Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Дагестанда экстремисттердин "эмири" өлтүрүлдү


Дагестандагы коопсуздук күчтөрү рейд учурунда.
Дагестандагы коопсуздук күчтөрү рейд учурунда.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы – ФСБ Дагестандагы рейд учурунда «Ислам мамлекети» радикал уюмунун лидери жок кылынганын билдирди. 4-декабрда тараган маалыматка караганда, Рустам Аселдеров жана анын «төрт жакын адамы» Махачкаланын жанындагы менчик үйдө өлтүрүлгөн. Билдирүүдө ишемби күнкү операция маалында «курал-жарак, көптөгөн ок-дары жана жардыргыч заттар табылганы» айтылат. Өзүн Шейх Абу Мухаммад ал-Кадари деп атаган Аселдеров «Ислам мамлекети» уюму тарабынан Кавказдын «эмири» деп жарыяланган. Ал 2012-жылдан бери Орусиянын коопсуздук кызматтарына террордук топтун активдүү мүчөсү катары белгилүү болчу. 2014-жылы Аселдеров жихадчылардын лидери Абу Бакр ал-Багдадиге баш ийээрин билдирген.

XS
SM
MD
LG