Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

5-августта үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам кабыл алынганы баарыбызга маалым. Бул кыргыз мыйзамы кимге каран түн түшүрөөрүн билбейм, бирок мен үчүн бул – кыздардын келечегинин камын көрүүгө багытталган жаңы бурулуш учур. Эми оюмду толугураак чечмелеп көрөйүн...


Бактысыз келин – ажаан эне

Тээ илгери, улан кезимде Нарын шаарындагы мектептердин окуучуларын жакынкы колхоздорго чөп жыйганга жардамга таркатышты. Балдар-кыздарды айылда үй-үйлөргө бөлүп жаткырышты.

Керээли-кечке чөп жыйып иштейбиз, кечинде келип тамак ичип, тоо суусуна түшүп, ойноп-күлүп, анан кулап калабыз.


Нарын дарыясынын өрөөнү жай мезгилинде.
Биз конок болуп жаткан үйдүн ээси - өтө күжүрмөн тракторчу-комбайнчы экен.

Айлаа-найы-ын, аялы абдан сулуу экен, бирок тилинин заардыгын айтпа!

Күйөөсүн да кууруйт, балдар-кыздарын да кууруйт.

Көр жемеси таңда башталат, биз уйкуга кеткенден бир оокумдан кийин гана басылат окшойт.

Ушундан көрө дүйнөдөн так өтүш керек”, - деп бирибиз тамашаласак, экинчибиз: “Кайсы классташ кызыбыз ушундай “өнөрлүү” болоор экен?” – деп суроону “кабыргасынан койот.

Азыр эле аныктап алчудай, классташ кыздарды астыртадан жалт карап калабыз.

Адилеттик үчүн айта кетели, бул апанын сырттан келгендерге (бизге) мамилеси дурус эле болду. Меймандостук деген өзгөчө касиет эмеспи.

Кийин гана, турмуштун ачуу-таттуусун билген соң, ошол татынакай, сөзгө бай, бирок тилинен жылан ызгаар чачкандай айымдын тагдыры тууралуу ой жүгүртүп көрдүм.

Бизге үзүл-кесил жеткен маалыматка караганда, ал – коңшу айылдагы тектүү эле бүлөдөн чыккан, мектепте окуусун жакшы окуган дешет. Саат басып, он алтыга келгенинде болочокто жогорку окуу жайды бүтүрөм деген ою жокко чыгып, аны алиги момун жана өтө мээнеткеч байке ала качып кетет.

Албетте, Теңир-Тоодогу өтө жарамсыз ылакап сөздөрдүн бири – “таш түшкөн жерде оор” деген эмеспи.

Ата-энеси да, жакын туугандары да “болоору болду, эми ала качкан жигитке бүлө болуп бер” дешет.

Жыл сайын төрөп, очор-бачар болушат, бирок алиги айым тагдырындагы муңун өзү сүйбөгөн күйөөсүнөн, андан көргөн балдарынан чыгарат. Мунусун ал айым өзү деле анча аңдабаса керек...

Нике, билим жана замана

Эми алиги жаңы мыйзамга келсек, андагы жаңы эрежелер кыргыз кызынын тагдырын азыркы турмуш чындыгына кыйла ылайыкташтырып жатат.

Илгерки заманда “чоң атанын тебетейи менен урганда кулап түшпөсө эле, кызды турмушка берүү керек” деген түшүнүк бар болчу. Кызды окутуп-чокуталы деген акыл ар бир эле ата-эненин оюна келе берчү эмес.

(Ошого карабастан, билимдүү кыздар Өктөбүр ыңкылабына чейин деле арбын болгон. Кыргыз кыздарынын ичинен жазма билгендер, ыр жазгандар, жок дегенде Куран окуй алгандар да кыйла болгон.

Бирок андай сабаттуу кыздар, башка чөлкөмдөрдөгү жана өлкөлөрдөгү илгерки коомдордогудай эле, тектүү үй-бүлөлөрдөн гана чыккан).


Уз энелер жана эжелер. Нарын. 16.9.2010.
Совет доорунда чоң бурулуш болуп, өзгөчө 1960-80-жылдардагы Кыргызстан менен Казакстанда, “уулум окубаса мейли, кызым университетте, техникумда же атайын окуу жайда окуп диплом алып алсынчы, өнөрү болсо, анысын өркүндөтсүнчү”, - деген түшүнүк ата-эненин көңүлүн бийлеп калган. Бул - өтө чоң илгерилөө эле.

Совет доору ураган соң...

Коммунисттик түзүлүш кулагандан кийинки жылдары убактылуу кыйынчылыктардан жол таба албай кыйналган бир далай ата-энелер кайта тетирисинен кетип, кыздарын окутуп отурбастан, турмушка эртерээк узатып киришти.

Ал кездеги мыйзам 16 жашты талап кылса, дакүментти “бир балээ кылып” оңдотуп, кызын 14-15 жаштан турмушка бергенине маашырлангандар да чыкты.

Эмнеге ашыгып-шашылышат дейм да?

Канчалык цивилизацияга тереңдеп кирсек, ошончолук балдар-кыздардын жетилүү жашы кечеңдээрин биз, жаман акылыбызда, туура эмес көрөбүз.

А чын-чынында, бул – бакыт дегендик. Коомдук илгерилөө дегендик.

Көөнө доордогу жана азыркы ымыркай

Тээ байыркы неандертал кишилеринин баласы туулгандан, каз-каз басып өз алдынча жылып калганга чейин болгону 4-5 ай өтчү экен. Азыркы балдар тогуз айдан бир жарым жашка чейинки убакта араң басканга үйрөнүшөт.

Неандертал кишинин баласын ажал чачып күткөн байыркы жугуштуу жана башка илдеттер, жапайы айбанаттын жана табийгаттын алдындагы алсыздык, капысынан баса турган жут, ачарчылык, күн сайын кыргындан сактануу, жана ушул сыяктуу жагдайлар, коркунучтар азыр таптакыр жок.

Бирок неандертал эне өз чүрпөсүн электр агынынан, тогуз кабат үйдүн балконунун тешигинен, тээ башка континенттерден туристтер алып келчү сасык тумоодон, улуураактар таштап кеткен сагыздан же “бөдөнө сүтүнөн”, дарыгердин туура эмес сайган дарысынан, деги койчу, далай коркунучтардан сактап убара болчу эмес эле.

Ошого карабастан, неандертал баланыкына караганда, азыркы ымыркай үчүн түзүлгөн ыңгайлуулук, бөксөртүп айтканда, жер кепе менен жети жылдыздуу конок үйүнүн айырмасындай эле бар.

Коом деңгээлине ылайык, азыркы ымыркай баса элек кезинде эле үйрөнүшү керек болгон маалымат – неандертал кишинин баласыныкына караганда жүз эсе көбүрөөк.

Жетилүү доору узарууда

Ошол эле учурда, азыркы улан-кызга адамзат буга чейин топтоп келген интеллектуалдык жана башка коомдук мурасты өздөштүрүп, бутуна турушу үчүн көбүрөөк убакыт жана мээнет зарыл.


Нике тилек: Алдыңарды акча бассын...

x
Демек, азыркы уул-кыздардын дене-мүчөсү табийгат инерциясы менен эрте жетилгенине карабастан, коом мүчөсү катары татыктуу жетилүү үчүн аларга эми 17 жаш таптакыр аздык кылат.

Ошондуктан ар бир ата-эне өз кызынын балалык жана жетилүү чагын жасалма кичирейтпестен, тескерисинче, узартууга умтулушу керек.

Азыркы ата-эне мурдагы доорлордогудай:

Кызым 19дан өттү, кара далы атыкмай болду”, - деп кейип-кепчибестен:


Кыргызстанда чет тилдерге кызыккан жаштардын саны артып барат. Билим берүү борборунда англисче TOEFL сынагына даярдоо сабагына катышып жаткан кыздар. Нарын ш., 2011-ж.
Чыда, кызым, 21-22 жаштан кийин деле турмуш куруп тынасыңар, Жок дегенде унаа айдаганды, компүтерди колдонгонду билип, окуунун жаманы болбойт эмеспи, бери дегенде кесиптик бир окуу жайды бүтүрүп алчы!” - деши керек.

Азыр эр ортону – элүү эмес, бери дегенде алтымыш беш жаш болуп калды. Демек, бала чак менен жаштык кездин жогорку босогосу да өйдөлөөдө.

Нике жашы жана замана талабы

Жаңы мыйзамда олуттуу себептерден улам үй-бүлөнү эртерээк кура тура турган кыздын жаш курагы 17ден кем эмес деп таанылды. Мага койсо, ошол “босогону” да 18 жашка чейин жогорулатаар элем.


Үйлөнүү тою канча турат?

x
(Албетте, турмуш мыйзам менен гана байланып калбайт. 18ге чыга электе эле Ромео менен Жулиетта болуп кетчүлөрдү, кош бойлуу Жулиетталарды кантип тыябыз? Ошон үчүн депутаттар “өзгөчө бир жагдай болуп калса” деп турмуштагы окуялардын алдын алган бир берене да киргизип кеткен экен. Бирок улан-кыздардын баары тең эле ошол берененин көлөкөсүнө жабыша бербесе экен!)

Диниятчылардын нике кыйуусу маселеси төрөндүк (секулярдык) коомдун деңгээлинде чечилгени да талапка ылайык болду.

Туура аңдаган кишиге – бул чара эч бир динди бутага алган жок. Бул мыйзамдык берене - чала сабат молдо (мусулман) же мормон диниятчысы (христиан) же башка бир диний ишенимдин никелик жөрөлгөлөрүн жүзөгө ашыруучу өкүл “никебизди кыйып койду эле” деп, диний жөрөлгө менен чектелип алданган, кийин укугун коргоого жарамдуу эч бир даректик кагазы жок болуп чыккан шордуу келиндер Кыргызстанда мындан ары болбосун деген эле мыйзамдык механизм.

Сезимдеги бурулуш

Жалпылап айтканда, мен жалпы ата-эненин элүү-алтымыш эмес, жүз пайызынын түшүнүгүндө жаңылануу болсун деп тилейм.

Азыркы атуулдар “кыздарыбыз турмуш куруудан оболу 20-21 жашка чейин окуп, таалим алып, кандайдыр-бир кесипке ээ болсун, ошого биз да огожо бололу”, деген ойду замана талабы катары кабыл алууга жапатырмак көчсүн деп тилээр элем. Кыздарыбыз сабаттуу, кесипкөй жана эркин болсо, жээн-неберелерибиз тың чыгат, кайрымы элге эле тийет. Же адашып жатамбы?

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG