Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:54

ИНТЕРНЕТТИН КОЛУ УЗАРАТ


Башкы кеңсеси АКШнын Калифорния штатында жайгашкан Интернет даректерди көзөмөлдөө боюнча эл аралык бейөкмөт уюм 26-июнда Парижде интернет тарыхында олуттуу бурулуш деп эсептелген чечим үчүн добуш берди. Тагыраак айтканда, 2009-жылдан баштап интернет даректи каттоодо латын алфавитин гана эмес, кирилл, же араб тамгаларын, ошондой эле кытай иероглифтерин дагы колдонуу мүмкүн болот.

Бүгүнкү күнгө чейин интернет даректердин аталышы катуу көзөмөлгө алынып келген болчу. Ар бир өлкө үчүн интернеттеги даректи каттоодон өткөрүүдө чекиттен кийин эки тамганы гана колдонууга уруксат берилип келген. Мисалы, Кыргызстанга kg, Орусия үчүн ru, Казакстанга kz. Мындан сырткары кайсы бир тармак үчүн үч тамгадан турган домен бөлүнгөн. Мисалы, коммерциялык уюмдар үчүн - com, АКШдагы өкмөттүк уюмдарга - gov, ал эми билим берүү мекемелери, жогорку окуу жайлары үчүн – edu жана башка.

Мына эми 2009-жылдан баштап, интернеттеги даректи каттоодо акыркы чекиттен кийин керек болсо “сүйүү”, “Бишкек”, “кыргыз” деп жаза аласыз. Мисалы, эгерде мен интернет домен алгым келсе, мурдагыдай www.azattykplus.kg эмес, www.azattykplus.zeinep деп каттоодон өтө алам.

Интернет чөйрөдөгү мындай жаңы кадамдар анын өнүгүүсүнө олуттуу таасирин тийгизип, интернетти жаңыдан үйрөнө баштагандардын кызыгуусун жаратары шексиз. Себеби кайсы бир компания, уюмдар, же жөнөкөй эле кардарлар интернет доменди өзү каалагандай колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмокчу. Башкача айтканда, ар бир адам интернет түйүнүндө өзүнүн байрагын орното алат. Мындан ары сиз тандаган ысымга уруксат берилбей койот, же андай дарек мурда эле катталып калган деп кооптонбой эле койсоңуз болот.

Бирок бир тоскоолдук гана өз мүшкүлүн таңуулашы мүмкүн. Бул - сиздин каржылык мүмкүнчүлүгүңүз. Интернетте өзүңүз тандаган домендик атты каттоодон өткөрүү үчүн сиз 150 миңден 500 миң долларга чейин акча төлөшүңүз керек болот.

Мына ушуга карабастан дагы бир кабар интернет колдонуучуларды кубандырары шексиз. 26-июнда Парижде өткөн жыйында Интернет даректерди көзөмөлдөө боюнча эл аралык бейөкмөт уюм даректерди каттоодо кирилл, араб тамгаларын, кытай иероглиф жана башка латын эмес жазмаларды колдонууга уруксат берди.

Интернет тармагындагы мына ушундай жаңы реформалар тууралуу жеке пикирин билүү максатында “Азаттык” үналгысы эркин журналист, кыргыз гезиттеринин интернет сайттарынын негиздөөчүсү Жаныбек Жанызакка кайрылганда, ал бул кадамдарды колдоого аларын, бирок алдыда дагы бир катар иштер жасалышы керектигин белгиледи:

-Мен Жаныбек Жанызакмын да. Латынча жазылабы, же кирилл тамгалары болобу. Эми буга чейин интернет даректи каттоодо латын арибинен башка тамгаларды колдонууга мүмкүн эмес болчу. Мына эми ушундай мүмкүнчүлүк пайда болгону абдан жакшы. Бирок мен үчүн kg, ru, org, ua, de деген даректер менен издөө абдан оңой. Менимче, эгерде ар ким өз жазмасын колдонуп, интернет даректи каттатса, анда алар өз боз үйүндө эле отуруп калуу коркунучу дагы бар. Бирок орток тил катары англис тили кала берсе жакшы болот эле. Мисалы, мына мен азыр басма сөзгө керектүү кытай машинелерин издеп, кытайлык сайтка кирдим. Эгерде алар интернет дарегин англисче жазбаса, мен аларды таппай калат болчум.

Буга чейин интернет даректерди каттоодо кирилл тамгаларын колдонууга уруксат берүү талабы менен бир катар өлкөлөр аталган эл аралык уюмга расмий кайрылган эле. Интернет соңку кездерде англис тилин билбеген кардарлар арасында өтө тездик менен жайыла баштаганы маалым.

Интернет чөйрөсүндөгү мына ушундай реформаларды баштоо үчүн азыртадан эле 10 миллион доллар сарпталганы кабарланууда.
XS
SM
MD
LG