Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:39

Райкан Шүкүрбеков: Шайырлардын жан досу


«О, чиркин бир кеткен жан келсе кайра, Андай укмуш болушу кайда, кайда» дегендей куйкум сөздү куюлуштура сүйлөгөн ак кагаздын бетине берметтей ырларын төккөн акын, жүргөн жерин карк күлкүгө толтурган куудул артист, кара сөздүн каймагын калпый жазган прозаик, драматург, котормочу Райкан Шүкүрбековдун ордолуу калкы менен түбөлүккө коштошконуна быйыл 43 жылдын жүзү болду.

Ал тирүү болгондо 92-жашка чыкмак. Маркум Райкан 1938-жылдан көзү өткөнгө 1962-жылга чейин Кыргыз Улуттук филармониясында адабият бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.

Колдору кат тааныбаган сабатсыз залкар шайырлар: Муратаалы, Карамолдо, Ыбырай, Калык, Осмонкул, Алымкул, Атай, Муса жана башкаларды окутат. Акындардын ырларынын оңдогон жерлерин оңдойт, такай кеңешин берет. Комузчулардын күүлөрүн, манасчылардын, дастанчылардын айткандарын да угат. Өзүнүн каалоо-тилектерин айтат.

Ошентип, жүрүп Райкан шайырлардын чыныгы устатынан, көптү билген маалиминен болот. Шайырлар Райкансыз, Райкан шайырларсыз жашай албагандай ишенимде, бир үй-бүлөдөй биримдикте, ырыс алды ынтымакта иштешет.

Райкан карыя музыканттарды окутуу, сабатсыздыгын жоюу менен бирге алар үчүн өздүк репертуарларды да даярдайт. Айрымдары үчүн ырларды, интермедия, пародияларды жана башка концерттик номерлердин сөздөрүн жазат. Бир эле мезгилде Райкан жан дүйнөсүн элдик музыканын кооз үлгүлөрүнө сугарат.

Шайырлардын ырдаган ырлары, айткан дастандары, черткен күүлөрү тула боюн кытыгылайт. Ал алп шайырлардын ар бир ырын, күүсүн уккан сайын миң жашка чыккандай кубаттанып кумардан канат.

Ошентип, ал көзү өткөнчө ыр менен күүнүн толкунунда чабак урат. Айрыкча, ал комуз күүлөрүн укканда дене боюн көөлбөтүп, күү кайрыктары менен кошо кайрылат.

1959-жылдын май айында Райкан аганын үйүнө жумуштап барып калдым.

Ошондо эки жашар Эсенбек деген уулун ак дасторкондун кашында эркелете отуруп «Комузчуга» аттуу жаңыдан жазган ырын окуп берген эле. Аны тасмага жазып алган элем.

Ошондо Райкан ага:

Канбадым уксам дагы отуз жылы,
Таңкалткан сыры терең комуз кылы,
Дүйнөнү чарк көпөлөк айландырат,
Шыктанып чын түшүнүп уксаң муну,

Күү деген кандан чыккан өлбөс элес,
Күү укпаган кулагың кулак эмес,
Ой чарчап, дене талып турган кезде,
Уккунда оюңа өзүң кеңеш,

Агын суу шаркырата кетчү бербей,
Думуксаң тоонун тунук жели келбей,
Кайгырба, жетим кулак күн көрөт,
Балдай эмгек сүтү калган эмес,

Тил жабышып башында жетим турат.,
Жетим өзү күү укпаса эки кулак,
Арманым жок өзүмө, аз болсо да,
Жүрөгүмө музыка жаккан чыгар.

Жетим калдым жашымда, көптү көрдүм,
Түптүн аңдып, бактыны издеп келдим,
Заманам комуз күүсүн бешик кылып,
Акыл, бакыт аралаштым четинен – деп, Райкан ага толкундана окуп берген.

Анан Карамолдонун «Ибараты» баштаган күүлөрүнөн угуп ой бөлүшкөнбүз.

«Акыл оошот, ырыс жугушат» дегендей Райкан залкар шайырлардын түркүн маңыздагы, түрдүү көркөмдүктөгү көп түстүү чыгармаларын угуп жүрүп, ак таңдай акындардын, терме, санат үлгү ырларына таасирлене ошол кездеги жаш төкмө ырчы Эстебес Турсуналиевге арнап «Жинди суу», «Жер жөнүндө терме», «Кыз жигит» деген көлөмдүү ырларын жазат.

Ал ырлар оригиналдуулугу, бөтөнчө көркөмдүүлүгү, элдик үлгүдө жазылгандыгы, элдик обондордун өзөгүндө ырдалгандыгы менен карапайым калктын кеңири катмарына тарайт.

Эстеке, маркум Райкан аганын «Жинди суу», «Жер жөнүндө терме», «Кыз жигит» деген ырлары өзүңүздүн алгачкы жолу сахнага ырдап чыккан күндөн баштап эле карапайым угуучулардын эң бир сүйүктүү ырларына айланды Совет доорунда, азыр да эң бир курч маселеге айланган ичкиликке арналган «Жинди сууну» кандайча ырдап калдыңыз эле?

Ошол жөнүндө кеп салып берсеңиз?

- Мен филармониянын босогосун аттап, төкмөлөр Алыкем, Осокем, Какемдерге аралашкандан Калык атамдын «Акишин», Алыкемдин «Таластын көрүнүшүн», Осокемдин «Термесин», өзүмдүн «Анделегимди» ырдай баштадым. Ракем эмнегедир мага кызыгып калды, күндөрдүн биринде: - Ай, иним «Арак жөнүндөгү термемди» сага тапшырам. Сен ырдайсың – деди. Макул болдум. «Жинди суу» аттуу ырын мага берди. Эки күндүн ичинде жаттап келип ырдап бердим. Ракем: - Аткарганың, үнүң, тилиң баардыгы жакшы - деди. Кубанып калдым. Директорубуз Жапар Сыдыков менен Райкан жакшы жолдош экен. Ал радиого тасмага жаздырардын алдында «Арак жөнүндө терме» эмес, «Жинди суу» деп жаздыр - деди. Айтканындай атта жаздырдым. «Жинди суу» радиодон берилди. Он күндөн кийин Кыргызстандын төрт бурчунан «Жинди сууну» бергиле деген каттар жаап келе баштады.

Эми, Эстеке Райкан Шүкүрбековдун сиз ырдаган ырларынын төл башынан болгон «Жинди суудан» үзүндүнү аткарып берсеңиз дедим?

Акындар төгөт термени
Түгөнбөс ырдын кендери,
Эми уккула жолдоштор,
Термени жаңы мендеги.

Терменин башы арактан.
Айланып кетсин тамактан,
Силерге айтып жатамын,
Качсын деп жаман адаттан.

Карабайт кары-жашына,
Капаны үйөт башыңа
Жүргөн жери ызы-чуу,
Кеч кимге жакпайт жинди суу.

Берметтей болуп жылтылдайт,
Түлкүдөй болуп кылтылдайт,
Бөтөлкөдө жай жатат
Ичине кирсе чаңдатат,

Жалгыз эмес жинди суу,
Анда ага да бар, ини бар.
Спирт, пиво, винолор,
Ал кишисин билип ал,
Бардыгынын жини бар,
Өздөрүнчө тили бар.

Эч кимге кылбайт жакшылык,
Жетелеп кетет азгырып,
Жамандык менен жакшылык,
Каршы болот турбайбы.
Жамандыкка жинди суу,
Жарчы болот турбайбы,
Айтып коюш парс экен,
Жаш карыга мындайды.

Айтарым алыс, жакынга,
Айтканымды макул да,
Тумандатып башыңды,
Зыяны тиет акылга.

Кыргыз шайырларынын өздүк репертуарындагы көптөгөн ырлардын сөзүн, интермедия, пародияларды жазган белгилүү акын-драматург Райкан Шүкүрбековдун чыгармачыл портреттин бир шиңгили ушундай.
XS
SM
MD
LG