Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Өзбекстан шайлоо күнү "Достук" чек ара бекетине чектөө киргизди


"Достук" чек ара бекети.
"Достук" чек ара бекети.

“Азаттыктын” өзбек кызматы бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы “Достук” чек ара бекетине чектөө киргизилгенин жазды. Кыргыз чек арачыларынын “Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчысына берген маалыматына караганда, 4-декабрда чек ара бекети үчүнчү өлкөнүн гана жарандары үчүн ачык болду. Алар чек ара бекети эртең ачык болоорун маалымдашкан.

30-ноябрда Өзбекстандын юстиция министри Музраф Икрамов шайлоо күнү чек ара бекеттери эч кандай жабылбай турганын убада кылган.

Бүгүн болуп жаткан Өзбекстандагы кезексиз президенттик шайлоого төрт адам талапкерлигин койгон. Алардын ичинен өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев утуп чыгары, калган талапкерлер жөн гана коомчулукка демократия, атаандаштык бардай түр көрсөтүү үчүн чыгарылганы айтылууда.

XS
SM
MD
LG