Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

Брюсселде Кыргызстан-Евробиримдик жыйыны өттү


Кыргызстандын тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев

Кыргызстандын тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев

Бүгүн Брюсселде кыргыз-евробиримдик алакаларын талкуулаган жыйын өттү. Анын жыйынтыгы тууралуу азырынча расмий кабар айтыла элек. Адатта расмий жыйындардан соң өткөрүлчү пресс-конференция бул ирет болбой калды.

Кыргызстандан Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев жетектеген делегация бүгүн Брюсселде Евробиримдик менен жыйынын өткөрдү.

Кыргызстандын Брюсселдеги элчилигинин кеңешчиси Данияр Мукашев “Азаттыкка” айтканына караганда, жолугушууда Кыргызстан менен Евробиримдиктин ич-ара кызматташуусуна, жалпы регионалдык деңгээлдеги алакаларга байланыштуу маселелер көтөрүлдү. “Ортодогу кызыкчылык экономика, саясаттан баштап, адам укуктары, маданий тармактарда кызматташууга чейинки көп тармактарды ичине камтыйт”, - деди ал.

Жыйын кандай өткөнү тууралуу азырынча эки тарап тең расмий билдирүүлөрүн таратыша элек. Бирок “Азаттыктын” Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобякастын айтымында, Евробиримдик жыйында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына өзгөчө басым жасаган өңдүү.

“Маселен Биримдиктин жыйын алдынан таркаткан билдирүүсүндө Кыргызстанда оппозициянын лидерлерине, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго жана Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевге, “сот системасынын саясий оппоненттерге каршы колдонулушу” тынчсызданууну жаратып жатканы айтылат”, - деди кабарчыбыз Ахто Лобякас.

Евробиримдик ошол эле билдирүүсүндө Кыргызстандагы журналисттердин абалына да камтамачылыгын айткан. Киши колдуу болгон журналисттерди ким өлтүргөнүн табууга кыргыз бийликтери анча деле аракет көрбөй жатышканы да белгиленди. 2008-жылы масс-медиага каршы 50 жолу соттук териштирүү болгону айтылат.

Кыргызстанда жакында жарыяланган административдик реформадан кийин, Брюссел мындан ары Бишкекте конкреттүү кайсыл мамлекеттик орган менен кызматташаарын билбей турганын да көрсөткөн.

Өзгөчө кызыгууну жыйындан кийинки абал жараткандай болду. Анткени адатта расмий жыйындардан кийин өтчү пресс-конференция бул ирет болбой калды.

Кабарчыбыз Ахто Лобякастын айтымында, маалымат жыйыны кыргыз делегациясынын суранычы менен өткөн жок. “Бул адаттан сырт көрүнүш болду”, - дейт ал.

“Ооба. Кыргыз тарап пресс-конференциядан баш тартты. Бул жерде керек болсо өзбектер да, казактар да журналисттердин алдына чыгып жүрүшөт. Бул – адаттан сырт көрүнүш”, - деди кабарчыбыз.

Ал эми Кыргызстандын Брюсселдеги элчилигинин кеңешчиси Данияр Мукашев болсо “Кыргыз тарап маалымат жыйынынан баш тартты” деген кабар натуура деп билдирди.

“Жок. Бул туура эмес маалымат. Биз пресс-конференцияга даярбыз. Ал проблема эмес. Бирок алар (Евробиримдик – ред.) бизге “Журналисттер жок экен” дешти. Кабарчылар жок болсо, биз кимге пресс-конференция бермек элек?”, - деди Кыргызстандын Брюсселдеги элчилигинин кеңешчиси Данияр Мукашев.

Ушул эле күнү кыргыз тарап Европарламенттин мүчөлөрү менен да жолугушту.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG