Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:03

Илья Лукашов: Эркиндигибизди баалай билели


Илья Лукашов
Илья Лукашов

Апрелдин соңунда Прагада “Транзишнз Онлайн” уюму борбор азиялык белгилүү блоггерлер үчүн семинар өткөрдү. Анда жарандык журналистика канчалык деңгээлде коомдогу социалдык көйгөйлөрдү чагылдырууга жардам боло алаары тууралуу айтылды. Семинарга Кыргызстандан блоггер, журналист Илья Лукашов да катышкан.

Илья Лукашов: Интернеттеги социалдык түйүндөр ортосунда чоң айырма бар. Маселен, адамдар эң көп кирген “Одноклассники.ру” менен “Мой-Мир” түйүндөрдүндө эч кандай социалдык жарандык активдүүлүк жөнүндө сөз кылуунун кажети жок.

Ал жердегилер жөн гана бирге убакыт өткөрүүнү каалаган достор десек болот: “Бүгүн кечинде каякка барабыз?”, “Ай, сенин сүрөтүң укмуш экен!” деп эле бири-биринин сүрөтүн баалап отурган “бекерчилер” киришет.

Бирок экинчи типтеги социалдык түйүндөрдө ушул өңдүү жалпы темалардан сырткары, социалдык проблемаларды талкууласа болот. Маселен, “Фэйсбук” менен “Твиттер”. Башында твиттер деле “мен тамак жегени кеттим”, “китеп окуп отурам” деген өңдүү заматта таркатылчу маалымат үчүн ойнолунган эле.

Бирок Кыргызстанда жана бир топ башка өлкөлөрдө ал коомдогу маанайды чагылдырган күчтүү социалдык куралга айланып кетти.

Кыргызстанда блог коомдук-саясий ишмердүүлүктүн куралына айланып баратат
Маселен, Кыргызстандан сырткары Борбор Азиянын кайсыл өлкөсүндө твиттердегидей саясий жаңжал чыгышы мүмкүн эле?

Жакында Жогорку Кеңештин бир депутаты ал жерге: “Мас абалымда машине айдап баратсам, МАИ кызматкери токтотуп калды. Машинеге документим жок эле, айдоочунун күбөлүгүн да үйдө калтырып коюптурмун. Депутаттык күбөлүгүмдү көрсөтсөм, коюп жиберишти – хе-хе!” деп жазып коюптур.

Анан эмне болду деп ойлойсуз? Интернетте ага кыжыры кайнаган элдин баары жооп жаза баштады. Анткени окуя жарандык жоопкерчилик жөнүндө толгон-токой суроолорду жаратып жатпайбы!

Дагы бир сайтта форум түзүлдү. Акыр аягында баягы депутат твиттердеги атын өчүрүп, “Менин эккаунтумду бирөөлөр бузуп киришиптир” деп актанып тынды. Ушул окуя канчалык деңгээлде Кыргызстандагы үч миңдей эле интернет колдонуучу жалпы коомдогу абалды өзгөртүүгө таасир эте алаарын көрсөткөндөй болду.

Төрөкул Дооров: Илья, сиз өзүңүз “Атуулдар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунда жарандык журналистиканы өнүктүрүү боюнча долбоорду жетектейсиз. Блогду ишиңизде кандай колдоносуз?

Илья Лукашов: Өлкөнүн региондорунда блоггерлерибиз бар. Алар өздөрүндө адам укуктары бузулган фактылар, окуялар жөнүндө бизге жазышат. Мен Бишкекте юрист менен бирге аптасына экиден түшкөн 12 кабардын кайсынысы юридикалык жактан текшерүүгө муктаж экенин карайбыз. Кийин жергиликтүү, борбордук бийликтерге ошол проблемалардын чечилишин талап кылган кат менен кайрылабыз. Иштин ушундай форматы канчалык натыйжалуу экенин көрүп, өзүм да таң калдым.

Биздин жөнөкөй эле, айталы, Баткендеги же Таластагы блогдорубуздун негизинде эки өкмөттүк комиссия түзүлдү. Эки мамлекеттик кызматкердин ишине “сөгүш” жарыяланды. Жөнөкөй тил менен айтканда, башка коңшулаш мамлекеттегилерден айырмаланып, Кыргызстанда блог чынында эле коомдук-саясий ишмердүүлүктүн бир куралына айланып баратат.

Төрөкул Дооров: Коңшулаш мамлекеттер тууралуу айтып калдыңыз. Өткөн аптада Прагада болгон семинарда сиздер менен кошо Өзбекстандан, Түркмөнстандан, башкача айтканда, жарандык эркиндик жок деп эсептелген өлкөлөрдөн да катышуучулар болуптур. Алардагы блоггерлердин ишмердүүлүгү тууралуу сизде кандай таасир калды?

Илья Лукашов: Эч нерсени чагылдырууга мүмкүн болбогон өлкөлөрдөн да катышуучулар келишти. Ошондуктан алар өздөрүнүн ысымдарын атабоону өтүнүштү.

Бирок мен бир адамдын атын ачык эле терең урмат менен айта алам деп ойлойм. Бул – түркмөнстандык белгилүү укук коргоочу Фарид Тухбатуллиндин уулу Руслан.

Алар YouTube сайтында чоң иштерди жасап жатышканын көрүп, канчалык кысымга карабай иштеп жатышканына таң калдым. Мен кубаттуу авторитардык өлкөлөрдө да эркиндик үчүн күрөшкөн ушундай адамдар бар экенине сүйүнүп жаттым. Аларды карап отуруп, биз өзүбүздөгү эркиндикти канчалык баалашыбыз зарыл экенин, артка кайтууга жол бербешибиз керек экенин түшүнөсүң.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG