Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:14

Кытайдын Шиңжаң Уйгур автоном районунда жашаган этникалык кыргыздар тарыхый мекенине келүү үчүн виза алуу кыйынчылык жаратып жатканын айтышууда.

Алар барган сайын Кыргызстанга виза берүүнүн мөөнөтү узарып, кезек күткөн учурлар көп экенин белгилешүүдө. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги муну виза алчулардын санынын өскөнү менен байланыштырды.

Кытайлык кыргыз, Үрүмчү шаарында жашаган Мамбетсыдык Исмаил уулу жакында эки баласын Кыргызстанга окууга алып келип, виза алууда айрым кыйынчылыктарга туш болгонун айтып берди. Ал Кыргызстандын өкүлчүлүгүндө кезек күткөн, белгиленген мөөнөттө да визасын ала албаган жарандар көбөйгөнүн белгилөөдө. Мындай жагдай өзгөчө алыс жол жүрүп келгендер үчүн кыйынчылык туудуруп жаткан экен.

- Мурда жакшы эле болчу. Азыр документтерди тапшыргандан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине өткөрүлүп, ал жактан уруксат алынгандан кийин анан беребиз дейт. Ошону менен 15 күндөй убакыт кетет. Өткөндө министрликте виза калбады, виза жетишпеди деп эртең-бүрсүгүнгө жылдырып, күттүрүштү. Белгиленген күнү да виза бере албай жатышты. Негизинен кыргыздар Торугарт менен Эркеч-Там чек арасынын түбүндө жашайт. Үрүмчүгө жетүү үчүн 1600 чакырым жол жүрүү керек.

Мамбетсыдык мырза Кыргызстанга бир айлык саякат визасы менен келиптир. Өзүнүн визасын узарта албай кайра Кытайга кайтууга аргасыз болгонун айтты:

- Бизде туристтик виза болгондуктан аны Кыргызстанга барганда узарта албай, кайра барып-келген кыйын экен. Ошондуктан кыргыздарга бир жылдык эле виза берилсе жакшы болмок. Көбүнчө кыргыздар узак убакытка виза ачтырып, келип-кетип жүргөнгө мүмкүнчүлүк болсо ыңгайлуу болот эле дешет. Балдарымдыкын алты айга гана узартып койду, өзүмдүкүн бүтүрө албай кайра келдим.

Үрүмчүнүн дагы бир тургуну Тургунай Асан да жакында Кыргызстанга келем деп турган чагы. Ал тааныштарынан виза алуудагы кыйынчылыктар туурасында угуп, эртелей камынууда.

- Чын эле сураштырсам, виза алуу бул жакта кыйындап калыптыр. Оңой менен ачып бербей жатышат дейт. Анын үстүнө Кытайда кыргыздар түндүк жана түштүк деп бөлүнөт. Түштүктө, Кызыл-Сууда уйгурлар менен аралашып жашаган кыргыздардын документи кыйынчылык менен бүтүп жатыптыр деп уккам. Визага барган кезде киши көп, кезек күтүшөт дейт.

Кытайда жашаган кыргыздардын саны 200 миңден ашуун. Басымдуу бөлүгү Кызыл-Суу Кыргыз aвтономиялуу oблусунда жашайт. Мындан сырткары, Түндүк Шиңжаңда (Синцзян – “Жаңы чек, ээлик”), Иле Казак облусунун Көк-Терек, Шаты, Жаман-Суу айылдарында, Таш-Коргон тажик автономиялуу районунда, азырак бөлүгү Үрүмчү жана башка шаар, райондордо орун-очок алган.

ТИМдин маалыматында, Үрүмчүдөгү виза берген бөлүмдө үч гана киши иштейт. Соңку кезде Кыргызстанга келүүнү каалаган этникалык кыргыздардын санынын өсүшү да виза берүү же кабыл алуу мөөнөтүнүн узарышына себеп болууда дешет.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыковдун белгилешинче, Кытайдан ай сайын 1,5 миңден ашуун киши виза алууга документ тапшырат. Тиешелүү бөлүм күнүнө 50-60 документти текшерүүдөн өткөрөт.

- Негизинен атайын кармап, виза берүү мөөнөтүн узарткан маселе жок. Бир четинен процедураларынан өтүп жатса, экинчиден Кыргызстанга келчүлөрдүн агымы көбөйдү.

Үрүмчүдөгү паспорттук - виза берүү бөлүмүнүн башчысы Сулайман Пиримкуловдун айтымында, документтер жайында болсо виза бир аптада эле берилиши керек. Быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу Кытайдан тарыхый журтуна келүүнү каалаган этникалык кыргыздардын саны 40% өсүптүр.

- Жайында Кыргызстанга барам дегендердин саны абдан көп. Анткени Кыргызстанды көрсөк деген чоң ой-тилектери бар. Ошондуктан биз колдон келишинче берип жатабыз. Бир айлык саякат визаны маселе жок беребиз. Бул мындан ары уланбайт. Мындан сырткары тууганчылап баргандарга Кыргызстандан сөзсүз чакыруу келиши керек. Балким ал визасын узартат, ошол жакта калат же дарыланат. Ал бизден көз каранды эмес, чакыруу келмейинче биз узак убакытка виза бере албайбыз. Кээде ушундай чакырууну же документтерин бирөөдөн берип жиберет. Ал жолдо кармалып, бизге кеч жетет. Виза кеч берилип атат деп бизге чалгандар да бар. Кээде ушундай себептерден улам мөөнөтү узарып кетет. Болбосо биз токтотпойбуз, бир жума ичинде беребиз. Былтыркыга караганда тарыхый мекенине барган этникалык кыргыздардын саны 40% өстү.

Кытайлык кыргыздар тарыхый мекенине каттап турууга узак мөөнөттүк виза берилсе деген тилегин айтышууда. Пиримкулов Кытайдан Кыргызстанга келүүнү каалгандардын саны көбөйгөндүктөн виза алууну жеңилдетүү жолдору каралып жатканын кошумчалады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG