Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:38

Түркия: ооруканага түшкөн кыргызстандыктын абалы оор


31-августта Анталия шаарына дарыгерлер тобу менен саякаттап келген Татьяна Саенконун ден соолугу начарлап, төрт күндөн кийин ооруканага түшкөн.

Шашылыш операциядан кийин акыбалы оорлошуп, азыр жасалма дем алууда жатат.

10-сентябрда медициналык камсыздандыруусу бүткөндүктөн 56 жаштагы дарыгер Татьяна Саенкону Түркиянын Анталия шаарындагы жеке менчик ооруканадан мамлекеттик ооруканага которушту.

Татьяна Саенко жаткан "Яшам Хастанеси" ооруканасынын атын атагысы келбеген кызматкери анын абалы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

- Биз эч ким жөнүндө маалымат бере албайбыз. Ооба, Татьяна бизде жаткан. Бирок бүгүн башка ооруканага которууга туура келди.

Өпкөсү дем алуу аппаратына туташкан Саенконун туристтик медициналык камсыздандыруусундагы каражат бүткөндүктөн, жакындарынын өтүнүчү жана эки өлкөнүн тиешелүү кызматтарынын кийлигишүүсү менен мамлекеттик ооруканага которушканын "Азаттыкка" анын уулу Александр билдирди:

- Апамды азыр менчик ооруканадан мамлекеттик ооруканага которуп жатышат. Абалы аябай оор, реанимация бөлүмүндө жаткан. Медициналык камсыздандырууну жасаган фирма бизден кабар алган деле жок. Аны менен чогуу саякатка чыккан дарыгерлер тобу кайсыл жол менен келгенин да билбей жатам. Апам сүйлөй албагандыктан менин да кабарым болбой жатат. Биз бүгүн ооруканага келсек кийимдерин алгыла деп, Тез жардам менен алып кетишти.

Түркияда медициналык туризм акыркы жылдары өтө өнүккөн тармакка айланган. Эки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык, кыргызстандык дарыгерлерди медицина системасы менен жакындан тааныштыруу максатында Түркияга алып келген жеке фирмалар да арбын. Дарыгерлер ооруканаларды кыдыргандан тышкары Анталия менен Стамбулда эс алып кетишет.

Ушул багытта иш алып барган Түркиядагы “Глобус саякат” фирмасынын жетекчиси Ибрагим Долапчыоглу дарыгерлердин саякатында туристтик медициналык камсыздандыруу маанилүү болгонун белгиледи:

- Дарыгерлерди Кыргызстандан ким алып келгенин билбейм. Бирок алар турист катары келгендиктен камсыздандыруусу да туристтердей эле. Түркияга келген туристтер көбүнчө медициналык камсыздандыруу албай эле келгендиктен Татьяна сыяктуу оор абалда операция жасалганда бул жактагы ооруканалар кымбат болуп калат.

Түркияда менчик ооруканалардын баасы кымбат болгондуктан көп учурда туристтердин чөнтөгү чак келбей калган учурлар кездешет. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев "Азаттыкка" буларды айтты:

- Татьянанын уулу Александр менен кабарлаштым. Анын менчик ооруканага жана догдурларга эч кандай дооматы жок. Мен жетекчилер менен сүйлөшкөндөн кийин аны мамлекеттик ооруканага которушту. Ал эми медициналык камсыздандыруу фирмасы өз милдетин аткарышы керек. Акчасы түгөнгөнүнө байланыштуу дарылоону үзгүлтүккө учуратпаш керек.

Белгилей кетчү жагдай, Татьяна Саенко жаткан мамлекеттик оорукана жаңы технологиялары менен дүйнөгө таанылган.

Кыргызстандык догдур Татьяна Саенко 31-августта кыргызстандык дарыгерлер тобу менен Анталияга келгенден кийин 4-сентябрда өтүнөн операция болгон. Аны менен чогуу келген топтун дарыгерлери 10-сентябрда Кыргызстанга учуп кетишти.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG