Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:07

2010-жылдагы июнь коогалаңы жана азыркы жагдай тууралуу акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” айтып берди.

“Азаттык”: Июнь коогасынан бери бир канча ай өттү. Ошондон бери иликтөө-тергөө иштери жүрүп келатат. Ошол иштерге, коогалаңдын кесепеттери кандай чечилип атканына Акыйкатчы институту көз салып атабы?

Турсунбек Акун: Иликтөө иштери кандайдыр бир деңгээлде начарбы, жакшыбы жүрүп атат. Башкы прокуратура, башка иликтөө органдары колдон келген эле аракеттерин кылып атат өңдүү. Биз ага көз салып турабыз, тартип коргоо органдарына, Башкы прокуратурага чыгып, кат жазып дегендей. Анткени июнь окуялары боюнча акыйкатчы тарабынан көз каранды эмес комиссия түзүлгөн. Биз өзүбүз буга көз салууга кызыкдарбыз. Биздин комиссиянын жыйынтыгы боюнча дагы тергөө органдары көптөгөн иштерди козгоп, иликтеш керек.

Эң негизгиси, эң күнөөлүү деп айыпталып аткан 4-5 азаматыбыз, алардан башка качып кеткен өзбек тектүүлөрдүн көрүнүктүү өкүлдөрү да бар. Мына ошолордун Кыргызстанда болбой атканы Башкы прокуратуранын, УКМКнын иликтөө иштерине тоскоол болуп атат. Анткени алар өлкөнүн чегинен чыгып кетишкен. Азыр башка өлкөлөрдө баш паанек алып жашап жүрүшөт. Ушул жагдай татаалдантып атат.

Аларды качырып ийген ошол эле күч түзүмдөрүнүн жагы да жаман болуп атат. Кээ бир таасирдүү саясий күчтөрдүн кийлигишүүсүнүн негизинде кээ бирин бошотуп ийишкен да. Маселен, кыргыз-өзбек маданий борборунун жетекчиси болуп турган Жалалиддин Салахиддиновду адегенде кармайт, анан кийин гана бошотуп ийип атпайбы. Ушундай нерселер маселенин чеилишине тоскоол болуп атат да.

“Азаттык”: Акыйкатчы институту коогалаңга байланыштуу өзүнүн отчетун жарыялаган эле. Анда сиздер коогалаңдын келип чыгышы, кесепеттери тууралуу да айттыңыздар эле. Анын кесепеттери кандай жоюлуп атат?

Акун: Эми коогалаңдын кесепеттеринин баары жоюлуш үчүн убакыт керек, көп жылдар керек. Бирок ошондой болсо да июнь окуясынан бери бир топ жакшы жылыштар болду. Мына канчалаган үйлөр, турак-жайлар, имараттар талкаланды эле. Ошонун баары мамлекет тарабынан калыбына келтирилип, жүздөгөн адамдар жаңы үйлөргө кирип, качып кеткендерден башка күнөөлүү делип аткандар кармалып, иш козголуп, иштери сотко өтүп, ушинтип жылыштар болуп атат. Бирок ушулардын баары ачык болбой, маалымат элге толук жетпей атат.

Канчалаган адамдар өлүп кетти, кыйласынын сөөгү табылбай атты эле, мына азыр кээ биринин сөөгү табылып атат четинен, каза болуп кеткендердин жакындарына жардам берилип атат. Кыскасы мамлекет колунан келгенин жасап атат.

Былтыр апрель айында, майда, июнда кырдаал курч болуп, кандуу окуялар болуп кетти. Үч ай, төрт ай мамлекетке кыйын болду. Мурдагы бийлик качып кеткенден кийин бийлик ого бетер талкаланды, акчанын баарын ташып кетишти, милиция кызматкерлеринин кыйласы сабалды. Ушундай кезде президент, премьер-министр, өкмөт мүчөсү болуп иштеш өтө оор. Ошондуктан коогалаңдын кесепетин тез эле жоюп жиберүү кыйын.

“Азаттык”: Укуктук жагдайлар кандай болуп атат? Буга чейин бир катар укук коргоочулар укук бузуулар болуп атканын айтып келишти эле, ошол эле тартип коргоо органдары тарабынан.

Акун: Июнь окуясы боюнча сот процесси убагында адвокаттарга болгон кысым жалпы Кыргызстанга эле эмес, дүйнөгө чейин билинди. Мына ушул бизди уятка калтырган иш болду. Анткени көз карандысыз адвокаттар өз пикирин айтат, өздөрү коргоп аткан адамдардын укугун талашат. Бул алардын иши. Анан ошол адвокаттарды коркутуп-үркүтүп, ушул жагынан дүйнөлүк коомчулукка уят болуп калдык. Укуктук талаада бул чоң укук бузуу деп эсептелинет. Адвокаттар көз карандысыз болушу керек, аларга тыш тараптан кысым көрсөтүүгө жол берилбеши керек. Бул мыйзамга сыйбаган нерсе.

Андан тышкары тергөө маселеси ойдогудай жүрбөй атат. Маселен “Санпа” окуясы боюнча кылмыш иши сотко өтүп атат, бирок тергөө сапаттуу болбой калган. Мына ошондуктан улам сот процесси жылышып, улам которулуп атат. Тергөөнүн сапаттуу жүрбөгөнү да бизде укуктук талаада жетишпестиктер бар экенин көрсөтүп турат.

Өзбек тектүүлөргө да кээ бир жерде көбүрөөк кысым көрсөтүлүп калып атат. Өкмөттүк уюмдар да ушундай кемчиликтерди көрсөтүү аркылуу мамлекетке көп жагынан жардам берип атышат. Бул биздин коом да. Коомдо ар кандай көз караштар бар. Ошонун баарына чыдамдуулук менен мамиле кабыл алыш керек.

“Азаттык”: Ош, Жалал-Абадда этностор аралык жагдай кандай болуп калды?

Акун: Этностор аралык абал жакшы жагына баратат. Бирок толук турукташып калды дегенге болбойт. Анткени азыр турукташа баштады. Мисалы, жаракат алган дене дароо эле айыкпайт да. Жара болот, карттанат, анан ириңден арылат. Мына азыр ушундай процесстен өтүп атабыз. Бул дагы көп жылдарды талап кылат. Ошондуктан ар бир кыргыз жараны, маалымат каражаттары, өкмөт, өкмөттүк эмес уюмдар туруктуулукту алып келүүгө аракет кылышыбыз керек.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG