Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Өкмөттүн акчасы дыйканга жетпей жатат


Техникалардын эскилиги - айыл-чарбасын өнүктүрбөй жаткан башкы себептердин бири
Техникалардын эскилиги - айыл-чарбасын өнүктүрбөй жаткан башкы себептердин бири

“Агрардык өлкө” атыккан Кыргызстан учурунда коңшу мамлекеттерди буудай, кант, эт азыктары менен камсыздап турган. Азыр мамлекет азыкты башкаларга эмес, өзүнө да толук жеткире албай калды. Себеп – дыйкандарга колдоо жетпей, түшүмдүүлүк азайып кетти.

Жаздын алгачкы күндөрүнөн тарта талаа жумуштары менен алектенип, тиккен өсүмдүктөрү менен алпурушкан дыйкандар үчүн бул жаз кыйынчылыктарды туудурууда. Талаа ээлерин күйүүчү майдын кымбаттыгы, техниканын жетишсиздиги, жакшы үрөөндөрдүн жоктугу, кредит пайызынын жогорулугу жана сугат суусундагы проблемалар түйшөлтүп келет.

Ысык-Ата районундагы “Нурбер” кооперативинин карамагында 49 гектар жер бар. Алар негизинен буудай, арпа жана беде эгишти.
Майда дыйкандар жерлерин иштете албай ижарага берип, өздөрү башка жумуштарда эмгектенишүүдө, дейт кооператив башчысы Нуржан Рыспаева:

"Карапайым дыйкандар өздөрүнүн бир гектар жерин дагы айдай албай жатышат, - деди ал "Азаттыкка". - Колунда бар фермерлер майда дыйкандардын жерлерин ижарага алып иштете башташты. Өкмөт тараптан жөнөкөй дыйкандарга колдоо болсо жакшы болмок. Буудай, арпа, беде үрөөндөрүн күзгүгө деп, же кандайдыр бир жеңилдиктер менен берсе, пайдалуу болмок. Бирок андай болбой жатат".

Өткөн жылдын жазында солярканын бир литри 19 сом турчу. Быйыл ал 24 сомго барабар. Ал эми тракторду жалдоонун акысы, минералдык жер семирткичтердин наркы жана сугат сууга баа дээрлик эки эсеге өстү. “Он беш жылдан бери биз айдабаган өсүмдүк калган жок. Эмне кылбайлы - киреше аз болуп жатат”, - дешет дыйкандар:

Сулайман Исаков: "Азыр буудайдын баасы кымбаттады. Эгели десек, тукумдук буудай жок. Сатып алалы десек, акча жок. Жер айдайлы десек, солярка кымбат. Эмне кылаарыбызды да билбей калдык. Ошондуктан жер айдалбай, бош калып жатат. Сугат суу маселеси дагы кыйынчылыкты жаратууда. 100 литр суу үчүн суткасына 600 сом төлөш керек. Үч гектар жерди беш күн сугарсаң, өкмөткө 3000 сом беришиң керек. Күзүндө салыкка, Соцфондго, сууга жана башка чыгымдарга акчаңды бересиң. Акыры өзүң бир кесим нан жана чай менен жашайсың".

Нарис: "Өзүңдүн техникаң болбогондон кийин, чынында эле, кыйын болот. Бир гектар жерди айдап себүүгө 55 литр күйүүчү май керектелет. Тракторго жалпысынан 1,5 миң сомдой акча кетет. Эч кандай кирешеси жок дыйкандар бул акчаны кайдан алат? Айыл өкмөттөн жардам күтпөй калганбыз. Солярканы азыр берип, акчасын күзүндө кайтарасыңар деп жардам көрсөтсө деген тилегим бар".

Өткөн жылы жазгы-талаа жумуштарына республикалык бюджеттен 350 млн. сом бөлүнгөн. Быйыл болсо айыл-чарба техникаларын сатып алууга 75 млн.сом, тукумдук үрөөндөрдү алууга 21млн.сом каралган. Ошондой эле казынадан “Айыл Банк” акционердик коомуна дыйкандарга насыя берүү үчүн 150млн.сом которулгандыгын билдирип, бул каражат жазгы айдап себүү иштерине жумшалаарын белгилешкен. Бирок дыйкандар ошол каражат кайда жумшалганын билбейбиз деп, колдоо жоктугун, кредит маселеси да кыйындап кеткенин айтышты.

"Биздеги “Финка”, “Компаньон” сыяктуу кредиттик уюмдар 37% жылдык үстөк баа менен насыя беришүүдө. “Айыл Банк” болсо кезекке тургула деп, бизди кийинки айга калтырып койду. Өткөндө сыналгыдан 12% менен бирип жатабыз деп жарыя кылып жатышкан. Бирок алар кредитти мурдагыдай эле 22% менен таркатып жатышканын эмнеге айтышпайт? Алганда, бекер акча бергенсип, сүйүнөбүз, анан бергенге келгенде аябай кыйналып жатабыз", - дейт дыйкан айым Элиза.

Адистердин баамында айыл-чарбасын көтөрүү үчүн тракторлорду чыгарып, оңдоочу завод менен катар минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу ишкана керек. Бул – айыл-чарбасындагы эки негизги маселе. Антпесе дыйкан-фермерлер кетмен-күрөк менен эч качан алдыга чыга алышпайт.

XS
SM
MD
LG