Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17

Дүйнөдөгү каржылык кризистин таасири сөзсүз чакан Кыргызстанга да тийээрин айтышкан адистер, канткен менен ага караганда энергетикалык кризис өлкөнү сазга батырып салуусу мүмкүн экендингин айтышууда.

Дүйнөнү каптаган каржы кризиси капсалаңы дүйнөнүн эң кубаттуу экономикаларын солкулдатып, дүйнөлүк экономикадагы күчтүү делген 20 мамлекеттин башчылары Вашингтондо жолугуп, кризистен биргелешип чыгуу жолдорун талкуулоого аргасыз болушту.

Бир катар экономисттер жана серепчилер дүйнөдөгү каржылык кризиси Кыргызстанды да кыйгап өтпөсүн айтып келатышат. Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев да өткөн айдагы калкка кайрылуусунда кеп кылып, “Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү экономикалык кризистин терс залалдарын сезе баштады жана дагы сезе беришет. Биз да андан четте кала албайбыз”, - деген.

Ошентсе да адистердин айтымында, каржылык кризис өлкөдө айрым социалдык чыңалууларга алып келиши толук мүмкүн, бирок анын таасири энергетикалык кризистен оор боло албайт.

“Кыргыз Концепт” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиевдин пикиринде, Кыргызстандын экономикасы чакан жана чабал болгондуктан каржы кризисинин таасири азыраак болот. Ага караганда энергетикалык кризистин таасири абдан чоң болуп, өлкөнү сазга батырып коюусу мүмкүн:

- Биз “каржы кризиси, каржы кризиси” деп эле дүрбөлөң түшө бербей, аны жакшылап ойлонуп, эсепке алып, этияттык менен иш жасай беришибиз керек. Бирок биз энергетика кризисин көбүрөөк, тереңирээк ойлонушубуз зарыл. Анткени негизги коркунучтар бизге ушул жактан келип атат.

Ошондой Эмил Үмөталиевдин айтымында, Орусия, Казакстандагы эмгек мигранттары каржы кризисинин айынан артка келе баштаса да социалдык абалга терс таасири тийиши ыктымал:

- Орусиядан кайтып келген эмгек мигранттарыбыздын саны бир топ эле болушу мүмкүн. Баардыгы кайтып келбесе дагы бир тобу кайтып келет. Анан алар бул жакта жумуш издешет, көбү чоң шаарларга топтолуп калышат дагы социалдык кризис жана көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Ошол эмгек мигранттардан Кыргызстанга келген акча да азайып калат. Буга чейин так ушулар Кыргызстанга абдан көп каражат жиберип келишкен.

Өкмөттө бул маселе талкууланып, өлкөнүн алдыдагы үч жылга болгон өнүгүү стратегиясында да каржылык кризистен азыраак зыян менен чыгуу пландары иштелип чыккан.

Жогорку Кеңештин Өнөр-жайды өнүктүрүү, соода, туризм, чакан жана орто бизнес, транспорт, коммуникация, курулуш жана архитектура комитетинин төрагасы Улугбек Ормоновдун пикиринде, кийинки жылдын жаз айларына таяп каржылык кризистин канчалык деңгээлде оорлугу билинип калат. Ошентсе да бүгүнкү күнү энергетикалык кризис андан да оор маселеге айланды:

- Өкмөт бул маселени талкуулап, даярдыктарды көрүп атышат. Бирок менин оюмча, каржылык кризис энергетикалык кризистей оор болбойт го.

Ал эми айрым саясат талдоочулар каржы кризисинин таасири Кыргызстанга азыраак тийет дегенге кошулушпайт. Маселен, Коомдук саясат институтунун президенти Муратбек Иманалиев “Бишкек пресс-клубуна” берген маегинде, Кыргызстан чоң, кубаттуу мамлекеттердин экономикасына көз каранды экендигин, андыктан ал жактагы кризис түздөн-түз Кыргызстанга да таасирин тийгизерин баса белгилейт.

Ошол себептүү серепчилер, каржы кризисине энергетикалык кризис кошул-ташыл болуп, алдыда кыйла оор күндөр күтүп турганын болжолдошот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG