Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Кыргыз АССРи - эгемендикке ташталган кадам


"Ала Тоо" аянтында эгемендик майрамы маалында. 31.8.2015.
"Ала Тоо" аянтында эгемендик майрамы маалында. 31.8.2015.

Бүгүн (2016-жылдын бирдин айынын 1инде) Бишкек шаарында Кыргыз АССРинин түзүлгөнүнүн 90 жылдыгы белгиленүүдө.

Түшкө чейин Кыргызстандын бийлигинин жана коомчулугунун өкүлдөрү Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн чыңдоого салым кошкон даңазалуу мамлекеттик ишмерлердин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тарых музейинин чыгышындагы гүлзардуу аянтта жайгашкан айкелдерине гүл коюшат жана Чоң-Таш айылынын түштүк тоо этегиндеги “Ата Бейит” эскерүү комплексине зыярат жасашат.

Саат 14:00тө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Башкы жыйын залында Кыргыз АССРинин түзүлгөнүнүн 90 жылдыгына арналган салтанаттуу тегерек үстөл өткөрүлмөкчү. Тегерек үстөл баарлашуусу маалында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый баскычтарына тиешелүү ар кыл маселелерди изилдеген тарыхчылар, философтор, саясат таануучулар жана коомдук ишмерлер өз баяндамалары менен чыгып сүйлөшмөкчү.

Тегерек үстөлдү Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фонду, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси жана “Диалог-Евразия” коомдук фонду уюштурууда.

XX кылымдагы кыргыз элинин мамлекеттүүлүгү үчүн күрөштүн учугун Кеңеш доорундагы автономиялык жана союздук макамга ээ болуу үчүн күрөштөр улаган. 1922-жылдын 30-декабрында Советтик Социалисттик Республикалар Биримдиги (СССР) түзүлүп, анын аймагында улуттук мамлекеттик бирикмелердин пайда болушуна өбөлгө түзүлгөн. 1922-24-жылдары Кыргызстандын көпчүлүк аймагы Түркстан АССРинин курамында болгон. 1922-жылы кыргыз коомдук ишмерлери Тоолуу облус аталган кыргыз элинин Кеңеш доорундагы алгачкы улуттук автономиясын түзүү далаалатын жасашкандыгы маалым.

РСФСРдин Бүткүл Орусиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин (БАК) 1924-жылдын 14-октябрындагы токтомуна ылайык, Борбордук Азия элдеринин аймагын улуттук мамлекеттерге бөлүү жөнүндө чечим кабыл алган. Бул чечимге ылайык РСФСРдин курамында Кара Кыргыз автоном облусу түзүлгөн. Кара Кыргыз автоном облусунун РСФСРдин курамында болушу тууралуу маселе зор талаш-тартыштарды жараткан. Саясатчы Абдыкерим Сыдыков башында турган топ колдоого алган бул чечим акыры, 1991-жылы, эгемендикке жетишкен Кыргызстан үчүн өзгөчө байсалдуу болгонун кийинчерээк тарых тастыктады.

Кара Кыргыз автоном облусуна мурдагы Түркстан АССРинин Жети-Суу облусунун Бишкек, Нарын, Каракол үйөздөрү дээрлик бүт бойдон, Ош үйөзү, Анжыян үйөзүнүн 10 болуштугу, Наманган үйөзүнүн 10 болуштугу, Фергана облусунун Кокон үйөзүнөн 2 болуштук, Сыр-Дарыя облусунун Олуя-Ата үйөзүнөн 14 болуштук кирген.

Кара Кыргыз автоном облусу түзүлгөн соң Кыргызстанда болшевиктик партиялык жана Кеңеш өкмөтүнүн жетекчи органдары уюштурулуп, 1924-жылы 18-октябрда РКП(б) БКнын Саясий бюросу Кара Кыргыз автоном облусунун Убактылуу партиялык бюросунун, ошондой эле Революциялык комитетинин (ревком) курамын бекиткен.

РКП(б) Кыргыз обкомунун партиялык бюросунун 1-катчылыгына Михаил Каменский, 2-катчысы болуп Жусуп Абдрахманов, облустун Ревкомунун төрагалыгына Иманалы Айдарбеков дайындалган. Облустук ревкомдун алдында түзүлгөн комиссия кийинчерээк Мамлекеттик пландоо комиссиясы аталып, географиялык, чарбалык-экономикалык, каржылык иштерди тейлей баштаган. Облустук ревком оболу Ташкен шаарында жайгашып, 1924-жылдын декабрында гана Пишпекке (азыркы Бишкек) көчүп келген.

Ошондон тартып Бишкек шаары - Кыргызстандын борбору болуп калды. Облустук ревкомдун президиуму Кыргызстанды башкаруу үчүн Жалал-Абат, Каракол-Нарын, Бишкек жана Ош аймактарын (округдарын) түзгөн. Облустук ревкомдун алдында атайын комиссия түзүлүп, ал мамлекеттик жана чарбалык штаттарды тактаган. Жергиликтүү элден чыккан. мамлекеттик жана чарбалык иштерди билген адистердин жетишсиздиги мамлекеттүүлүктүн алгачкы жылдарында өзгөчө кыйынчылыктарды туудурган. 22-декабрда облустук ревком Турдалы Токтобаевди Кара Кыргыз автоном облусунун Москвадагы РСФСРдин БАКындагы өкүлү кылып дайындаган.

1925-жылы 15-январда облустук ревкомдун кенешмесинде Кара Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгү жөнүндө Декларация кабыл алынып, Кыргызстандын кеңеш доорундагы мамлекеттүүлүгү салтанаттуу түрдө жарыяланган. Декларация жарыяланган 16-январь расмий майрам күнү катары белгиленген.

1925-жылы 27-30-мартта Бишкекте автоном облустун уюштуруу курултайы болуп өткөн. Курултайга катышкан делегаттар союздук өкмөткө РСФСРга караштуу Кара Кыргыз Автоном облусун Кыргыз автономиялуу облусу деп кайра атоо сунушу менен кайрылган. Бүткүл Орусиялык БАКтын 1925-жылдын 25-майындагы чечимине ылайык облустун аталышындагы “Кара” сөзү алынып салып, Кыргызстан РСФСРга караштуу Кыргыз Автоном облусу болуп расмий аталып калган.

Кыргызстандын саясий жетекчилигинин өтүнүчүнө ылайык, Бүткүл Орусиялык БАК 1926-жылы 1-февралда РСФСРга караштуу Кыргыз автоном облусунун ордуна РСФСРга караштуу Кыргыз Автоном Советтик Социалисттик Республикасын (Кыргыз АССРин) түзүү тууралуу чечим кылган. 1927-жылы 7-12-мартта өткөн Кыргыз АССР Кеңештеринин Биринчи курултайында Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгү расмий түрдө жарыяланган. Кабыл алынган Декларацияда кыргыз элинин өз тагдырын өзү чечүү укугу тастыкталып, Кыргызстанда жашаган элдердин өз ара ынтымакташтыгынын негизги принциптери жарыяланган.

Курултайда жалпыга бирдей окуу милдетин киргизип, араб алфавитинен латын арибине өтүү жөнүндө маанилүү чечим кабыл алган. 1927-жылы 12-мартта Кыргыз АССРинин БАКынын Президиумуна 17 адам шайланган. Президиумдун төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков шайланган.

Курултайда Кыргызстандын өкмөтү - Эл Комиссарлар Кеңеши (ЭКК) түзүлүп, Жусуп Абдрахманов анын төрагасы болуп дайындалган. Эл Комиссарлар Кеңешине жер, каржы, эл агартуу, эмгек, жумушчу-дыйкан инспекциясы боюнча эл комиссарлары кирген. Автоном жумуриятта мамлекеттик саясий жана статистика башкармалыктары түзүлгөн. Кыргыз АССРинин мамлекеттик бийлигинин жогорку органы – Кеңештердин курултайы эсептелип, Ал автоном жумурияттын Борбордук Аткаруу Комитетин (БАК) шайлап, анын баяндамасын уккан.

БАК Эл Комиссарлар Кеңешинин курамын түзгөн, анын ишинин багытын аныктаган жана эл чарбасын өнүктүрүүнүн планын иштеп чыккан. Кыргызстандын Эл Комиссарлар кеңеши - аткаруучу бийлик катары мамлекеттик жогорку жана жергиликтүү бийликтердин иштерин жөнгө салган. Жер-жерлерде болсо бийликти Кеңештердин кантондук, райондук, болуштук курултайлары жана алардын комитеттери, ошондой эле шаардык, айылдык Кеңештер жүргүзгөн.

1929-жылы 25-30-апрелде Кыргыз АССР Кеңештеринин II курултайында Кыргыз АССРинин Конституциясы кабыл алынган. Конституция автоном жумурияттын жаңы мамлекеттик жана коомдук түзүлүшүн бекиткен. Кыргызстанда жашаган бардык элдердин тең укуктуулугу жарыяланып, алар өз тилинде билим алуу укугуна ээ болушкан. Кыргыз АССРинде мамлекеттик тил катары кыргыз жана орус тилдери эсептелген. Мамлекеттик кызматкерлер бул эки тилди тең билүүгө милдеттүү болуп, натыйжада кыргыз тилинин ролу жогорулап, анын өсүшү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Кыргыз АССРинин Конституциясы мамлекеттик улуттук символдорду - желекти жана гербди бекиткен. Республиканын борбору катары Фрунзе шаары аныкталган.

Кыргыз АССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын жетекчилигинде иш алып барган кыргыздын чыгаан мамлекеттик ишмерлери (алардын арасында Жусуп Абдрахманов, ж.б.) жумуриятты СССРди негиздеген союздук жумурият макамына жеткирүү үчүн ырааттуу күрөш жүргүзүшкөн.

1936-ж. 5-декабрда СССРдин Кеңештеринин 8-курултайында СССРдин экинчи Конституциясы кабыл алынган. Өзү 1924-жылы автономдук укукта түзүлгөндөн бери РСФСРга караштуу болуп келген Кыргызстан, бул башмыйзамга ылайык, 1936-жылдын бештин айынын (декабрынын) 5инен тартып Кыргыз ССРи болуп калган. Жумурияттын макамы СССРдин курамына кирген жана бул биримдиктен өз эрки менен чыгууга акылуу болгон башка союздук жумурияттардын макамына теңелген.

СССРдин Башмыйзамында көрсөтүлгөн укугуна таянуу менен, Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялаган.

Ошентип, үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы жана Кыргызстандын мамлекеттик көз каранды эместикке жетишинин 25 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында орчун орунга ээ болгон бул мааракелик окуяларга байланыштуу ар тараптуу маданий, илимий жана башка коомдук иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык 2016-жыл үчүн жарыяланган “Тарых жана маданият жылы” иш-чараларынын алкагында өткөрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG