Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

"Маданият" журналы чыкты


"Маданият" журналынын алгачкы саны.
"Маданият" журналынын алгачкы саны.

Мамлекеттин каржылоосу менен биринчи жолу «Маданият» журналы чыга баштады. Журнал өлкө аймактарындагы маданий мекемелерге бекер таратылат.

Мамлекеттик гезиттерден сырткары ушак-айыңга басым жасаган басылмаларга күнү түшкөн аймактагы маданий жайларга эми «Маданият» журналы таратыла баштайт. Журналдын башкы редактор Памирбек Казыбаев журналдын азыркы талапка толук жооп берээрин айтат:

- Журналдын биринчи саны миң нуска менен чыкты. Бул түстүү журнал азырынча 48 бет менен чыгарылып жатат. Ичинде театр, адабият, музыка, кино өңдүү ар түрдүү тармак камтылган. "Манас" эпосу, кыргыз маданият тарыхындагы сыймыктуу инсандар таржымалы журналдагы туруктуу темалардын бири. Искусствонун бардык тармагы боюнча мүмкүн болушунча профессионалдык мамиле жасоо негизги максат болууда. Пландар боюнча айтсак, «Маданият» журналы өлкөдөгү маданий жайларга бюджет эсебинен таратылат.

СССР учурунда окурмандар ак-кара түстөгү маданият журналын гана окуп келишкен. Кийин кыргыз тилинде «Кыргыз маданияты» гезити чыгып, эгемендик жылдары ал чыкпай калган соң бул тармак унутулуп калды деп какшаган маданият кызматкерлери журналды кандай баалап жатышат? Алардын бири композитор Турдубек Чокиев:

- Азыр искусствонун бардык тармагын профессионалдуу деңгээлде чагылдыра турган басылма жок. Баары шоу-бизнесстин ушак-айыңы менен чектелип калды. Ошондой мезгилде бул журналдын чыгышы жакшы жышаана. Муну сындай да албайбыз. Бирок өтө кеч чыгып атат. Эчак эле чыгышы керек болчу.

«Баланын туулганына эмес тураарына сүйүн»,- деген макалды эске алсак, журналдын чыкканы жакшы, бирок келечеги кандай болот деген суроо турат. Себеби журнал жеке менчик басылмадан чыгарылгандыктан биринчи санына эле баш аягы 150 миң сомго чейин каражат кеткен. Бул туурасында «Маданият» журналынын башкы редактору Памир Казыбаевди угалы:

- Кыргызстандагы мамлекеттик басылмалардын баарын талкалап салганбыз. Эми ошонун азабын тартып, жеке менчик басылмаларга күнүбүз түшүп калды. Түстүү журналды чыгарыш кымбатка туруп атат .

Кыргыз өкмөтүнөн бөлүнгөн акча «Маданият» журналын ай сайын чыгарууга жетпейт. Канткен менен журнал жамааты анын мындан ары туруктуу чыгып тураарына үмүт артууда.
XS
SM
MD
LG