Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

БҮГҮН Л.БРЕЖНЕВДИН ТУУЛГАНЫНА 100 ЖЫЛ БОЛДУ


Төрөкул Дооров, Москва Эгерде СССРдин мурдагы жетекчиси Леонид Брежнев тирүү болгондо, бүгүн 100 жашка чыкмак. 1964-1982-жылдары ЦК КПССте төрагалык кылып турган Брежневдин туулган күнүнө арналган иш-чаралар Москвада дүйшөмбүдөн тарта өткөрүлүп жатат. Советтик лидердин саясатына карата бир жактуу мамиле азырга чейин калыптана элек.

Леонид Брежневдин доорун көптөгөн тарыхчылар «токтоп калган мезгил» деп аташат. Эч кандай реформа тууралуу сөз болгон эмес. Ал эми жөнөкөй адамдар үчүн Брежневдин мезгили советтик учурдун жакшы жылдары болгондой.

«Комсомольская правда» гезити бул күнгө карата өзүнүн сурамжылоосун басып чыгарды. Суралган орусиялыктардын ичинде көпчүлүк Брежневдин жетекчилигинде өткөн жылдарды жалпы мамлекет үчүн жагымдуу болгон деп аташкан.

Сурамжылоого катышкан жаштар да, Брежневдин мезгилинде жашабаганы менен, ата-энелеринен ал мезгил жөнүндө күлкүлүү анекдотторду угушканын айтышыптыр. Ошол анекдоттордун ичинде сантехник жөнүндөгүсү Леонид Ильичтин мезгилин так сүрөттөйт жана өтө популярдуу болгон дешет. Сантехник ЦКга, же Борбордук Комитетке келет да: «Бул жерде бүтүндөй системаны өзгөртүш керек!» деп жар салат.

Кантсе да, жөнөкөй атуулдар үчүн Брежневдин мезгили стабилдүү турмуш менен эсте калган өңдүү.

1970-жылдардын орто чендерине, Брежнев инфакт, инсульттан кийин араң кыймылдап, түшүнүксүз сүйлөп калганга чейин, ал аппаратык, саясий жана идеологиялык кызыкчылыктар ортосунда тең салмактуулукту кармап тура алды.

1981-жылдын 23-февралында Коммунисттик партиянын 26-съездинде Брежнев советтик жарандар тууралуу: «Советтик адамга, эмгектин адамына сый жана даңк! Ал биздин коомдун башкы жана баа жеткис байлыгы», - дегени бар.

Өзүнүн жөнөкөйлүгү, өзгөрүүлөргө болгон каршылыгына карабай, Брежнев кантип жалпы коомду бириктирүүгө боло турганын даана сезгени тууралуу көп айтышат. Мында анын башкы жетишкендиги «советтик эл» тууралуу жараткан мифи болду.

Ал бийликке келиши менен, 1965-жылы 9-майды Жеңиш күнү деп жарыялады.

Ошол тапта өлкөдө эч кандай өзгөрүүлөр, реформалар болбогону менен, тынчылык, амандык болуп турганын негизги жетишкендик деп билгендер көп.

Бүгүн Орусияда Леонид Брежневдин 100 жылдыгына арналган кандайдыр бир алкактуу иш-чаралар деле өткөн жок. Бул датаны утурлай Орусиянын телеканалдары советтик лидер тууралуу «күчтүү башкаруучу, үй-бүлөнүн камкордуу ээси, аялынын жакшы күйөөсү, бирок каалаган учурда ойлонбой туруп, аялынын көзүнө чөп салган катынпоз, жапайы чочкого ууга чыкканды жакшы көргөн мергенчи Брежнев» деген маанай даректүү тасмаларды көрсөтүп жатты.

Кремлдин жанында Брежневдин эстелигине компартиянын бүгүнкү жетекчилиги дүйшөмбүдө гүл коюп, азыркы бийлик Брежнев бүтүргөн иштердин кыпындайын да аткара электигин айтты. Бул күнү Орусиядагы компартия өткөрүп жаткан кечеден сырткары, эч кандай деле маанилүү иш-чаралар болгон жок.

Брежневдин мезгили көпчүлүккө Ооганстанга советтик армиянын кириши, 80-жылкы Олимпиада оюндары, А.Солженицындын мамлекеттен куулуп кетиши, академик А.Сахаровдун сүргүнгө айдалышы, СССРдин космостогу ийгиликтери өңдүү маанилүү окуялар менен эсте калды.

XS
SM
MD
LG