Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Куудулдар менен ырчылардын чоң концерти


25-ноябрда Бишкекте куудул Рахман Разыков баштаган белгилүү куудулдар жана эстрада ырчыларынын биргелешкен чоң программадагы концерти өтөт.

Концертке элге таанылып, бирок көптөн бери сахнага чыкпай калган өнөрпоздор катышат деп билдирди кеченин уюштуруучусу Рахман Разыков.

26-ноябрдан тарта улуттук филармонияда кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Швейцариялык башкармалык уюштурган филармониялык концерттер башталат. Атай кетсек 26-ноябрь күнү камералык музыканын кечеси болуп Эрнест Асаналиев жетектеген “Манас” камералык оркестринин коштоосунда Молдобасанов, Чайковский, Шостаковичтин чыгармалары жаңырат.

28-ноябрдан тарта кыргыз циркинде “Аралаш цирк” аттуу жаңы программадагы оюн-зоок башталат. Аталган программа 13 номерди камтыйт деп билдирди кыргыз циркинин кызматкери Клара Тажиева.

Анын айтуусунда “Баракелде” сыналгы долбоорунун катышуучулары да бул оюн-зоокко катышат.

Улуттук китепканада бул жумада поэзия кечеси өтөт. Ага бир катар жаш акындар катышат. Ошондой эле эл акыны Майрамкан Абылкасымова баштаган белгилүү калемгерлер чакырылып, баарлашуулар, талкуулар жүрөт деп кабарлады аталган китепкананын маалымат бөлүмүнүн башчысы Ажар Касымбекова.


Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрынын артистери бул жумада Чайковскийдин “Евгений Онегин” операсын тартуулашат. Ал эми орус драма театрында бул аптада Лопе Де Веганын “Айлакер сүйүшкөндөр”, Клод Маньенин “Блез” комедиялары тартууланат.

Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде сүрөтчү Владимир Файзыевдин жеке көргөзмөсү өтүүдө. Мындан тышкары аталган музейде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган көргөзмө жүрүүдө. Анда белгилүү кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эл жазуучусунун чыгармаларынан алынып тартылган эмгектери коюлган. Ольга Мануйлованын үй музейинде “Дайыма жарык болсун” деген аталыштагы прикладдык көркөм өнөрдүн көргөзмөсү ачылды. Анда чеберлер Марина Дагай жана Елена Маккеванын кол өнөрчүлүктөн жаралган эмгектери коюлган. Көргөзмө эки жумага созулат.

Оштогу “Сулаймантоо” музейинде Сүйүн Дастановдун “Стиль-2008” автордук көргөзмөсү ачылды. Анда дизайнердин 40тан ашуун агенттиктерге жасаган логативдери коюлган. Көргөзмө жума соңуна чейин уланат.

XS
SM
MD
LG