Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

Кыргызстанда былтыр күздөн бери малдын баасы кескин кымбаттап кетти. Мунун себебин эттин тартыштыгы, сыртка экспорттун көлөмү өскөнү менен түшүндүрүп жатышат. Ушундан уламбы, айтор, элет жеринде соңку кездери мал багып саткандар көбөйдү. Бүайлар Сулайманова апа Лейлек районундагы Тажикстан менен чектеш жерде жайгашкан Көк-Таш айылынын тургуну. Ал да эл катары мал кылып, акыркы жылдары турмушун жакшы эле оңдоп алган. Жаштарды шаарга качпай, айылда эмгектенип жашоого үндөп келатат.



Бүайлар Сулайманова:
Айылда баары уй кармашат. Багышат, семиртишет, анан сатышат. Ашыгын өздөрү жейт, оордуна башкасын алып, кайра багат.

Төрөкул Дооров: Баарыңыздар эле мал багып сатсаңыздар, аны ким сатып алат? Элде акча кайдан?

Балдарды "Орусия - ушул жер! Бишкек - ушул жер!" деп тарбиялайбыз
Бүайлар Сулайманова:
Бизден тажикстандыктар сатып алышат. Алар үйүбүзгө келип алып кетишет. Шаршемби күндөрү уулум Жаныбек уй, ноопаздарды тоодон айдап келет. Бейшембиде тажиктер өздөрү машине менен келип, артып кетишет.

Төрөкул Дооров: Сиздерде канча өгүз бар?

Бүайлар Сулайманова: Күзгө чейин 12 өгүз кармадык, адатта 50 чейин багабыз.

Төрөкул Дооров: Жакшы эле байып калган турбайсыздарбы?

Бүайлар Сулайманова: Кудайга шүгүр, балдарыбызга үй-жай куруп жатабыз. Баштап банктан насыя пул алган элек. 30 миң, кийин 60 миң сом, анан эки жыл мурда 150 миң сом алган элек. Ошол акчага мал алып, аны семиртип сатып, ошонун пайдасына эки кыз, бир уулумду окуттук, ушул үйүбүздү курдук. Азыр Исфанадан бир уулума 150 миң сомго жер алып, кичинекей үй салып койдук. Эми азыр кармап турган өгүздөрүбүздү сатсак, ушунун пайдасына үй тургузганга аракет кылабыз. Болобу ушинтип жашаса?

Лейлек районунун Көк-Таш айылында элдин баары эле өгүз бакканга өттү,
Айылда ушинтип эле жашаган жакшы да. Шаарга барып, семичке сатып, шаарды булгагандан көрө, айылда ушинтип жашаган жакшы эмеспи? Мен ушинтип ойлойм. Азыр эми жакшысы да, жаманы да, уурусу да, сойкусу да шаарда. Айыл күндөн-күнгө көрксүз болуп баратат. Бул жерде мал багып эле жан бакса болот. Бир жаман жери - бизде суу жок. Жайлоодо чөп жакшы өспөйт. Сууга жетсек, чөпкө жетпейбиз.

Төрөкул Дооров: Өзүңүздөр мурда эмне иш кылчу элеңиздер?

Бүайлар Сулайманова: Жолдошум мурда комбайнчы болгон. 1990-жылдары комбайнды өзүнө менчиктештирип сатып алган. Кийин Акаевдин тушунда биздин айылда жерге эч нерсе чыкпай калды, кургакчылык болду. Жаан да жаабай жүдөттү. Жолдошумдун Тажикстанда достору бар эле. Ал жакта иштеп, толтура буудай артып келчү. Арпа, буудай, жүгөрү, айтор, Тажикстан эмне эксе, бизге келип турчу. Ушул айылдын буудайы жок эли бүт бизге келип, кезекке туруп алып кетип жүргөн. Кийин жолдошум комбайнды айдабай калды, балдар чоңойду, окутуш керек эле.

Бул жер - эң эле оор аймак. Биздин чек ара каралбай эле жатат...
Ошондон кийин насыя акча алып, мал бакканга өттүк. Андан биз ушунчалык жакшы пайда көрдүк. 5000 сомдон өгүз алганбыз. Эки жыл багып, алардын ар бирин 27-30 миң сомдон саттык. Азыр эми бир өгүз 35-40 миңден кетет.

Төрөкул Дооров: Бирок азыр бул айылда элдин баары эле сиздерге окшоп мал бакканга өткөн окшойт.

Бүайлар Сулайманова: Ооба, атаандаштык күч. Азыр Көк-Ташта ар бир үй-бүлө малдан пайда көп экен деп, аны бакканга дилгир. Анткени пайдасы азыр эки эсе болуп жатат. 20 миң сомго алсаң, 40 миңге сатасың. Жакында бир кошунабыз жакшы саан уйду 50 миң сомго сатты.

Төрөкул Дооров: Сиздер, демек, борбордон эң алыс райондо турганыңыздарга карабай, баары бир өзүңүздөрдүн турмушуңуздарды өзүңүздөр эле айлантып, ушинтип жашап жаткан турбайсыздарбы?

Бүайлар Сулайманова:
Ушинтип жашаса болот да. Баары эле айылдын турмушунун кыйынчылыктарына чыдабай, шаарга качышат. Биздин айылда шаарга качмай эми башталды. Кайткандар деле жок эмес. Биз өзүбүз балдарды жөнөтпөй отурабыз. “Орусия – мына ушул жер! Бишкек – ушул жер!”, - деп түшүндүрөбүз да балдарга. Аларды эмгекке үйрөтүш керек. Биз картөшкөнү, сабизди эгип алабыз. Негизи, күрүч менен пиязды гана сатып албасак, калганы: буудай, арпа, эт, май, сүт, - баарын күнүмдүк турмушка өзүбүздөн эле өндүрүп алабыз. Ал үчүн балдар тынымсыз мээнеттенишет. Мээнет кылсаң, каерде болбогун, өндүрүп алса болот.

Көбүнчө ошого чыдабаган жаштар шаарга кеткенге аракет кылышат. Окуганы да, окубаганы да ошол жакка качат. Барып эмне кылат жөн эле көчөдө жумушсуз жүрүп? Мен ал жактагыларды деле көрдүм: же бирөөгө жалданып иштеши керек, же уурулук кылганга туура келет. Андан көрө ушул өзүбүздүн Көк-Ташта деле иштесе болот да. Мисалы, үй салып жаткандар көп. Аларга эле жалданып иштесе болот. Шаарда деле бүт курулуштарда иштешет экен. Мен ушулардын баарын салыштырып көрүп, балдарымды ушул жерге калтырам деп чечтим.

Б.Сулайманова: "Уулум Жаныбек өгүздөрдү шаршембиде тоодон айдап келет, тажиктер эртеси машине менен келип, өздөрү үйдөн эле артып кетишет"
Төрөкул Дооров:
Кайра малчылык боюнча сурасам – тажиктер алып кетишет дедиңиз. Эмне үчүн алар мынчалык кымбат алып жатышат?

Бүайлар Сулайманова: Мал кайтарганга жери жок да аларда.

Төрөкул Дооров: Бир эле жакшы саан уйду азыр ушул айылда эл 50 миң сомдон сатып жатат дедиңиз. Анчалык акча тажиктерде каяктан?

Бүайлар Сулайманова: Алар деле насыя пул алышса керек да. Бизден алган малды алып барып эле союп, элине сатышат.

Төрөкул Дооров: Эже, сиздердин айылдын маңдайындагы ушул тоонун аркы бети эле Тажикстан экен. Бери жагы – Кыргызстан. Чек арадагы жашоонун өзгөчөлүгү эмнеде?

Бүайлар Сулайманова: Биздин чек ара, чынында, эң эле оор, татаал аймак. Алыш-беришибиз бар. Ортобузду мына бул жердеги Ак-Суу дайрасы да бөлүп турат. Көбүнчө биздин айылдын эли ал жерге малын да сугара албай, өздөрү да ары-бери өтө албай калышат. Алардын аскерлери ошол замат “Биздин чек арага эмнеге өтөсүң?” деп камап коюшат. Ал жерде качан биздин чек бүтүп, тажиктердики башталганын көрсөткөн так белги да жок. Өзүбүздүн балдар кээде өзүбүздүн дарыядан суу иче албай калышат. Бул жер - эң эле оор аймак. Биздин чек ара каралбай эле жатат...
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG