Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:32

Жазма көйгөйү жана заманбап паспорт реформасы


"Мурас" фондунун энбелгисинде "мурас" сөзү руна сымал, арап, латын жана кирил ариптери менен жазылган. 24.10.2013.

"Мурас" фондунун энбелгисинде "мурас" сөзү руна сымал, арап, латын жана кирил ариптери менен жазылган. 24.10.2013.

Жакында интернеттеги кыргыз тилиндеги коомдук тармактарда Кыргызстанда берилчү туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн мукабасындагы ката тууралуу талкуу жүрдү. Бул талкуу кайрадан эле алфавитти реформалоо көйгөйлөрүнө такалды. Эмне үчүн?

Талаштын башаты – көшөкөрлүк доорундагы чар-жайыттыкта

Фейсбук сыяктуу социалдык тармактарда Кыргызстанда төрөлгөндөргө учурда берилчү кыргыз тилинде жазылган күбөлүктөгү “тууралуу” сөзүнүн акыркы муунунда бир гана “у” жазылып калгандыгы кыйла талаш-тартышты жаратты.

Кыргызстандагы "Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн" мукабасы. 2015.

Кыргызстандагы "Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн" мукабасы. 2015.

Айтмакчы, жогоруда эскерилген “тууралуу” сөзүнө карата 1980-жылдардын этегинде – 1990-жылдардын ортосунда кыргызстандык басма редакторлорунун арасында кайчы пикир орун алып келген.

Мурда “Кыргызстан” басмасында китептерим чыккан автор катары баштан өткөргөнүмдү айта кетейин. Ушул эле басманын бир адабий редактору “тууралуу” деп акыркы муунду созулма “уу” менен жазууну колдосо, экинчи бир анын кесиптеши көшөрүп кол жазмамдагы бул сөздү “тууралу” деп оңдоп чыкканы эсимде.

Башка чоң саясий нерселерден утуп, айрым идеяларды цензуралык тийишүүлөрдөн аман алып өтүп жаткан калемгер үчүн, чынын айтсам, “тууралуу” сөзүнүн бир тамгасынын тагдыры ошондо кыйла төмөнкү саптарга түшүп, редакторго теңелбей коюуга туура келген. Ошондо “эптеп китебим чыкса экен” деп самап калганым деле чын. Өзүмдүн мектептен бери окуп-үйрөнгөнүмө караганда, “тууралуу” деп жазуу ылайык болчу. Аны “тууралуу эт” менен чаташтырууга эч мүмкүн эмес эле.

Кыргыз калемгерлери басмадагы цензурачыл аткаминерлердин далай өзүм билемдик кысымына учураган. Мурза Гапаров сыяктуу калемгерлер каратегиндик кыргыздардын лексикалык корундагы (ичкиликтик) диалектилик сөздөрдү колдонуу менен чыгарма жазышканда, сыягы, абдан чоң тоскоолдуктарга учурашса керек. Башканы кой, “кыргызча текстке СССРге карата “атажурт” деп жазбагыла, “Родина” деп чоң тамга менен жазгыла” деген талапты койгон кыргыздын залкар акынынын макаласы айран-таң калтырып жаткан кезең да эсте.

Чар-жайыттык азыр да улантылууда

Бүгүнкү чар-жайыттык жалаң гана “тууралуу” сөзүн жазуу менен чектелбейт.

Үчтүн айынын (январдын) 29унда Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин биринчи отуруму болуп, бул жыйын маалында президент А.Атамбаев азыркы тапта Кыргызстанда колдонулуп жаткан кирил жазмасынын өзүн жана орфографиялык эрежелерди реформалоо керектиги тууралуу сунушту колдоого алды.

Менин оюмча, учурда кирил, арап жана латын жазмаларынын ичинен тигил же бул жазманы гана колдонуп чектелелик деген ойдон качып, ушул үч жазмадагы кыргыздын тыбыштарын бирден тамга менен белгилөө боюнча илимпоздордун комиссиясын түзүү абзел. Бул комиссияга үч алфавитте тең окуп-жаза билген чыныгы адистер камтылышы керек. Бул иштин максаты – кыргыз жазма маданияты дүйнө жүзүндө үч башка арипте өнүгүп жаткан кырдаалда бул жазмаларда тыбыштарды чагылдырууну системалаштыруу. Анын дурус натыйжасын бир гана компүтерлик (эсепкердик) иш-аракеттен көрөөр элек: тиешелүү алфавиттеги кыргызча текстти компүтерлик бир гана буйрук аркылуу көз ачып-жумгуча башка алфавиттеги кыргызча текстке өзгөртүүгө жетишмекпиз.

Кирил жазмасын гана билген замандаштарга түшүндүрө кетейин: арап жана латын алфавиттеринде кыргыз тилине гана мүнөздүү тыбыштар мыкты чагылдырылган. Ал эми кирил жазмасында болсо эне тилибизге тиешеси жок тамгалар (Ц, Щ, Ь, Ъ, Я, Ю, Ё) зордоп киргизилип, айрым кыргызча тыбыштарга (каткалаң Қ жана Ғ) атайын тамга каралбай калган.

Ал эми кыргыздын реформаланган арапча жазмасында 30 тыбыш үчүн бардык тамгалар бар, алардын арасында Қ үчүн каф тамгасы, Ғ үчүн (г) айн тамгасы колдонулат. Эгерде компүтер аркылуу азыркы кирил жазмасындагы текстти алеки-заматта кыргыздын арапча арибине которолук десек, анда компүтер таттуу затты билдирген “қант” сөзү менен философ Канттын ысымындагы, “қомуз” сөзү менен “коммунизм” сөзүндөгү алгачкы тыбыштарды айырмалай албай калат. Латын жазмасында болсо каткалаң Қ, Ғ тыбыштары жана Ң тыбышы үчүн Q, Ğ, Ň тыбыштарын колдонсок эле жетиштүү. Бир катар тыбыштарды түркиялык боордоштордой же немистердикиндей тамгалар менен чагылдырсак болот; мисалы, аларда Ө үчүн Ö тамгасы жана Ү үчүн Ü тамгасы бар.

Кытайдагы кыргыздар арап жазмасын ийгиликтүү колдонуп келишет (ал жакта байма-бай чыгып жаткан адабият менен таанышкан ар бир киши бул жазма деле кыргыз элине мыкты кызмат кылып жатканын айта алат). Бирок мен Кыргызстанда да арап жазмасы кайра киргизилсин дегенден алысмын.

Тек гана айтаарым, эгемен Кыргызстан бүткүл дүйнө жүзүндөгү кирил, арап, латын жазмасындагы кыргыз жазма адабияты үчүн тыбыштардын арип аркылуу чагылдырылышынын орток системасын иштеп чыгып, расмий сунуштай ала турган жападан-жалгыз эгемен мамлекет экендигин дал ушул “Тарых жана маданият жылы” аңдашыбыз керек.

Дал ушул жылы эч бир жазманы дүйнөгө чачыраган эч бир кыргыз журтчулугуна таңуулабастан жана статус-квону ар бир тарыхый-маданий мейкиндик үчүн сактоо менен бирге, кыргызча кирил жазмасын үндөшүү эрежесине байланган кыргыз тилинин табиятына ылайык реформалап алганыбыз жөн. Бул маселени жөнөкөйлөтүп айтканда, кыргыздын ар бир үндүү жана үнсүз тыбышын Кыргызстандагы илимпоз адистерден куралган мамлекеттик комиссия кирил, арап жана латын тамгаларында бирдей чагылдыруу тууралуу чечимге келүүсү керек.

Реформа – кыргыз тилине жана жазмасына гана таандык

Албетте, биз кыргыз тилиндеги ариптерди гана тартипке салып жатабыз. Орус, украин, болгар жана башка славянча тексттерде Ц, Щ, Ь, Ъ, Я, Ю, Ё ж.у.с. кирил тамгалары өз эрежесине жана ыраатына ылайык алардын тилинде колдонула бермекчи.

Бул өтө жөнөкөй нерсени кошумча жазып койбосом, анда “расмий Кремл бизге кантип карайт?” деген суроону жүрөгү түпөйүлдөнө узатчу түркөйлөр чыгышы деле ыктымал. Казак, өзбек, татар туугандар өздөрүнүн тыбыштарын кирил жазмасында туура чагылдыруу маселесин тээ 1940-жылдары эле чечип алышкан. Касым Тыныстанов сыяктуу чыгаандарыбыз атылып кеткенден кийинки жана бир катар залкарларыбыз камакта болгон чактагы кыйчалыш заманда биздин ошол кездеги аткаминерлерибиз саал чабалыраак болгон шекилдүү.

Дагы бир шилтемени келтирелик:

URL: https://en.wikipedia.org/wiki/Wikipedia:Romanization_of_Russian

Мында орус тилинин заманбап кирил жазмасындагы тыбыштарын латын тамгасында кантип чагылдыруу керектиги өткөн кылымда эле такталып коюлгандыгы айгинеленет.

Паспортто ысымды сабаттуу жазуу көйгөйү быйыл чечилиши ыктымал

Жогоруда баяндаганыбыздай, тыбышты тамга аркылуу үч алфавитте тең сабаттуу чагылдыруу жөнүндө тиешелүү чечим расмий кабыл алынган соң, кыргызстандык атуулдардын ички жана чет элдик паспорту кыргыз тилинде кирил жана латын ариптеринде сабаттуу жазылып калат деп ишенсек болот.

Маселен, Өмүр сөзү ички паспортто кыргыз тилиндеги кирил жазмасындагы атайын сапта Омур болбой калат, Өмүр деп туура жазылат; латынча да Ömür деп жазылат. Деңизбек ысымы болсо Денизбек деп жазылбастан, Деңизбек эле болот, чет элдик паспортто (латын арибинде) Deňizbek деп жазылат. Кыргыздын 30 тыбышы 30 гана тамгага ээ болот. Баш-аламандык артта калат.

Биз жогоруда эскерилген үчтүн айынын 29ундагы отурумда паспортко кыргызча ысымдар орусча жазылып калып жаткан көйгөй жөнүндө айтканыбызда, президент Алмазбек Атамбаев "быйыл биометрикалык маалыматтар камтылган улуттук жаңы паспорт чыгарыла баштайт, ошого карата бул сунушту Өкмөт эске алуусу керек", деген пикирин билдирди жана өзү да “кыргыздын Өмүралиев деген тегаты Умуралиев болуп жазылып калып жатат” деп күлдү.

Демек, азыркы маселе тек гана туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сыртына “тууралуу”, “тууралу”, “жөнүндө” деген сөздөрдүн ичинен туурасын жазуу көйгөйүнөн алда канча кеңири жана олуттуу.

Бирок эч кайдыгерлик кылбастан, ушул маселени интернеттин коомдук тармактарында козгоп, кызуу талкуу уюштурган кыраакы атуулдарыбызга ыраазычылык билдирбей койо албайбыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG