мамлекет бар. Алардын ичинде үчөөнүн көзкарандысыздыгы тааныла элек. Мындагы көпчүлүк жумурияттар өткөн кылымдын 50-60-жылдарында гана эгемендикке жетишкен. Ага чейин Европадагы мамлекеттердин колониясында болушту.

Дал ошол эгемендик үчүн күрөш Африкадагы ар кайсыл элдердин поэзиясында да таамай сезилип турат.

Орусиялык акын, журналист, «Азаттыктын» орус редакциясынын кабарчысы Игорь Поменранцев Африканын поэзиясы тууралуу ой бөлүшөт:

Игорь Померанцев: Мен үчүн Африка континентиндеги эң эле маанилүү поэтикалык окуя катары айтылуу «негритюд» менен байланышкан поэзия туюлат. Негритюд – бул каралардын өзүнүн насил-наркын аңдап билүү, таануу доктринасы, идеологиясы. Болгондо да ал Африканын өзүндө эмес, Кариб деңизинин аймагындагы француз колониясына кирген аралдарда 1930-жылдардын башында пайда болгон.

Игорь Померанцев

Кара түстүү француз интеллектуалдары, мыкты билимге ээ адабиятчылар, акындар ошол негритюддун идеясын каралардын өзүн таануу идеологиясы катары түптөшкөн. Мына ошол интеллектуалдардын ичинде атактуу акын, кийин Сенегалдын биринчи президенти болуп калган Седар Сенгор да бар болчу.

Алар баары француз тилинде аябай мыкты жазышкан. Алардын катарында, маселен, Эме Сезер да болгон. Булардын баары теги боюнча кара түстүү африкалыктар болгону менен, француз маданиятынын өкүлдөрү эле. Алар расалык өзгөчөлүккө өзгөчө этият мамиле кылышкан.

Сенгорду алсак, ал каралар менен актарды салыштырып, негроид расасын «тамтам» бийи менен түшүндүрөт – пластика, кыймыл, ритм, энергия! Ал эми Батыштын символу катары ал үчүн Швейцариянын саатынын чыкылдаганы элестелчү.

Мен азыр сиздерге анын бир ырынан үзүндү окуп берейин. Ал Экинчи дүйнөлүк согушта француздардын легиону тарапта согушкан. Аны кийин немистер туткунга да алышат. Орусчага которулган ырында Сенгор ошол туткундагы абалды мындайча сүрөттөгөн экен:

«Килейген айыл мына:
Бактуу, анан баткагы белчесинде.
Тумоосу агып-ташат кечмесинде.
Муунат тикенектүү зым каргыга.
Жексен кылып, калбырлап салуучудай
Пулемет мээлейт аны чар тараптан».


Бул - фронттогу европалык стилдеги классикалык ыр. Башкача айтканда, бир четинен, ал негритюддун теоретиги, кара түстүүлөрдүн өзгөчөлүгү үчүн күрөшкөн инсан, экинчи жагынан - француз поэтикалык салтын Африкага ылайыкташтырат.

Игорь Померанцев айткан сенегалдык акындын жогорудагы ырын кыргыз акыны Бурулкан Сарыгулова которду.

Леопольд Седар Сенгор 1906-жылы Сенегалдагы Жоал деген кичинекей шаарчада ишкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн, «серер» деген уруудан болот. Анын аты Седар өзүнүн уруусунда «басмырланышы же азап чегиши керек болгон адам» дегенди билдирет экен.

Седар Францияда Сорбонна университетин аяктагандан кийин, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Францияда бир топ мамлекеттик кызматтарда иштеген, депутат да болгон.

Седар Сенгор Сенегалдын алгачкы президенти катары таанымал. Анын ырлары көбүнчө Африканын, андагы элдердин тагдырын сүрөттөйт.

«О, аял жупжумшак, жыпар жыттуу
колдоруңду,
Маңдайыма басып турчу.
Тээ бийикте чууруп түн салаасынан,
термелишет пальмалар желаргыдан,
Шыбыраган бешик ыры
тып басылат кайрадан.
Бейкутчулук ритмдери
Алдейлесин бизди эми.
Уккун ырды, уккун, кандын агышын,
Тумандарга сиңип кеткен,
Өткөн кезден, эзелкиден
Уккунуң,
Африка жүрөгүнүн кагышын!»


«Сина даарыясынын боюндагы түн» деген ыр да, башка африкалык акындардын ырларындай эле, 1972-жылы кыргыз тилине которулуп басылган китептен алынды. Аны Жылкычы Жапиев которгон.

Африканын акын-президенттери

Бул континентте поэзиядан саясатка баргандар көп эле кездешет. Конго демократиялык республикасы 1960-жылы көз карандысыздыкка жетишкенден кийин өлкөнүн алгачкы премьер-министри болгон Патрис Лумумба да көпчүлүккө акын катары таанымал.

Ангола эл республикасынын алгачкы президенти Нето Агостиньо да кыргыз окурмандарына 1980-жылы басылган ырлар жыйнагы аркылуу белгилүү. Төлөгөн Козубеков менен Турдубек Элеманов которгон Агостиньонун айрым ырларынан үзүндү окуйлу:

Жаратуу

Жаратуу керек!
Жаратуу керек!
Жан дил менен керек жаратуу,
Акыл менен, иш менен,
Күчтү сактап,
Булчуң чыңап,
Сезимтал, сабырдуулукту кармап,
Көзгө жаш албай...

Жаратуу керек,
Жыйнаш керек,
Асмандагы чачыраган жылдыздарды.
Эне жерге тынчтык берип,
Ыйлаган бөбөктөрдү терметип,
Эс алдырыш керек,
Тердеп жаткан кулдарды.
Согуштун куралдарын,
Канкор адамдардын барын
Жок кылалы!
Көрө албастыкты дагы
Алыс жакка ыргыталы!

Куруш керек,
Куруш керек,
Көзгө жашты кылгыртпай!
Шарт түзүш керек,
Шарт түзүш керек,
Ак сүйүүлөр үчүн,
Маскарачылык жана коркуу өкүм сүргөн жерде.
Кишенделген туткундарга,
Эркиндик берсек.
Шамал аны чайпалткан,
Даргага асылып жаткан,
Адамдарга өмүр берсек...
Эркиндикти,
Жашоону,
Сүйүүнү да
Жаратуу керек,
Жаратуу!
Мына ошондо акпай калат көздөн жаш...


Төрөкул Дооров: Игорь Яковлевич, азыр сиз башында акын болуп, анан саясатчыга, өлкө башчыларына айланып кеткен кеминде эки адамдын ысмын атадыңыз. Мен сизден билейин дегеним – саясат менен поэзиянын айкалышынын табияты эмнеде?

Игорь Померанцев: Менимче, акындар президент болгон көрүнүш көбүрөөк эми гана өнүгүп келаткан мамлекеттерге, маданиятка таандык көрүнүш. Ал адам укуктары, экономика, финансы өңдүү тармактарды али бири-биринен жакшы айырмалап бөлө элек элдерге, мамлекеттүүлүгүн толук таба элек маданияттарга таандык мүнөз.

Мындай коомдордо элдин билим деңгээли да төмөн. Ошондуктан акын-жазуучулар мамлекеттүүлүктүн маанисин, улуттук өзгөчөлүк, өзүн таанып билүү өңдүү маселелерди, жок дегенде, сөзү менен айта алгандыктан, албетте, алар өлкө башчылыгына негизги талапкер болуп калышат.

Коом өнүккөн сайын, акындар саясаттан кетишет. Чынында, акындын амбициясы өтө эле чоң. Алар бир эле учурда баары болгонду каалашат. Жалаң гана аларды угушун самашат. Бирок коом өнүккөн сайын, ар бир тармактын өзүнүн чеберлери чыгат да. Ошондо акындар өз элине жакшы ырларды гана тартуулай ала турганы айкын боло баштайт. Саясий маселелерди башка мүнөз, башка типтеги адамдар чечиши керек.

Төрөкул Дооров: Сиз акындардын ырларын бир тилден экинчисине которууну колдобой турганыңызды билем. Туурабы?

Игорь Померанцев: Андай деле эмес, агартуучулук максатында, албетте, ырлар бир тилден экинчисине которулушу керек. Бирок ар бир тилдин поэзиясында өзүнүн коду, өзүнүн эн белгиси, башка эч бир тилден алынбай турган ырахаты бар экенин унутпайлы.

Мисалы, акындын өзүнүн эне тилиндеги ырды окусаңыз, аны кабыл алуудагы процессти такыр котормого салыштырып болбойт. Бирок эл агартуучулук максатында, албетте, которуу абзел.

Биз азыр африкалык акындар жөнүндө сүйлөп жатабыз. Африканын акындарын орустун эң мыкты котормочулары таржымалашкан. Павел Антогольский, Андрей Сергеев, Давид Самойлов. Ошентсе да, аларды окуганда, баары бир «ырдын даамы» башкачараак сезилет.

Төрөкул Дооров: Биз сөз кылып жаткан акындардын көпчүлүгү - Африкада төрөлгөн түпкүлүктүү элдердин өкүлдөрү. Бирок өздөрү француз, англис же португал тилдеринде жазган акындар. Кайсыл бир улуттун акыны өзүнүн эне тилинде эмес, башка тилде ыр жазганда, эмне көбүрөөк байкалат? Улуттун өзүнө тиешелүү мүнөзбү же сырттан алынган билим үстөмдүүлүк кылышы мүмкүнбү?

Игорь Померанцев: Мен мында кайрадан «негритюддун» акындарын эске салмакмын. Алар толугу менен француз маданиятынын өкүлдөрү деп эсептейм. Европалык маданиятка, ойго таянышат, өз саптарында З.Фрейд, К.Юнг жөнүндө көп айтышат, К.Маркстын иштерине шилтеме жазышат, экзинтенциалисттер тууралуу сүйлөшөт. Сенгордун китебине, маселен, алгы сөздү франциялык философ Жан Поль-Сартр жазган...

Бул акындардын баары - Европанын маданияты менен тыгыз байланыштагы кишилер. Бирок алардын идеологиясы каралардын өзгөчөлүгүн даңазалаган. Дал ушул «негритюд идеологиясын» таркатууда алар француз тилин, философиясын колдонушту.

Мындагы парадокстун баары - өздөрүнүн расалык өзгөчөлүгүн, кайталангыстыгын, биринчилигин жактаган акындар күрөштө өздөрү Батышта алган билимин колдонгону. Булардын текстинде өтө чоң улуттук, маданий парадокс жатат. «Негритюддун» теоретиктери француз тилинде Францияны империализмдин өлкөсү катары тилдешкен.

Жол жүрөрдө коштошуу

Энекебай!
Балаңды жатса да өлтүрүп,
Кыңк этпей чыдоого көнгөнсүң.

Энекебай!
Ташыңдай мүрзөнүн опокшош,
Өмүрдүн сендеги жылдарын,
Былк этпей өткөрүп келгенсиң.
Кордуктан куткарчу өзүңдү,
Бир гана кудай деп билгенсиң.

Бирок да балдарың башкача
Энчисин табышты чоң жолдон.
Чыдамы түгөнүп таптаза,
Үрөнү кордуктун
күч алып –
Жек көрүү дарагы чоңойгон.
Жакшылык кудайдан күтпөйбүз,
Биздерден ал үмүт жоголгон.

Ал үмүт – мына биз өзүбүз!

Кечээ биз –
жалданган,
жылаңач,
Чогулткан кофени эл элек;
Курсагы тоюнуп бүтпөгөн.
Суусунун кандырып ичпеген.

Жарыкты эч качан сезбеген,
Сокур ой, бир түркөк жан элең.
Бир билген байлардын мектебин,
Биздерди тебелеп, тепсеген.

Коркчубуз,
Баскандан жерде да,
Бабалар туулуп, өлүшкөн.
Сүйүшсө
астыртан кудум бир,
уурулук кылгансып сезишкен.
Коркчубуз
өзүңдү эне деп,
Аташтан, а түгүл сезиштен.

Энекебай!
Эми биз башкабыз.
Чыга алдык эч кандай жардамсыз,
Тозоктон бошонуп өзүбүз.
Арт жакка кайтпайбыз эми биз.

Жашоодон коркпойбуз, бул демек, -
Өлүмдөн коркпойбуз дегендик.
Биз гана –
Башка эч ким жарабайт, -
Ангола сен үчүн биз Үмүт!
Биз гана –
Башка эч ким бере албайт, -
Бакытты бир гана бизден күт!


(«Жол жүрөрдө коштошуу» - Нето Агостиньо. Ырлар. Которгондор: Төлөгөн Козубеков, Турдубек Элеманов, 1980.)
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG