Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

2010-жылы 7-апрелден кийин бир катар банк уячаларынан алынган миллиондогон доллар акчалардын дайын-дареги коомчулукка бүдөмүк бойдон калууда. Банк уячаларынан чындап эле 21 миллион доллар алынганбы же андан көппү?

Сөздү бул бүдөмүк окуялардын чоо-жайынан баштайын: 2010-жылдын 7-апрелинен кийин айрым ири банктардагы баалуу буюмдарды сактоочу уячалардан ири көлөмдөгү акчалар алынган. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, “АзияУниверсалБанк” (АУБ, азыр “Залкар” банкы деп аталат), “Манас” жана “Бакай” банктарынын атайын уячаларынан 21,5 миллион доллардай акча чыккан.

Дароо айтайын: Бакиевдердин үй-бүлөсү жана алардын Евгений Гуревич, Михаил Надель сыяктуу жакын өнөктөштөрү топтогон байлык-мүлктөрү, банк уячаларына катылган акчалары кандай жол менен келгени - башка маселе. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары 7-апрелдин алдында, 2-3 күн арасында өлкөдөн 200 миллион доллардай каражат чыгарып кетишкенин айтышкан.

Ошентип 2010-жыл 7-апрелден кийин Бакиевдерге тиешеси бар делген банктар текшерүүгө алынып, банк уячалары ачылган. Биздин максат - ошол банк уячаларын ачуу аракети кандай жүргөндүгүн, бул иш боюнча айтылып жаткан ар кандай имиштер менен божомолдордун анык-чынын териштирип жана коомчулукка ачыктап берүү.

Башында эле белгилей кетели: банктарда видео көзөмөл жүргүзүлөт, демек банк уячаларын ачуу процесси тасмага түшүрүлүп турган. Бирок прокуратуранын жооптуу кызматкерлери тасма жазылган hard disc же катуу дисктердин баарын чыгарып кетип, ал дисктердин дайын-дареги азырынча белгисиз.

Акча алуу операциясын жазган катуу дисктер жоголду

2010-жылы 7-апрелде бийлик кулатылган соң 14 адамдан турган Убактылуу өкмөт өлкөдө бардык бийликти колуна алган. Сот жана прокуратура тармагын Азимбек Бекназаров тескеп калган. 8-апрелде Убактылуу өкмөт
Бул Башкы прокуратуранын, Каржы полициясынын иши. Ага Каржы министринин же Сариевдин эч кандай тиешеси жок. Алар иш козгошуп, өздөрү мыйзам чегинде барып, ошол банк уячаларын текшере башташты. Үй-бүлөгө жакын адамдардыкын текшеришти... Темир Сариев
өлкөдөгү оор кырдаалдан жана ири каражаттардын сыртка чыгарып кетүү коркунучунан улам деген чечимдин негизинде “АУБ”, “Манас”, “Ысык-Көл инвест”, “КыргызКредитБанк” жана “Акыл” банктарына тышкы башкаруу киргизген. Бул боюнча Улуттук банктан атайын токтом чыгартылган. Ошол тапта өлкөнүн Каржы тармагын Темир Сариев жетектеп турган.

9-апрелде мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган адамдарга карата Бишкек шаардык прокуратурасы Кылмыш кодексинин 183-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул берене "кылмыштуу жол менен табылган өтө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын же башка мүлктөрдү легалдаштыруу" деп айтылат. 14-апрелде бул кылмыш иши боюнча атайын тергөө тобу түзүлүп, анын жетекчилигине Бишкек шаардык прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү Анатолий Хегай дайындалат. Башкы прокуратуранын ырасмий документтеринде 15-апрелден 23-апрелге чейин Хегайдын тобу “АУБ”, “Манас” жана “Бакай” банктарындагы атайын уячаларды ачып, ири суммадагы акчалар, баалуу буюмдар жана документтерди алганы жазылган.

“Азаттыктын” колуна тийген документке караганда, Анатолий Хегай 18-апрелде “АУБда” орнотулган видео камералар тартып алган бардык маалыматтарды алуу боюнча токтом чыгарган. 20-апрелде чыккан ушундай
Ошол банктардагы жүрүп жаткан бардык процесстерди жазып алган видео камералардын жанагыдай дисктери жоголуп кеткен. Биз тергөөдө канчалык аракет кылсак да ал дисктерди таба алганыбыз жок. Дал ошол дисктердин жоктугуна байланыштуу күмөн ойлор калып атат... К.Байболов
эле токтомдун негизинде “Манас” банкындагы акча алуу процесси тартылган видео маалыматтардын баары алынган. Кийин ал дисктер азырынча белгисиз себептер менен жоголуп кеткен.

Буга байланыштуу 2010-жылы сентябрда башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган Кубатбек Байболов 12-октябрда кылмыш ишин козготкон. Кылмыш иши банк уячаларын ачууда “Кызмат абалынан кыянат пайдаланган” деген негизде, же болбосо Кылмыш кодексинин 304-беренесинин 3-бөлүгү боюнча козголгон. Банк уячаларынан акчаларды жана видео көзөмөл боюнча бардык маалыматтарды алуу иштерине көзөмөл кылган шаар прокуратурасынын жооптуу кызматкерлери Анатолий Хегай менен Алтынбек Намазалиев сурала баштаган. Ал эми шаар прокурору Кубанычбек Абылов менен анын орун басары Манас Нишанов кызматтарынан алынган. Бирок аларга карата кылмыш иши козголгон эмес.

Бул факт – банк уячаларынан иш жүзүндө 21 миллион доллар алынганбы же андан көппү деп мыйзамдуу суроо коюуга негиз берчү маанилүү көрүнүштөрдүн бири. Ошентип аталган кылмыш иши тергелип бүтө электе башкы прокурордун милдетин аткарып келген Кубатбек Байболов кызматынан алынды. Ал ортодо былтыр банк кутучаларын ачуу операциялары маалында сот жана прокуратура тармагын көзөмөлдөп, анан парламенттик шайлоодон кийин ишсиз жүргөн Азимбек Бекназаров президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү кызматына дайындалды.

Башкы прокуратуранын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын жетекчиси Учкун Каримов козголгон кылмыш иштери дагы эле тергелип бүтө электигинен улам “Азаттыкка” эч кандай маалымат бере албайм деп билдирди.

Банк уячалары ачылган күндөр да суроо жаратат

Ырасмий кагаздарда “Бакай” банкынан 15-апрелде, “Манас” банкынан 17-апрелде жана 20-апрелде, “АУБдан” 18-апрелде жана 23-апрелде акчалар алынганы көрсөтүлгөн. Жалпы 21 миллион доллардан ашуун каражат алынганы ырасмий жарыяланган. Бирок ырасмий эмес маалыматтарга караганда, 7-апрель түнү эле банк уячаларынан акчаларды алуу аракеттери башталган. Жеке коопсуздугунан чочулап, ысымын ачык айтуудан баш тарткан “АУБдун” мурдагы кызматкеринин айтымында, 2010-жылдын 15-апрелине чейин эле банк уячалары ачылып, жооптуу кызматкерлердин жана күбөлөрдүн катышуусуз эле каражаттар чыгарылып кеткени банк кызматкерлери арасында сөз болгон.
Убактылуу өкмөт аргасы жоктон прокуратурага команда бердик, “ар кандай маалымат түшүп атат, силер банктарга арест салып, банкы уячаларын токтоткула” деп. Мына ошондуктан биз конкреттүү түрдө, ушул-ушул уячада, баланча-түкүнчө адамдын акчасы бар деген маалыматтын негизинде, белгиленген гана уячаларды ачтык... А.Бекназаров

Ошол себептүү “Банк уячалары прокуратура көрсөткөн күндөрү эле ачылганбы же ага чейин ачылып кеткенби?”, “7-апрелден банк уячалары бузулган күндөргө чейин кандай окуялар болгон?” деген сыяктуу суроолор пайда болууда. Мындай шектенүүсүн мурдагы башкы прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболов да жашырбайт.

Албетте акча алуу процессинде атайын документ түзүлүп, ал жакка күбөлөрдүн аттары киргизилет. Документте көрсөтүлгөн күбөлөрдүн айрымдары суроого жооп берүүдөн жаа бою качышса, башкалары кандай иш-чарага катышарынан кабары жок эле күбө болуп калышкан.

Маселен, 18-апрель күнү “АУБдун” баш кеңсеси тарапта жүргөн Бишкек шаар тургуну Бекболот Пазиловду прокуратура кызматкери жардам кылып коюусун суранып, банкка алып кирген. Пазиловдун айтымында, ал эмне болгон иш-чарага катышарын билген эмес, банкка киргенден кийин гана “иш-чарага күбө болуп бер” дешкен. “Бир топко чейин акчаларды санап алып атышты. Бүткөндөн кийин үйгө кетип калдым. Башка эч нерсе билбейм” дейт ал.

Ал эми 20-апрелде “Манас” банкындагы акча алуу процессине күбө катары катышты делген аталган банктын касса башчысы Кубат Касымов болсо, банктын консерватору Мария Таранчиева маалымат берүүгө тыюу салганын айтууда.

Кутучалардан 21 миллион алынганбы же 100 миллионбу?

“АУБ” жана “Манас” банктарындагы банк уячаларында Максим Бакиевге тиешелүү 100 миллион доллардай акча болгонун өз булактарына таянып “Вечерний Бишкек” гезитинин журналисти Дина Маслова жазып чыкты. Тиешелүү органдар бул маалыматты четке каккан билдирүү жасашкан жок.

“АУБдун” эски кожоюну Михаил Надель менен электрондук кат аркылуу байланышканымда, “АУБдун” кардарлары арасында Максим Бакиев эч качан болбогонун, бирок ал ишенимдүү адамдарына эсеп ачтырып, чынында эле ушундай жол менен банк уячаларында акчаларды сактаган болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Ошондой эле М.Надель 7-апрелден кийин “АУБдун” коопсуздук кызматы ага видео тасма жөнөткөнүн, анда күч органдарынан келген кайсы бир адам банк уячаларындагы акчаларды тоноп, чөнтөгүнө да салып жатканы жазылганын айтат.

Дагы бир атын атагысы келбеген банк кызматкеринин айтымында, ошол 7-апрелдин түнүндө Максим Бакиевдин адамдары банк уячаларынан ири суммадагы акчаны жеңил унаага салып качышып, алардын аркасынан куугун уюштурулган. Бул боюнча айрым маалымат каражаттары да учкай жазып, ал түнү Максим Бакиевдин көрсөтмөсү боюнча шашылыш түрдө банк уячаларынан 20 миллион доллардай чыгарып кетишкени, куугун учурунда качкындардын кээ бири жаракат алганы маалымдалган.

Андыктан 20 миллион долларды бөктөрө качкандар карматпай кеткен күндө да, болжолдуу түрдө 100 миллион делген каражаттын 60 миллиону боюнча чоң суроо дале тактоону талап кылууда.

Миллиондор тынчтыкка кородубу же сол чөнтөккө кеттиби?

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү банк уячаларынан Бакиевдерге тиешелүү деп шектелген акчалар мыйзамдуу түрдө алынганын айтып келатышат. Ошол тушта өлкөнүн Каржы тармагын тескеп турган Темир Сариевдин айтымында, банк уячаларын ачуу чечими туура болгон. Бирок ал жактан акчалар кандайча алынганы, канча суммада алынганы тууралуу - бул иш-чараны уюштурган тиешелүү органдар жооп бериши керек:

Темир Сариев
-
Бул Башкы прокуратуранын, Каржы полициясынын иши. Ага Каржы министринин же Сариевдин эч кандай тиешеси жок. Алар иш козгошуп, өздөрү мыйзам чегинде барып, ошол банк уячаларын текшере башташты. Үй-бүлөгө жакын адамдардыкын текшеришти. Кылмыш иши козголду. Андыктан ачканга толук мүмкүнчүлүк бар.

Эгерде Максим Бакиевдин атына уяча турса, ал качып кетип жатса, жанагинтип сексенден ашык киши өтүп атса, Курманбек Бакиевдин жанында жүргөн жакын адамдардын атына уячалар турса эмне үчүн ачпаш керек? Ачышты. Ачканда ал жерден көп көлөмдөгү акча чыгып атпайбы. Ал акчаларды алар эмне ак эмгеги менен табышканбы? Бул элдин, мамлекеттен уурдалган акча болуп атпайбы?

Эгер кимдир бирөө уячаларды ачып атканда туура эмес иш кылса, анда ошол киши жооп бериш керек. Буга менин тиешем жок. Биз болгон маалыматты гана алып аттык. Анткени ошол кезде Башкы прокуратура менен Каржы полициясы ачып, мобунча акча таптык дешкен. Мен акыркы уккан сумманы айтып жүрөм 21,6 миллион доллар деп.


2010-жылы 13-сентябрда Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалып, 2011-жылы март айынын соңунда кызматынан алынган Кубатбек Байболов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, банк уячаларынан алынган акчалар боюнча мурдатан эле шеги бар болгонун, андыктан башкы прокурорлук кызматка келгенде бул боюнча кылмыш ишин козготконун, тергөө-иликтөө иштери азыр да уланып атканын, бирок эми бул иштин бети ашкереленери арсар болуп турганын билдирди:

Кубатбек Байболов
-
Биз тергөөнү абдан ыкчам жүргүзүп келаткан болчубуз. Иш соңуна чыгарына жакындап калган. Менин оюмча жакында тергөө бүтүп, жакында сотко ашырылышы керек. Бирок канткен менен жанагы эл арасында жүргөн бүдөмүк ойлор, бул иштин жыйынтыгында дагы табылбай калчудай. Себеп дегенде ошол уячалардан алынган акчанын суммасы биз жарыялагандан кыйла көбүрөөк деген бүдөмүк ойлорго биз жоопту таба элек болчубуз.

Ошол банктардагы жүрүп жаткан бардык процесстерди жазып алган видео камералардын жанагыдай дисктери жоголуп кеткен. Биз тергөөдө канчалык аракет кылсак да ал дисктерди таба алганыбыз жок. Дал ошол дисктердин жоктугуна байланыштуу күмөн ойлор калып атат да.


Банк уячаларына байланыштуу билдирүүлөрдү иликтеп аткан Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиянын мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов акча алуу маселесинде мыйзам бузуулар болгон деп эсептейт. Банк уячаларынан иш жузүндө 21 миллион чыкканбы же андан көп акча алынганбы - буга депутаттык комиссия жооп издөөдө:

Өмүрбек Абдрахманов
-
Биз азыр финансы адистери, депутаттардан турган эксперттик топ түзгөнбүз. Ошолорго тапшырдык, “эмне себептен дисктер жоголуп кетти?” деген сыяктуу маселелерди аныктагыла деп. Ошонун баарын бул комиссиянын жыйынтыгында айтабыз, тереңдетип айта албайбыз азыр. Бирок бул жерде көптөгөн акчалар негизинен сапырылып кеткени көрүнүп турат, ага көзүм жетти.

Кандай болгон күндө да депутаттык комиссиянын жыйынтыгында, ал акчаларды алганга өкмөттүн акысы жок болчу деген чечим болот. Экинчиден, алган күндө да акчаларды каржы системасы аркылуу берип, каржы системасы аркылуу көзөмөлдөп, мыйзамдуу түрдө жыйынтыгын чыгарып коюш керек эле.

Туура, Ошто оор кырдаал болгондо керек болгондур. А эмне үчүн абал тынчыгандан кийин, шайлоо алдында дагы алып атышат? Мүмкүн алар шайлоого пайдаланышты? Убактылуу өкмөттүн акча алууга кол койгон кишилери шайлоого жумшагандыр ал акчаларды?

Убактылуу өкмөттө сот жана прокуратура тармагын тескеп, азыр президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп турган Азимбек Бекназаров “7-апрелде банк уячалары ачылып, акчалар чыгарылып атат” деген имиштерди угушканын, ошол себептүү Бакиевдерге тиешелүү делген айрым банктарга көзөмөл киргизилгенин “Азаттыкка” тастыктады:

- Ырасмий эмес маалыматтар чыгып, “ушул банктардан уячалар ачылып атат, акчалар которулуп атат” дегенден, ушундай имиш-имиштер болуп аткандан Убактылуу өкмөт ал банктарды өз көзөмөлүн алды, эсептерди камакка алды. Жыргаганынан Убактылуу өкмөт ушундай жасады дейсиңби? Ошондой имиштер болуп атканына байланыштуу жасалды. Анткени ал банктар Максим Бакиев, Гуревич, Надель, Елисеевдерге, ошондой эле “Вечерний Бишкекти” колдоп аткан бир топ адамдарга байланыштуу болгон. “Вечерний Бишкек” алты айдан бери ошолордун кызыкчылыгын колдоп жүрбөйбү...

Анан ошондой акчаларды алып атат дегенден Убактылуу өкмөт аргасы жоктон прокуратурага команда бердик, “ар кандай маалымат түшүп атат, силер банктарга арест салып, банкы уячаларын токтоткула” деп. Мына ошондуктан биз конкреттүү түрдө "ушул-ушул уячада, баланча-түкүнчө адамдын акчасы бар" деген маалыматтын негизинде, белгиленген гана уячаларды ачтык
.

Азимбек Бекназаров
Бекназаровдун божомолунда, былтыр күздө Кубатбек Байболовдун катуу дисктердин жоголушу боюнча кылмыш ишин козготкону, анын шаардык прокуратура жетекчилигин кызматтан алыш үчүн ойлоп тапканы, жөн гана саясий оюн болуусу мүмкүн.

Бекназаров ошондой эле банк уячаларынан алынган акчалар боюнча өз дарегине айыптоолор, маселен, “Вечерний Бишкек” гезити былтыртан бери каралап келатканын, премьер-министр Алмазбек Атамбаев да буга чейин “жеп койду” дегендей сөздөрдү айтканын, андыктан бул ишти тез арада териштирип бүтүүнү талап кыларын кошумчалады:

- Мен өзүм бул боюнча эгерде кылмыш ишин кечиктире бере турган болсо, мен Бекназаров катары, ошол ыңкылаптын башында жүргөн киши катары, ошондой айрым ушак-айыңдар менин атыма келип түшүп атканына байланыштуу мен өзүм өтүнүч келтирейин деп атам.

Айтам, “ай Жогорку Кеңеш, комиссияңардын жыйынтыгын эртерээк чыгаргыла”,- деп. Маалымат каражаттары азыр ар кандай нерсени жазып атат. Алар эле эмес чоң-чоң мамлекеттик кызматкерлер ар кайсы жерге барганда сүйлөп коюп атышат. Же булар жооп берсин, же ошол убакта банктардагы эсептер боюнча жооп берген Темир Сариев менен мен жооп берейин. Муну чоң саясат кылып аткандар туура экенин далилдеп бизди түрмөгө тыксын, же болбосо ошолор отурсун, сөзүнө жооп бере албагандан кийин. Ар нерсенин чеги болот.

Айтмакчы, былтыр жайда ушул эле Азимбек Бекназаров менен Убактылуу өкмөттө Каржы тармагын тескеген Темир Сариевдин миллион доллар тууралуу телефондон сүйлөшүүсү жазылган аудио интернетке тарап кетип, кызуу талаш-тартыш жараткан. Кийин аталган каармандар сөз болгон каражат өлкөдөгү оор кырдаалды жөнгө салууга жумшалганын айтышкан. Канткен менен Темир Сариевдин: “Кагаз калбаш керек ал жерде, мурдагы актыларды айрыш керек... сиз экөөбүз эмненин баарын гана кылган жокпуз. Аны сиз гана билесиз, мен гана билем. Көптөрү түшүнгөн да жок аны, ойлоп атат да бизди жыргап эле калды деп” деген сөздөрү түшүнүксүз бойдон калды.

Ушул тапта бул чуулуу ишти Башкы прокуратурадан тышкары Жогорку Кеңештеги атайын комиссия да иликтөөдө. Президент Роза Отунбаева да Башкы прокуратурада атайын комиссия түзүп, 10-майга чейин аталган ишти иликтеп-тактап чыгууну тапшырган.

Кандай болгон күндө да банктардан катуу дисктердин жоголушу, бул боюнча карапайым гана аткаруучулар болгон шаардык прокуратура кызматкерлери гана суралып жатканы, ырасмий документтер боюнча банк уячаларын ачуу 15-апрелде башталса, банк кызматкерлеринин ага чейин эле уячалар ачылганын кеп кылышканы сыяктуу жагдайлар күдүк ойлорго ого бетер жем таштаган сыяктуу. Айрым серепчилер буга чейин боло жүргөндөй карапайым аткаруучулар садага чабылып, миллиондордун дайын-дареги ошону менен токтоп калышы ыктымал деп жоромолдоп жатышат. Бул чырлуу маселе боюнча “Азаттык” өз иликтөөсүн улантмакчы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG