Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

Мамонттун сөөгү деп маалымдалган Ысык-Көлдөн чыккан археологиялык табылганы окумуштуулар Улуттук илимдер академиясына алып келишти. Байыркы жаныбардын сөөгү Илимдер академиясынын Зоологиялык музейине коюлушу керек. Бирок адистер сөөктү калыбына келтирүү ондогон жылдарды талап кыларын ырасташууда.

Илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас бөлүмүнүн жетекчиси Кадича Ташбаева байыркы жаныбардын сөөгүн Бишкекке алып келген топтун башында турган. Ал Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Чолок айылына караштуу аймакта табылган мамонтко окшош жаныбардын сөөгү окумуштуулар барганча көрүүчүлөр тарабынан бир топ зыянга учураганын айтты:

- Тилекке каршы, алар сөөктү ачып, "чоң тиштери бар, мамонт экен" деп элге айтып, кызыккандар барып көрө баштаган. Айрымдар кармалап, ары-бери тартып да көрсө керек. Ошондон улам бир жак тиши талкаланып калыптыр.

Ташбаева мындай өзгөчө табылгалар кыргыз эли гана эмес Орто Азия, атургай континент үчүн илимий жактан баасы зор экенин, бул сөөктү илинчек кылып ошол доордогу өсүмдүктөрдү, жаныбарларды жана жер кыртышын да изилдесе болорун айтат.

Ал азыркыдай шартка туш болгондон кийин акырындап бузула башташы мүмкүн. Сынган жерлерди кайра калыбына келтирүү үчүн күндөп-түндөп иштеш керек. Бир күндө бир кичинекей эле квадрат сантиметри жасалат.

Жаныбардын сөөгү табылганы тууралуу маалымат тарагандан баштап эле бул багытта эмгектенген адистер кылымдар бою жер астында жаткан сөөк күндүн нурунан, шамал же жаан сыяктуу сырткы таасирлерден улам өзүнөн өзү упурап, зыянга учурашы мүмкүн экенин эскертишкен.

Казылып алынгандан баштап аталган табылганы калыбына келтирүүгө киришкен Кыргызстандагы бирден бир адис Айзек Бакиров азыр деле сөөктүн упурап кетүү коркунучу барын билдирди:

- Ал азыркыдай шартка туш болгондон кийин акырындап бузула башташы мүмкүн. Ага жол бербеш үчүн химиялык атайын кошулмалар менен тазалап туруу керек. Аны да өтө кылдаттык менен жасоо зарыл. Сынган жерлерди кайра калыбына келтирүү үчүн күндөп-түндөп иштеш керек. Бир күндө бир кичинекей эле квадрат сантиметри жасалат.

Учурда байыркы жаныбарга тиешелүү сөөк сыртынан кебез менен оролуп, гипстелип Улуттук илимдер академиясында турат. Аны изилдеген адис табылганын көлөмүн айтып жатып баш сөөк узунунан 70-80 сантиметрдей, алдыңкы тиши бир жарым метрдей экенин кошумчалады. Аны Зоологиялык музейге коюуга даярдоого он жыл талап кылынышы мүмкүн, - дейт Бакиров.

- Миңдеген сөөктүн сыныктары бар. Биз анын баарын чогултуп келдик. Анын ар биринин өз ордун таап чогултуу көп убакытты талап кылат. Баш сөөгүнүн, узун тиштеринин ичи кум менен шагылга толуп калыптыр. Аны ошол жерде тазалаганга шарт болгон жок. Ошол кум- шагылы менен көтөргөндө бир тиши эле 50-60, баш сөөгү жүз килограммдан ашты.

Бул табылга өзүнүн сакталып калышы менен, келечекте илимге кошо турган салымы менен баалуу.

Айзек Бакиров мындай жаныбарлар жер бетинде он миңдеген жылдар мурун жашап өткөнүн, андыктан бул мамонт экенине ишенерин билдирди. Окумуштуунун пикиринде, Кыргызстандын аймагында буга чейин деле бир топ байыркы жаныбарлардын сөөгү табылган, бирок бул жолу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан табылган сөөк мурдагыларга караганда көлөмү менен өзгөчө.

Тарых илимдеринин доктору Акылбек Жуманалиев Кыргызстанда 1960-70-жылдары, андан кийин да буга түспөлдөш жаныбарлардын калдыктары табылганын, учурда алардын айрымдары музейде жайгашып турганын, кээ бири ошол учурда илимий изилдөө үчүн Москвага ташылып кеткенин кыстара кетти:

- Табылга Кыргызстандын жалпы тарыхында дагы, илимде дагы чоң окуя болуп эсептелет. Бул табылга өзүнүн сакталып калышы менен, келечекте илимге кошо турган салымы менен баалуу.

Жуманалиев эгерде бул табылганы изилдегенге кызыкдар башка өлкөнүн окумуштууларына да эшик ачык экенин билдирди.

Окумуштуулар Ак-Сууда табылган сөөктү плейстоцен дооруна таандык дешүүдө.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG