Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:02

Күмөндөр Абылов: Кыргыз куудулдарынын көбү сатира жанрын айырмалап билбейт


Куудул Күмөндөр Абылов.

Куудул Күмөндөр Абылов.

Кыргызстанда 1-апрель расмий түрдө болбосо да күлкү күнү катары айтылып келет. Бирок Маданият министрлиги бул күнү эч кандай күлкү конкурстарын, куудулдар оюн-шоогун белгилеген эмес. Сатира жанрларын айырмалай албаган, сахна тилин, өзгөчөлүктөрүн билбеген, театралдык билими жок куудулдар бул тармактын кадыр-баркын кетирмек болду, деп күйүп-бышат өлкө маданиятына эмгек сиңирген артист, белгилүү куудул, обончу Күмөндөр Абылов кабарчыбыз менен болгон маегинде.

- Күмөндөр мырза, бүгүнкү Күлкү майрамыңыз кут болсун! Күлкү ден-соолуктун мүлкү дейт, ден соолуктун мүлкү болгонго жарап атабы, же элдин күлгөнгө чама-чаркы жетпей калдыбы?

- Күлкүнүн да түрлөрү бар. Азыркы балдардын күлкүлөрүн карасаң, эч маанисиз, бир калжың сөздөргө күлүп, алардын да өзүнүн күлкүлөрү бар. Саясатчыларды карап отурсак алардын да өзүнчө күлкүсү бар. Анын баарын бүткүл элге айтсаң, элдин баары ага күлбөйт.

Адабияттык тилде айтылган күлкү бар, жалпы элге жеткиликтүү күлкү бар, биздин артисттер аткарган күлкү бар. Күлкүнүн түрү көп.

Негизи кыргыз күлкүгө аябай маани берип, күлкүнүн орду кыргызда чоң. Күлкүнүн ичинен жанрлары көп, илгери калпты апыртма, чымчыма, жанытма, какшык, анан албетте “Күлкү өмүрдүн мүлкү” деген сөзгө мен кошулам. Жанагыдай калжың сөз менен күлөсүңбү, же бүгүнкүдөй алдадым деп 1-апрелге шылтап күлөсүңбү, барыбир күлкү бар жерде өмүрдүн жакшы узара турган шыпаасы бар. Кыргыздар шылдың болбойлу, элге күлкү болбойлу, сөзгө калбайлы деп, бир сөзгө калса ошого аябай намыстанчу. Азыркы заманда сөзгө маани берген деле киши жок.

Артынан шыбап жамандап гезитке жазып атсаң деле ошол жазып аткан киши деле арданып, же болбосо туура реакция бергенин көрбөйсүң.

- Күлкүнүн түрлөрү көп деп айтып атасыз, азыркы учурда куудулдарды карап турсаңыз, ошол жанрдын баарын камтыбай эле көпчүлүк жаштар калжаң болуп, шылдыңдаган сыяктуу күлкүнүн кадыр-баркын алар, айрым куудулдар түшүрүп аткандай көрүнүш бар. Ушуга сиздин пикириңиз?

- Туура айтасың. Биринчиден, ушунун баары айланып келип эле сахнага чыгып аткан куудулдардын теске салынбай, режиссердун, комиссиянын астынан өтпөй, өз билгендерин кылып атат. Экинчиден, билим деңгээлинин төмөндүгү, жоктугу, сахнанын закондорун билбегендиги, маданияттын төмөндүгү.

Илгерки Куйручуктардай болуп ашта-тойдо абалга жараша күлдүрбөй, бул жерде элге билет сатылып, эл келип, сахнада элге ошол күлкүнү сахнанын тили менен жеткириш керек. Азыркы талап ушундай. Саханын тили ар бир айткан күлкүлүү окуя өзүнчө бир чыгарма дегенге жооп бериш керек. Куудул десе эле саясий жакты алам дейт дагы түз эле Акаевди, же Бакиевди туурай баштайт. Ошонун үнү менен ошолор айткан сөздү баштан-аяк калтырбай туурап, кээ бир жерин апыртып, сөз кошуп айтышат. Бул өзү куудулдук эмес, бул келекелөө, маскаралоого жатат.

Мындайча айтканда пикетчиктин номуру болуп калып атат. Пикетке чыккан киши так ушундай номур айтышы ыктымал, арызчыл киши Бакиев, же Акаев деп алып ошого жеке таарынычын айтышы ыктымал. Ал эми сахнанын тили башка да.

Кыргызда, бардык эле элде тамсил деген бар. Мына күлкүнүн эң туу чокусу деп, жанрдын көбүнөн жакшысы деп мен эң профессионалдуу адамдарга маданияттуу жеткире турган ушу тамсил жанры деп айтат элем. Себеби тамсилде карышкыр менен козуну айтсаң, ошол карышкыр менен козуну айтып атасың, бирок карышкыр ким, козу ким эл өзү таразалап билип алат. Карышыкыр да билип алат, мени айтып атат го деп, эгер жетсе козу дагы мен экемин деп билип алат.

Өзүмдү мактабайм, “Тараканымды” айтканда, таракандар так ушу сыяктуу биздин коомдогу жат нерсени жоготобуз деп кайра туура эмес подход жасап көбөйтүп алган жөнүндө.

Бизде дагы ушу сыяктуу аракты жоебуз деп самогон кайнаткандан өйдө үйрөнүп алган кезибиз. Бир жагы ушуга тиешелүү болсо, экинчи жагы ошол кезде таракандар чындыганда ар бир үйдө бар болчу. Бул чыгарма элге жакшы жеткени үчүн мени “таракандар” деген кличкага ээ кылган.

- Сизди атайын жогорку окуу жайларды, мисалы искусство институту, же болбосо театралдык окуу жайларды чакырып, бул жанрларды балдарга үйрөт деген сунуштар болду беле?

- Андай сунуш болгон эмес. Бирок менин оюмча, куудулдукту өзүнчө өнөр деп өзүнчө факультет ачуунун деле кажети жок. Бизде актердук, режиссердук факультет бар, ошол бизге жетиштүү болот эле.

Актердун ичинде ар кандай амплуадагы актерлор болот. Мисалы, трагик, комик, кыскасы сахнаны биле турган, сахнаны көрала турган, сахнаны түшүнө турган билими болсо, ошол куудул жигитке көп жардам берет эле. Кудай берген талантын, чымынын ушул окуу жай, окуу өзгөчөлөнтүп анан сахнага жеткирсе ошол киши жакшы ачылат эле.

- Сизди кыргыз эли баалап-барктайт, анан казак күйөрмандары да сизди баалап чакырып жүрөт дейт?

- Мен 2000-жылдан бери казактар менен иштешип жүрөм. Казактарда “Күлкү кербени” деген куудулдардын театры бар.

Ошол театр менен иштешип жүрөм, концертке кетип атам. Казактын тили менен аткарууга туура келет. Себеби жалгыз баргандан кийин жанымдагы партнерум казакча сүйлөп, мен кыргызча сүйлөгөндө болбой калат. Анын үстүнө ар бир сөз жеткиликтүү болуш үчүн казакча сүйлөп жүрөм.

- Күлкү күнүндө “Азаттык” радиосунун угармандарын бир шингил күлдүрүп койбойсузбу?

- Жекеле сен эмес, көп кишилер шашылыш жерден күлдүр дейт, кээде кыты-кыты дегенге туура келет. Анан кээде ойлом, атаңкөрү электроннный болуп калбаганымды карачы, эгер электронный болгонумда токко сая койгондо эле күлдүрө баштайт элем деп.

Анан бир туруп Бекназардын күлдүргөнү эсиме түшөт.

Бекназарды атайын түнүчүндө конокторун тосуп аткан бир бай чакыртып, ат менен алдырып алып, сен күлдүргүн дейт экен да. Уйкусун бузуп, канча жерден ат менен алдыртып алып нан ооз тий деп да койбой, эшиктен киргенде эле күлдүр дейт, тим эле ал бир күлдүрө турган автоматтан бешбетер.

Ошондо Бекназар мындай күлдүргөн, адегенде сураган:

- Сизди күлдүрөйүнбү, же конокторуңузду күлдүрөйүнбү? – деп.

"Ой мен сага күлбөйм деле, мени күлдүрбөй эле кой айланайын, мен сага күлкүм деле келбейт, мобу отурган конокторумду күлдүр" дейт экен.

Айтат экен:

– "Кап атаңкөрү күлдүргүч баштыгым үйдө калып калган турбайбы, эгер калып калбаганда мен ал кишини кандай күлдүрөт элем билесиңерби" – деп, баягы байды сүрөттөп келет:

- Алдыңкы эрди шалпайганча, ача буту талтайганча, таноолору дердейгенче, муруттары сербейгенче, – деп баягы байдын ар бир айтып аткан жерлерин көрсөтүп айта баштайт.

Ошондо отурган элдер боору эзилип күлө баштайт дагы, чындыгы тиги киши арданып, бир гана ошол бай күлбөй турат.
Ушундай кутулган экен.

- Маегиңизге ырахмат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG