Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

"Уикипедиянын" 10 жылдыгына карата интернеттик азилдер


15-январда "Уикипедияга" (wikipdeia.org) он жыл толот. Ал эми интернет тууралуу азилдер жашы жагынан андан төрт эседен көбүрөөк убакытка улуу.

Компүтерге жаңыдан отурган үйрөнчүктүн сөздөрүнөн

- Алло, бул компүтер адиси бекен? Айтып койсоңуз. Мен ворд документке текст жазып атсам, тексттин алды улам кызыл менен сызылып калып атат (ред. – тексттин грамматикалык катасы бар жогу текшерилүүдө). Мага минтип кызыл сыя менен алдын сызуунун эч кажети жок. Эртең текстти салык инспекциясына алып барам, ошол жактан сызып алышат, керек болсо!

- Алло, бул компүтер адиси бекен? Жооп берип койсоңуз. Мен электрондук катты кантип жөнөтөм? Мен почта индексимди билбейм да. Же аны почточудан сураш керекпи? Жиберген катым жетеби? Кайсы почто кутусун айтып жатасыз? Электрондук? Менин үйүмдүн почто кутусу электрондукпу же жокпу, аны кантип билсек болот? Сыртынан ал темир куту болуп эле көрүнөт. А берки, жанагы, сиз айткан электрондук кутуну кайсы дүкөндөн сатышат? Дордой базарда барбы?

- Алло, бул компүтер адиси бекен? Суроом бар эле сизге. Компүтеримди оңдоп кетпедиңиз беле, анан эле ачылбай калды. А-а, сырсөздү оңдодуңуз беле? Сырсөздү кайталап айтсаңыз? Бир-Эки-Үч-Эки-Бир... Эми аны кантип эстеп калам, кудай аткырдыкы...

* * * * *

Интернеттин шайтан-шабыры

- Балам, сен көп эле компүтерде отуруп, интернетиңди аңтара бербесеңчи, - де чоң эне небересине кайрылды. – Мында өтө коркунучтуу саат-балакет бар көрүнөт, көзүң да кызарып чыгат экен. Эми тетиги сүрөттөрдү карагандан уялбайсыңбы, чоңатаң да андай жылаңачтарды көрчү эмес.
- Ой чоң апа, мен бул интернетти ачаарда сиз үйрөткөндөй бысмылда деп үч жолу айтып, “Жараткан Теңир өзүң жаман иш кылсам кечире көр!” деп алып анан ачып атам. Ошого карабай бул сүрөттөр чыга калып атканын, шайтандар десе! Сүф! – деп небере чычканды басып койду эле, компүтердеги “периштелер” экрандагы сүрөттү ак кар баскан тоонун ажайып сүрөтүнө алеки заматта алмаштыра салышты.

* * * * *

Таңдануу

Мен кичүү кызыма жагыш үчүн эмнелерди гана кылбадым! Куурчактын түрлөрүн сатып бердим. Балдар аянтында (курсагым салаңдап турса да) эч кимге жеткирбей чуркап жүрдүм. Ал үйрөнчү чет тилди алдын-ала үйрөнүп жүрдүм.
Бирок мунун баарын ал ансыз да атасы жасай турган иш-аракеттей кадыресе кабыл алып келди.
Өмүрүмдө биринчи жолу анын таң калганын бүгүн гана учураттым.
Интернетке макала жайгаштырып жатсам, ал артымдан келип окуп жатыптыр:
- Опе-ей, ушул өспүрүмдөр көп окуган блогдун модератору сиз белеңиз, ата?

* * * * *

Орусиядагы интернетчилер күлүшөт...

Орус президенти Дмитрий Медведевге интернетте видеоблог ачуунун кандай кажети бар эле? Анын ансыз да Биринчи каналы бар эмеспи!

Ардактуу өкмөт башчыбыз Владимир Путиндин туулган күнүнүн урматына мындан ары Орусиянын интернет ресурстарынын дареги мурдагыдай “чекит ру” (.ru) деп аяктабастан, “чекит пу” (.pu) деп коюлмакчы.


* * * * *
TCh.
XS
SM
MD
LG