Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

Кыргыз алфавитинен сегиз тамганы (е, ё, ю, я, ц, щ, ь, ъ) алып салууну жана кошумча Ғғ, Ққ, Әә (æ) тамгаларын кошуу сунушталды. Бул сунуш окумуштуулардын кайчы пикирин жаратууда.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов жыйындын башында эмне үчүн кыргыз тамгаларын жаңылоо зарылдыгы келип чыкканын мындайча түшүндүрүүдө:

- Эгемендик алганыбыздан бери коомчулукта бул тема кызуу талкуу жаратып келет. Бул маселе боюнча Улуттук тил комиссиясына жарандардан көптөгөн кайрылуулар болгону, кез-кезде ЖМКларда да айтылып жатканы кыргыз алфавитин реформалоо зарылдыгы бышып жетилгенинен кабар берет. Андыктан бул маселе президенттин алдындагы Тарых жана маданият жыйынынын отурумунда да козголуп, олуттуу сөз болду.

Эрматов президент Алмазбек Атамбаев бул теманы бир жаңсыл кылып чечүүнү Улуттук тил комиссиясына тапшырганын, андыктан аталган мекеме окумуштуулардын ортосуна төмөнкү сунушу менен келгенин айтты:

Эгемберди Эрматов

Эгемберди Эрматов

- Биз алфавиттеги сегиз тамганы алып таштоону туура көрдүк. Алар йоддошкон төрт тамга, ажыратуу жана ичкертүү белгилери. Ошондой эле “к”, “г” тамгаларынын жумшартылганын жана “а” тыбышынын жумшартылганын киргизүү керек экенин айтып жатабыз.

Мындай сунуш окмуштуу тилчилер ортосунда кызыл чеке талаш жаратты. Окмуштуулардын бир тарабы азыркы алфавит эне тилдин үндөштүк өзгөчөлүгүн эске албай кабыл алынганын айтып, аны тез арада реформалоо зарылдыгын белгилесе, экинчи тарабы ага каршы чыгып, айрымдары өздөрүнүн сунуштарын айтып, алфавиттен “ф” тамгасын да алып салып, февралды "бейбарал" деп айтышыбыз керек деп чыгышты.

Филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев кыргыз алфавитин жаңылоо демилгесин эмнеге колдой турганын мындайча түшүндүрдү:

- Бул маселе 1940-жылдардан бери кайра-кайра айтылып келаткан маселе. Демек бул көрүнүш алфавитибизде чоң көйгөй бар деген ойду тастыктайт. Кандай проблема бар экенин тилчилер жакшы билет. Азыркы алфавит кабыл алынып жаткан учурда көбүнчө илимий негиздемелерге, илимий жагдайларга таянбай саясий максатта кабыл алынып калган. Муну мен эмес, ошол кезде кыргыз алфавитин түзгөн Константин Кузьмич Юдахин, Батманов Игорь Алексеевич айткан.

Сыртбай Мусаев кыргыз тилинин жазуу эрежелериндеги “орус тилиндеги сөздөр кандай жазылса, кыргыз тилинде да ошондой жазылат” деген эрежеге каршы экенин, сунуштардын ичинен йоддошкон тамгаларды жана “ц”, “щ” сыяктуу тамгаларды алфавиттен алып салууга макул экенин айтты.

Азыркы алфавит кабыл алынып жаткан учурда көбүнчө илимий негиздемелерге, илимий жагдайларга таянбай саясий максатта кабыл алынып калган. Муну ошол кезде кыргыз алфавитин түзгөн Константин Кузьмич Юдахин, Батманов Игорь Алексеевич айткан.

Алфавитти жаңылоого каршы чыккандар тамгаларды өзгөртүүдөн мамлекет эч нерсе утпай турганын, бул чоң чыгымдарды алып келерин, мындай аракет улуттун буга чейин кириллица алфавитинде жазылган тарыхый жана маданий байлыктарынан кол жуудурарын жүйө келтиришти. Тил илиминин кандидаты Жээнкул Жумалиев:

- Йоддошкон тамгаларды алып салабыз деп жатасыңар. Менимче, ал кыргыз сөздөрүн жазууда анчалык деле маселе жаратпайт. Бирок орус сөздөрүн жазганда кантебиз. Мисалы, “Кюсю” деген төрт тамга менен жазылган сөздү йоддошкон тамгасы жок жазганга болбой калат го... Болбосо “люкту” “лйук” деп же лук деп жазабызбы? Жумшартуу белгисин алып салсак деле болот. Бирок “Бальзак, Паскаль, Гоголь” деген сөздөрдү ичкертүү белгилерди алып салып айтып көргүлөчү?

Жумалиев муну менен кошо жумшак “а” тыбышы республиканын айрым региондорунда, өзгөчө ичкилик диалектисинде гана колдонуларын, жалпы кыргыз тили үчүн маанилүү эместигин белгиледи.

24-мартта бул боюнча Улуттук илимдер академиясында жыйын да өтүп, ага президенттик жана өкмөттүк аппараттын өкүлдөрү да катышып, жыйынтыгында бул демилге коомчулуктун талкуусуна коюлуп, анан гана жыйынтык чыгарылары айтылды. Алфавитти реформалоо боюнча талкуу эми республикалык деңгээлде жүргүзүлөт.

Кыргыз жазмалары башында рун, андан кийин араб, ХХ кылымдын башында латын, 1940-жылдан кириллица алфавитине которулган.

Кыргыз алфавитин реформалоо маселеси "Азаттык" үналгысынын студиясында да талкууланган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG