Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:24

Акматов: Кызыл тууну көккө алмаштырып койсо болот


Жазуучу, легендарлуу парламенттин депутаты Казат Акматов мамлекеттик туу менен гимнди өзгөртүү маселеси боюнча ой бөлүштү.

“Азаттык”: Жакында эле парламентте мамлекеттин туусу менен гимндин текстин өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, ушул тапта бул боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Зарылчылык бар беле ушуга?

Казат Акматов: Эми бардыгы доорго жараша болот экен. Бир кезде, 1990-жылы ошол мезгилге жараша Жогорку Кеңеш шайланган. Анан ал шайланганда парламенттеги депутаттардын 70 пайызы коммунисттер болчу. Анан биз жаңы эле декларация чыгып, эгемендикке жеткенден кийин мамлекеттик символдорду кабыл алуу керек болду. Ошондо мамлекеттик символдорду даярдоо боюнча комиссия түзүлүп, төрагасы кылып мени шайлап коюшту. Мен анда компартиядан чыгып кеткен адам болчумун. Ошондуктан коммунисттердин мага болгон мамилеси, коммунист депутаттардын коммунист эмес депутаттарга карата мамилеси тескери, курчураак болчу.

Анан биз тандап алып чыккан символдорду колго салганда биздики өтпөй, коммунисттер өздөрү даярдап келген кызыл желек өтүп кеткен. А болбосо биздин комиссияга миңдеген желектер түшкөн, конкурска бүт республика катышкан. Миңдеген желектер түшкөн, миңдеген гимндин тексти келген, музыкадан жүздөй түшкөн, гербден беш жүздөй түшкөн. Ошолордун баарын биз иргеп отуруп колго салганбыз. Ошондо коммунисттер биз сунуштаганды эмес, анда биз “кызыл” деп койчубуз, “кызыл көз караш” менен карап туруп кызыл желекти кабыл алышкан.

"Азаттык": Гимндин тексти боюнча кандай ойдосуз?

Казат Акматов: Гимндин текстин да абдан катуу элегенбиз. Анан Жалил Садыков менен Жумгалдагы мугалимдин тексти өткөн.

Азыр болсо доор башка болуп калды. Азыркы жаштардын, парламенттеги жаш депутаттардын эстетикалык табити, талабы башка болуп калды. Ошол 90-жылдардагыдай эмес. Андан бери 20 жыл өттү, элдин көз карашы өстү. Ошондуктан булар башканы талап кылып атышат. “Кызыл желекке келгенде, кызыл желек кандын түсүн билдирет. Жанагы агрессия жасаган мамлекеттер кызыл желек кармап согушка кирип турган. Советтер союзунун түсү кызыл болчу. Ошол СССР желегиндеги үч түстүн кызылын алып алдык. Эмне үчүн андай? Биз агрессор эмеспиз да, биз бирөөгө согуш ачып аткан жерибиз жок. Мисалы, Манастын өргөсүндө тынчтык күндөрү көк асаба илинип турчу экен. Согушка аттанарда кызыл туу менен чыгышчу экен. Бул "мен сенин каныңды төгөм деген мааниде” деген ойлор айтылып атат да.

Мына ушундай деп анан Карганбек Самаков баштаган жаш депутаттар демилге көтөрүшкөн экен. Менин оюмча, желекти өзгөртө турган болсо, азыр анчалык дуулдатып элдин баарын козгоп, конкурс жарыялбай эле коюш керек. Азыркы кызыл желектин беш автору менен эле иштешиш керек. Ошол беш автордун колунда эң биринчи 1990-жылы жасалган көк асабанын үч варианты бар. Абдан сонун желектер. Биз ошолорду колго салсак өтпөй калган да учурунда. Эми ошону булар карап көрүшсө болот. Эгер макул табышса, кызыл желектин авторлорун өзгөртпөй эле көк желекке алмаштырып койсо болот.

Гимнде болсо эки сөз талашка түшүп атат. Болгону ушул. Ага Кулуев макул болуптур, “эки сөзүн мен оңдоп берем” деп, ал эми Жалил Садыков өтүп кетти.

Герб боюнча анча талаш деле жок. Бирок гербдин өзү да учурунда примитивдүү жасалып калган. Ошол кезде бирөө чыгып алып “тоосу кана?” дейт, бирөөсү “көлү кана?” дейт, бирөөсү чыгып “пахтасы кана?” деп, дагы бирөөсү “буудай кана?” дейт, башкасы чыгып “бүркүтү кана?” дейт, айтор ушинтип отуруп герб жакшы болбой калган да. Ошентип отуруп герб символикалуу эмес, жөнөкөй эле сүрөттөрдүн жыйындысы болуп калган. Андыктан мен гербди өзгөртүшкө да макулмун. Бирок жаңыртардан мурда жасатып көрүш керек. Чыгабы же чыкпайбы мыкты символдор? Жаңы герб, жаңы гимн, желек чыкпайт оңоюу менен. Бул өтө татаал нерсе экен. Биз оңой эле ойлочубуз. “Конкурс жарыялап жиберсек эле баары шакылдап келе баштайт. Анан ошонун бирөөсүн тандап, анан эле чыгара коёбуз” десек, андай болбойт экен.

Ошондуктан гимндин тексти менен желекти алмаштыруу иштери жана мен айткандай жеңил жол менен кетиш керек. Ошол эле авторлорун калтырып, алмаштырса болот, элдин баарын убара кылбай.

XS
SM
MD
LG