Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

Жаш интеллектуалдардын форуму аяктады


Умар кийин Кыргыз Техникалык университетинен билим алсам деген тилеги бар

Умар кийин Кыргыз Техникалык университетинен билим алсам деген тилеги бар

Ысык-Көлдө “Биз ХХI-кылымдын интеллектуалыбыз” деген аталышта эл аралык форум өттү. Ага ойлоп табуу жөндөмү жогору 160 жакын бала катышты. Уюштуруучулардын айтымында, Өзбекстан менен Орусиянын таланттуу балдары келе албай калышты. Кыргызстанда 12-жолу өтүп жаткан бул форумдун чыгымын “Кыргыз патент” көтөрдү.

Ойлоп табуу жөндөмү жогору, техникалык чыгармачылыгы терең, таланттуу балдар арасындагы конкурс 1998-жылы мектеп окуучуларынын эле арасында өткөрүлгөн. Алты жылдан бери ага студенттер да кошулуп жатышат. Эки жылдан бери ал эл аралык форум катары өтүп жатат.

Көлдө өтүп жаткан форумга 160 дай бала өз долбоору менен келген. Көпчүлүк 9-класстын окуучусу Умар Жалилов жасаган приборлоруна кызыгып жатты. Ал электр жабдыктарын, индикатордун түрлөрүн жасап келген.

Ош облусунун Ноокат районунан келген Умар булбулдун, башка да чымчыктардын сайраган үнүн, оюнчук КАМАЗ машинасынын бардык кыймылдаткычтарын алыс жерде туруп алып пульттун жардам менен жүргүзгөнүн көрсөттү. (жогоруда сүрөттө)

Бул форумга Казакстандан келген Айбар, Дамир аттуу 16 жашар окуучулардын да эмгеги өзгөчөлүүлөнүп турду. Алар Марс планетасына барчу кораблди жасап келишкен.

Жаш техниктер бул кемеси менен жылдыздар шаарчасына да барышаары күтүлүүдө
Өспүрүмдөр жасаган 120см.дик орбиталык кемени Москвадан космонавттар көрүп, аны реалдуу түрдө 120 метрде жасап чыгуу каралып жатканы да маалымдалды.

Коңшулаш мамлекеттердин ушундай жаш техниктеринин ойлоп табуу жөндөмүн өнүктүрүү жана аларга көмөк көрсөтүү үчүн балдардын “Алтын түйүн” аттуу инженердик техникалык академиясы быйыл 12-конкурусун өткөрдү. Жыйынтыгында 35 балага жеңүүчү сыйлыктар берилди.

Бул эл аралык форумга “Кыргыз патент” ишканасы демөөрчү болгонун интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик фондусунун бөлүм башчысы Дамира Түлөбердиева ырастыды. Анын айтымында, быйыл форумду өткөрүүгө жалпысынан 800 миң сом кеткен.

Жеңүүчүлөрдөн бир орун Кыргыз-славян университетине, бир орун Кыргыз Техникалык университетине берилип, бир жеңүүчүнү “Кыргыз патент” Жогорку окуу жайда окутуп, бүткөрүү милдетин алмак. Бирок быйыл конкурска бүтүрүүчү класстын окуучулары катышпагандыктан, балдарга компьютердик жабдыктар гана сыйлык иретинде берилди.
XS
SM
MD
LG