Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Майкл Андерсен: Борбор Азия көрө элек шайлоо болот


Майкл Андерсен
Майкл Андерсен

Кыргызстандагы шайлоону дүйнөнүн чар-тарабынан келген 175 кабарчы чагылдырмакчы. Алардын бири – даниялык журналист-документалист Майкл Андерсен.

Майкл Андерсен: Менин жеке көз карашымда, эртең Кыргызстандын тарыхындагы эң эле маанилүү шайлоо болгону жатат. Мен буга өзгөчө басым жасагым келет. Өлкөнүн тарыхында азырынча мынчалык маанилүү шайлоо боло элек. “Анда добуштарды сатып алышат, бурмалашат” деген өңдүү бир топ терс ойлорду да угуп жатабыз. Келерки аптада шайлоону айыптагандар болот. Буга ишенип кое бериңиз. Добуштар бурмаланганын, көз боемочулук болгонун айтып, сындагандар чыгат. Бирок бир маанилүү нерсени жадыбыздан чыгарбайлы – ооба, бул эң мыкты шайлоо болбошу мүмкүн, бирок ачыктыгы жана тазалыгы боюнча сиз Борбор Азиянын тарыхында буга чейин көрө элек добуш берүү болот деп ойлойм.

Оштогу Шарк айылындагы даярдык
Төрөкул Дооров:
Майкл, сиз Ошко барганыңызга бир айдай болуп калыптыр. Буга чейин бул шаарда 10 жылдай жашап кеткен элеңиз. Азыр эми өзгөчө июнь окуяларынан кийин шайлоо Ошто кандай өтөт деп кыжаалат боло айтылган ойлор көп. Өзбек улутундагы калктын шайлоо алдындагы маанайы кандай экенин байкай алдыңызбы?

Майкл Андерсен: Азыр Оштогу өзбектер арасында шайлоого карата эки башка мамиле бар. Өзбек жаштары бул ирет шайлоого катышпай коюшат го дейм. Алар азыр бийликтерге да, шайлоо системасына да ишенимди жоготушкан. Улуураак муундун өкүлдөрү дал ошо сиз айткан «коопсуздук, тартип» деген ураандарды айткан талапкерлерди колдойбуз деп турушат. Мында, өзгөчө орус телеканалдарынын таасири чоң болду деп ойлойм. Анткени Оштогу өзбек калкы азыр маалыматты Кыргызстандын өзүнүн маалымат булактарынан ала албай калышкан. Өзбек тилдүү жергиликтүү телеканалдары жабылган. Мамлекеттик телеканал болсо, жумшартып айтканда, өтө кыргыздарга тарткан бир жактуу гана маалыматты берет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG