Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Кыргызстандык Рула цирки Түркияда


Түркияда ушул күндөрү дүйнөгө таанымал кыргызстандык Рула цирки өнөрүн көргөзүүдө. Алгачкы ирет цирк Стамбул шаарынан 100 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Йеничифтлик туристтик шаарчасында өнөрүн көрсөтө баштады.

Труппа шаарчанын ортосундагы чоң аянтта чатыр менен бирге кыргыз боз үйлөрүн да тигип, үч айга созула турган гастролун 24-июнда баштады.

Төрт жаштагы кичинекей Мээрим ата-энеси менен бирге Кыргызстандан атайын труппанын курамында жер кезип жүрөт. Кичинесинен цирк дүйнөсүнө аралашкан Мээрим эртеден кечке өнөрпоздорго табылгыс эрмек. Ал өзү менен кошо Түркияга келген Лили аттуу маймылын конокторго көрсөтүп, аларга гид болууга да үлгүрүп жатты.

Ал эми Мээримдин ата-энеси Нурлан менен Нуржамал Рула циркинин артисттери. Сахнада өнөрлөрүн көрсөтүп эле тим болбостон, цирктин күнүмдүк муктаждыктарын толуктоо жана аттарды багуу да бул жубайлардын моюнунда. Сахна артындагы күнүмдүк иштерден тышкары Нурлан мырзанын эң маанилүү милдети - Түркиядан алынган аттарды бир ай ичинде таптап машыктырып, цирктин манежине чыгаруу болчу.

Цирктин жетекчиси Рашид Камбаров үй-бүлөсү менен Америкада жашаса да, кыргыз цирки аны менен бирге, ат үстүндөгү жигиттерин машыктырып, бул өнөрдү дүйнөгө таанытып келет. Кыргызстандан тышкары Америка, Канадада өнөр көрсөткөн бул топтун Түркияга гастролдоп биринчи ирет келиши.

- Ɵзүм Америкада жашайм. Ал жакта да труппам бар. Келишим менен иштешет. Азыр Канадада гастролдо жүрүшөт. Бул жерде биринчи жолу ачып жатабыз. Труппадагы 18 артисттин баары Кыргызстандан. Боз үйлөрдү тигип, кыргыздын жашоо-турмушун көрсөтөлү деп максат койдук.

Нуржамал Козугулова
Нуржамал Козугулова

Жигиттер менен теңтайлаша ат чапкан Нуржамал Козугулова цирк аренасында узак тажрыйбасы бар. Аялзаты үчүн татаал болгон бул өнөрдү ал мындайча баяндап берди:

- 2005-жылдан бери ат үстүндө ойнойм. Америкага барып үйрөнүп, ал жакта да ойноп келдим. 2010-жылдан бери Кыргызстандамын. Ал эми аттардан сөз кыла турган болсом, алгач ирет аларды манежге жакшы даярдайбыз. Андан соң өзүбүзгө акырындап көндүрө баштайбыз. Негизи эле атты мактап туруш керек, ошондо гана алар ийкемдүү болушат.

Билеттерин алган түрк көрүүчүлөр сааты келгенде көчмө цирктин аянтына киришип, боз үйлөрдү кыдырып жатышты. Көп күттүрбөстөн "Кара жорго" деп аталган шоу-программа аты айтып тургандай кара жорго бийи менен ачылды. Tруппадагы 18 ышкыбоз кыз-жигит өз өнөрлөрүн кезеги менен сунуштап жатышты. Гимнаст кыздардын көрсөткөн татаал кыймыл-аракеттери өзгөчө кичинекей көрүүчүлөрдү абдан куштарлантты. Ал эми беш жигиттен турган акробаттар тобу аткарылышы татаал экстремалдуу кыймылдарды аткарып бири-бирин сүрөп колдоп турушту.

Кыргызстандык Рула цирки Түркияда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:16 0:00

Ат үстүндөгү жигиттер көрүүчүлөрдүн көптөн күткөн номерин мыкты деңгээлде аткарышты. Көчмөн кыргыз элинин жашоосун сахналаштырган бул номер бара-бара кызып, чоролордун салгылашуусу менен уланды. Ар бир артисттин аткарган трюктары бири-бирине окшобой улам жаңы чыкканы көрүүчүлөрдү таң калтырды.

Жалпысынан эки саатка созулган бул шоу-программа түрк элинин кыргыз циркине болгон кызыгуусун арттырды. Рула цирки жергиликтүү калк жана эс алуучулар үчүн дем алыш күндөрү көңүл ачуу жайына айланчудай. Кыргыз өнөрчүлөрү конокторго сый катары кара жорго бийи менен бирге түрк халайын да бийлеп берип узатышты.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG