Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:03

Көздүн эмес, сезимдин китеби


Кыргызстанда Брайлдын арибиндеги китеп чыгарчу бир да басмакана жок

Кыргызстанда Брайлдын арибиндеги китеп чыгарчу бир да басмакана жок

“Азаттык” ушул апта темасынын алкагында “Көзү азиздер үчүн кандай китептер жазылууда?” деген суроонун үстүнөн ойлонуп, Кыргызстандагы жана Чехиядагы абалга кызыккан.

Көзү азиз адам сырткы дүйнө менен башка туюмдар аркылуу байланышканга аргасыз. Китепти ар бир баракта тешиктердин комбинациясынан куралган ариптер аркылуу, башкача айтканда, айтылуу Брайлдын методунда манжалардын жардамы менен окуйт.

Көзүң көрбөй калганда, капкараңгы дүйнөдө жалгыз калгандай болосуң...
Көзү азиздерге жетиштүү деңгээлде азиз мамиле аларды ошол караңгы дүйнөдөн чыгаруудан башталар. Аларга өздөрү окуп, уга ала турган рельефтик ариптеги жана аудио, видео китептер бүгүн көпчүлүк өлкөлөрдө кадимки эле көрүнүш болуп калды. Бүгүн биз Европадагы жана Кыргызстандагы мисалга кайрылабыз.

Кыргызстан

Кыргызстанда азыр көзү азиз адамдар үчүн атайын китеп чыгарчу бир да басмакана жок. Расмий маалыматтарга караганда, мамлекетте 124 миң майып бар. Алардын беш миңдейи көзү такыр көрбөйт же начар көрөт. Алар үчүн республика боюнча эки атайын мектеп иштеп жатат.

Алардын биринин 8-класстагы окуучусу – Азизбек: "Мен “Манастын” аудио версиясын укканды жакшы көрөм.. Саякбай Каралаев менен Ашым Жакыпбековдун варианттары көбүрөөк жагат. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романы абдан жагат. Кайра-кайра угуудан тажабайм".

Азизбек "Манастын" үч башка вариантын окудум дейт
15 жаштагы Азизбек төрөлгөндөн эле көзү азиз болчу. Ал жети жашында атасы менен базар кыдырып жүрүп, ойногонду билбесе да атасына синтезатор саттырып алган. Эч кимдин жардамы жок эле сыналгы же үналгыдан угуп калган обондорун туурап ойноп жүрүп, үйрөнүп алат. Бирок мектеп-интернатка келгенден тарта адистерден сабак алып, эрежеси менен туура ойногонду үйрөнө баштады.

Азизбек Бишкектеги көзү азиз жана кулагы укпаган балдардын мектеп интернатына Жалал-Абад облусунун Чаткал районунан келген. Ал үй-бүлөдө жети баланын төртүнчүсү. Ортодо жол бир топ алыс болгондугуна байланыштуу ата-энесин төрт айда бир жолу көрүп тура экен.

Биздин каарман биринчи класстан тарта Брайлдын китеби менен окуп, жазганды тез үйрөнө баштады.

“Эми башында биринчи класска келгенде абдан тан калгам. Баракты эле тешкилей беребизби, минтип отурсак эмнени үйрөнөбүз, окуганды кантип үйрөнөм деп көп нерсени тушүнчү эмесмин, - дейт Азиз. - Бирок бат эле өздөштүрдүм окшойт. Кийин жеңил эле болуп калды. Мага өзгөчө химия сабагы жагат. Барынан да формулаларды жаттаганды жакшы көрөм”.

Көзү азиз балдардын мектеп интернатынын жетекчиси Калима Урсейитованын айтымында, Азизбекке окшоп Брайлдын китеби менен окуганды тез өздөштүргөн балдар бул жерде көп эмес.

Калима Урсейитова: Окуу программасынан артта калган ар бир бала менен өзүнчө иштешебиз
“Бардык эле көзү азиз балдар бирдей деңгээлде окубайт. Окуудан жетише албай артта калып калгандар да бар. Алар үчүн түштөн кийин атайын кошумча сабактарды өтөбүз. Мисалы, бир мугалим бир гана бала менен жеке иш алып барат. Атайын китептердин жоктугунан, эски китепти окуйм деп тырыша бергенде көзү аз-маз көргөндөр такыр эле көрбөй калышы мүмкүн, - дейт Калима эжей. - Анткени көзгө күч келтиришет”.

Азизбекке окшоп, Брайлдын тамгасын үйрөнүш үчүн Кыргызстандагы эки мектеп-интернатта 300 бала окуп жатат. Окуучулардын ичинен көзү начарыраак көргөндөрү тамгалары чоңураак басылган атайын китептерди окушат. Такыр эле эч нерсени көрө албагандарга Брайлдын китептери берилген. Бул китептер тээ Советтер союзунда басылган экен. Кыргызстандын өзүндө көзү азиздер үчүн атайын китеп басылбайт. Ошон үчүн алар китептерди орус тилинде окууга мажбур.

Үчүнчү сектордун аракети

Кыргызстанда көзү азиз балдар менен иш алып барган 56 бейөкмөт уюм бар. Алардын бири - “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр” коому. Анын жетекчиси Калык Мамбетакуновдун айтымында, көзү азиздер үчүн окуу программасы да жаңыртыла элек.

“Эң өкүнүчтүүсү - көзү азиз балдар үчүн окуу программасынын эскилиги. Совет учурунда түзүлгөн программа менен окутабыз. Экинчиси, биздеги китептердин жоктугу. Баары баягы совет мезгилинен калган эски китептер. Москвадан, Екатеринбургдан алдырчу элек да. Алар азыр сатып алгыла дейт, ага каражат жок. А бизде бул китептерди чыгарчу аппарат жок. Ал китептерди чыгара албай жатабыз. Мен мамлекетке да канча жылдан бери кайрылып келе жатам, жыйынтык жок”, - деп кейигенин жашырбайт К.Мамбетакунов.
Өлкөдө көзү азиздер үчүн мектеп-интернаттарда азыр болгону эки принтер бар. Бул – Брайлдын арибинде китеп баса турган атайын принтерлерди жапон элчилиги жардам катары берген.

“Ал принтерлерден чыккан китептин сапаты начар болот. 5-10 жолу манжа менен окугандан кийин тешиктери бүтөлүп, тамгалары өчүп калат, окулбай калат. Анын үстүнө андан көп деле китеп чыгара албайсың. Ал принтердин өзүнүн мүмкүнчүлүгү чектелүү”, - деди ал.

Калык Мамбетакунов: Мен бул маселени 1991-жылы айтып келатам...
Мамбетакунов мырза жетектеген “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр” коому өндүрүштүк ишкана ачкан. Анда 700 ашуун көзү азиз адамдар иш менен камсыз болушкан. Каалга терезе, матрац, кол-кап сыяктуу күнүмдүк турмушта керектелчү товарлардын 162 түрүн чыгарышат экен.

Бул коомдун көзү азиз балдар үчүн шаарда жалгыз деп эсептелген китепканасы бар. Анда мектеп программасы менен чектелген саналуу гана компакт-дисктерге жазылган аудио китептер бар. Калганы дээрлик толугу менен эле совет доорунан калган китептер.

Кыргызстандын Билим берүү министрлиги көзү азиз балдар окуган мектеп-интернаттарга бир жылда канча акча бөлүнөөрүн айтуудан баш тартты. Министрликтин расмий өкүлү Дамира Кудайбергенова азырынча ал мектептерге кандай жардам көрсөтүлүп жаткандыгын айтуу менен гана чектелди: “Биз үч кабат имараттын үстүн жаап бердик. Мындан сырткары окуу куралдары менен камсыз кылып турабыз”.

Луи Брайлдын методу

Кыргызстандагы көзү азиздерге окуу китептери да, башка атайын адабият да Орусиядан келет. Франциялык Луи Брайль 19-кылымдын башында ойлоп чыгарган атайын арип Орусияга жарым кылымдан кийин келген.

Аны биринчи болуп өздөштүргөн Денис Оболенскийден кийин дагы бир топ адамдар бул жолду орус тилинин нормасыны ылайыкташтырганга аракет кылышты. Бирок Брайлдын арибинде орус тилиндеги алгачкы китеп 19-кылымдын аяк жагында гана Анна Адлер тарабынан басылган.

Европада болсо бул метод 19-кылымдын орто чендеринде Луи Брайлдын көзү өткөндөн кийин эле таркатыла баштаган.

Кийинчерээк ал Чехияга да жетти. Бирок бүгүн чех жергесиндеги көзү азиздер жалгыз эле ушул метод менен эмес, жаңы технологиялардын жардамы менен билим алуунун башка түрлөрүнөн да пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышууда.

Чехия

Богдан Руле - өлкөдөгү көзү азиздер үчүн китептерди чыгаруу, таркатуу жана адабиятты түзүү ишин ондогон жылдардан бери жолго коюп келаткан кишилердин бири, Прагадагы көзү азиздердин китепкана-басмаканасынын директору.

“1500 миңдей китеп mp3 форматында дисктерге жаздырылган. 4500 миңдей окуу китеби да тасмага көчүрүлдү. Ал эми тандалма китептерибиз 2000 миңге жетет”, - дейт Б.Руле.

Бул китепканада басылмалардын аудио-видео көчүрүлмөлөрүн дигиталдык форматта жаздырыла баштаганына 4 жылдай болду.

Кыргызстанда көзү азиз балдар үчүн окуу программалары эскирип бүттү
Китепкана өзү дээрлик бир кылымдык тарыхы бар. Алгач 1918-жылы чехиялык көзү азиз композитор Карел Эмануэль Мацан ачкан эле. Бүгүн ал чех маданият министрлигинин астында иштейт экен, толугу менен мамлекет камсыздап турат.

Бул жерде үн жаздыргыч профессионалдык эки студия да бар. Өлкөдөгү белгилүү адамдар келишет, китеп окушат, үнүн жаздырып кетишет. Анан аудио китептер интернетке жайгаштырылат, же CDге көчүрүлөт. Бул иш күн сайын уланып келатат.

Өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Улуттук кеңешинин төрагасы Вацлав Красанын айтымында, азыр деле көзү азиздер үчүн бүт шарт түзүлдү деп айтууга болбойт. Жасала турган иштер көп жана улам жаңыртылып турушу зарыл.

Чехияда ушул багытта жарым-жартылай өкмөттөн каржыланып турчу 100 ашуун бейөкмөт уюм иштейт. Кыргызстандагыдай эле, бул жакта да мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жаңы кызматтарды, шарттарды көбүнчө дал ушул уюмдар сунуш кылышат.

Жарыкка жанашкан ниет

Богдан Руленин айтымында, Чехияда көзү такыр көрбөгөн 10 миңдей адам бар. Алардын беш миңи анын китепканасынан чыккан басылмаларды окуйт. Өлкөдө жумушчуларынын саны 25 адамдан ашкан компаниялар, жок дегенде, 4% жумушчуну мүмкүнчүлүгү чектелгендерден алууга милдеттүү. Мыйзам ушуну талап кылат. Бул басмаканада да эми эле басылган китептердин катасын текшерчү редакторлор – көзү азиз адамдар экен.

“Негизги максат – жарык дүйнөнү көрүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылгандарга өздөрүнүн дүйнөсүн жаратууга жардам берүү”, - дейт Руле мырза.

“Адам көзү көрбөй калганда, капкараңгы дүйнөдө жалгыз калгандай болот. Китеп окуу менен алар акырындап кайра жашоого кайтканга мүмкүнчүлүк алышат, стресстен арыла башташат, - дейт ал. - Анткени китеп окуу менен алар окуяны, дүйнөнү элестетип, өздөрүнүн жаңы дүйнөсүн ача алышат”.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG