Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Койон жыл, сен бизден коркпо!


Бул жыл да азил жана күлкү менен коштолсун! (Жаӊы жылдык ураандардан)

- Жаӊы Жылда эстондор евро мейкиндигине кирет экен.
- А-а бечаралар...
- Алардын эмнеси бечара?
- Эстондорду эмес, алардын чыгыш коӊшуларын айтып жатам. Дайыма эстондорду “жайбаракат эл” деп азилдешет эмеспи, өз башындагы төөнү көрбөй.

* * * * *

Жаӊы жылдын ирегесинде эрди-катын дүкөнгө кирет. Жубайы улам баалуу тондорду кармалап жүргөн чакта сатуучу тигинин күйөөсүнө кайрылат:
- Бир нерсе сатып алгыӊыздар келип жатабы?
- Ооба, үйүбүздөгү күбөлөр жесин үчүн жаӊы азык издеп жүрөбүз.

* * * * *

- Жаӊы Жылды жакшылап тосоюн деп жатам. Арбын ичкилик сатып алдык.
- Бооруӊчу, ооруп жүрбөдү беле аныӊ?
- Бул тууралуу ал да кабардар.

* * * * *

Марк Твен (Mark Twain) айткан дешет: мына эми жаӊы жылдын алгачкы күнү. Ушул жыл үчүн берген олуттуу убадаларыӊ сени эки-үч күн уктатпайт. Бирок кам санаба, адатыӊча бир апта өтүп-өтпөй эле убадаларыӊды оо дүйнөгө четинен узата баштайсыӊ.

* * * * *

- Жаӊы Жыл майрамынан залака көргөн тараптар, ордуӊуздардан туруӊуздар, - деп сот залга кайрылды.
Ордунан козголгондордун арасында Ашказан, Кур жана Капчык болду.

* * * * *

Саясатчы – куруучу эмес, жайгаштыргыч. Саясатчы – бул өзүнө чейинкилер тарабынан курулгандарга өз кишисин кожоюн катары жайгаштырчу эпчил. (Жаӊы жыл ачылыштарынан).

* * * * *

Карышкырдан сурашыптыр:
- Жаӊы жылды кандайча элестетээр элеӊиз?
- Койондун жылы болсо экен.

* * * * *

Баары уктап жатканда үйгө тымызын кирген ууру балатынын алдындагы белектерди кармалап, оюнчуктарды четке жылдырып, кожоюнга даректелген бир конвертти гана уурдап жылт койот экен.
Алыс качып барып аны ачса, анда "Балам, ипотекалык банкка 100 000 КС карыз элем, ошону башкаларга айтпай туруп төлөп койчу!" деген өтүнүч кат бар экен.
XS
SM
MD
LG