Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Азербайжанда дагы бир жарандык активист 10 жылга кесилди


Байрам Маммадовдун атасы Фарман Маммадов.
Байрам Маммадовдун атасы Фарман Маммадов.

Сот Байрам Маммадовду маңзат сатууга күнөөлүү деп тапты. 21 жаштагы жарандык активист өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, кыйноо жолу менен анын баарын моюнга алууга мажбур болгонун билдирди. Анын адвокаты сот өкүмүн "саясий буйрук" катары баалады.

Октябрда Баку соту Маммадовдун досу, 21 жаштагы Гияс Ибрагимовду да "маңзат аткезчилиги менен мыйзамсыз алектенген" деген айыптын негизинде 10 жылга эркинен ажыраткан болчу. Экөө тең оппозициялык НИДА демократ жаштар тобунун активисттери, быйыл 9-майда Бакуда мурдагы президент Гейдар Алиевдин айкелине “Кулдарга бактылуу күн” деп жазып жатканда кармалган. Азербайжанда 10-майда Гейдар Алиевдин туулган күнү белгиленет. “Эл аралык амнистия” уюму эки активистти бошотууга жана кыйноо боюнча даттанууларын иликтөөгө азери бийлигин чакырды.

XS
SM
MD
LG