Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07

Кыргыз журналистикасындагы кесипкөйлүк тууралуу KyrTAG агенттигинин башкы мүдүрү Улан Исаков айтып берди.

“Азаттык”: 7-апрелден бери басым-кысым кылган, кой-ай деген эч ким жок, “сөз эркиндиги” дегенге таянып журналисттер каалаганын жазып калышты. Бирок алардын кесипкөйлүгү артып, өсүп атабы?

Улан Исаков: Жалпы жаатынан алганда, өзүңөр билгендей өткөөл мезгилдин бийлиги “Массалык маалымат каражаттары төртүнчү бийлик болсун. Төртүнчү бийлик катары коррупцияны жокко чыгарууга, криминал менен күрөшүүгө өбөлгө болот, булак болот”,- деп, ошол үмүт менен мурда сот тарабынан жазаланчу берене болгон “бирөөгө жалаа жабуу, бирөө жөнүндө жалган айтуу” дегенди Өмүрбек Текебаевдер алып салган.

Негизинен мен бул жерде айтып кетчү нерсе, кыргыз тилдүү маалымат каражаттарына байланыштуу. Кыргыз тилинде көптөгөн гезиттер, интернет сайттары бар. Маалыматтын негизги бутагы, бул – булак, булак жана булак. Булак албетте тастыкталган болушу керек. Азыр кыргыз тили оор абалда турганда, менин өтүнүп кетерим ушул жакшынакай тилибизди жогорку деңгээлде колдонуп, мазмундук жана грамматикалык маанилерине жакшылап көңүл бөлүүлөрүн өтүнүп кетер элем. Анткени көп гезиттер көчөнүн деңгээлинде, сыраканадагы сүйлөшүүнүн деңгээлинде калып атат. Ошондуктан эң оболу сабаттуу болууну өтүнүп кетет элем.

Бул жерде курч жана өтө татаал маселе – акча каражаты болуп атат. Ар кандай саясий кызыкчылыктары барлар гезиттерди чыгарып атат. Кыска мөөнөттүү гезиттерди чыгарып атышат. Калкынын саны 5 миллиондон ашкан өлкөгө 2 миң нускалуу гезит кайсы бирине жетет, 3 миң нускалуу гезит кайсы бирине жетет? Анын чыгашасы кайдан келип атат? Ал да ойлондурчу маселе.

“Азаттык”: Фактыларсыз, ушак деңгээлиндеги маалыматтар кетип атканы боюнча, ж.б. сындар бар. Мындай көрүнүштөргө кандай чара эффективдүү? Анткени көп саясатчылар журналисттер менен соттошууну каалабасын, чатакты ырбаткылары келбесин айтып келишет.

Исаков: Менимче бул жерде өлкөбүзгө биримдик, ынтымак, толеранттуулук керек. Менин биринчи оюм, бул - Журналисттер кеңешин “де-юре” эмес, “де-факто” иштетүү, жандандыруу. Журналисттер менен өкмөттүн ортосундагы байланышты кармап, сактап, көпүрө болуп турган бир уюм керек. Азыр өзүңөр көргөндөй уюмдар өтө көбөйүп кетти, бирок ырасмий деңгээлде Журналисттер кенеши иштебей турат. Азыр ушуну жандандыруу абзел.

“Азаттык”: Сөз эркиндиги жаатындагы абал кандай болуп турат?

Исаков: Албетте биз эми парламенттик өлкө болгондон кийин, ошол эле Жогорку Кеңеште ырасмий башкаруучу коалиция жана оппозиция болгондон кийин, сөз эркиндиги албетте бар. Биз бул тармакта Борбор Азия өлкөлөрүндө үлгү болуп, алдыда келатабыз. Бирок татыктуу үлгү болуп атабызбы? Ушуну суроо иретинде ойлонушубуз керек. Өзүбүздүн кесипкөйлүгүбүз жетиштүүбү? Өзүбүздүн жазган материалдарыбыз, чыгарган продукцияларыбыз эл аралык стандарттарга төп келип атабы? Ушул нерселер бар.

Бул жерде биз унутпаш керек болгон бир нерсе бар. Ааламдашуу доорунда локалдык нерселер, глобалдык масштабда каралып калды. Мында, биз түздөн-түз көңүл бура турган нерсе, Кыргызстанда болуп аткан маселе - жалгыз эле кыргыз жарандары тарабынан талкууланбастан, дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы элдер тарабынан да талкууланып калды. Биз деңгээлибизди ошол жерде көрсөтүп атабыз.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG