Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Гани Пакистандын жардамын терроризмге каршы жумшоону сунуштады


Президент Ашраф Гани (солдо) Индиянын премьер-министри Норендра Моди менен. 4-декабрь, 2016-жыл
Президент Ашраф Гани (солдо) Индиянын премьер-министри Норендра Моди менен. 4-декабрь, 2016-жыл

Президент Ашраф Гани Пакистан Ооганстандагы кайра курууга убада кылган 500 миллион долларды андан көрө терроризмге каршы күрөшкө жумшаса болот деп билдирди. Жекшембиде Индиядагы эл аралык конференцияда сүйлөп жатып Гани “айрым мамлекеттер террордук уюшмаларга башпаанек берип, аларга каршы чара көрүшпөйт” деди. Анын айтымында, жакында "Талибандын" өкүлү “Пакистанда баш калкалай албасак, бир айга жетпейт элек” деп айтканы бар.

Амрицар шаарындагы жыйын Ооганстандагы абалды жөнгө салуу маселесине арналган. Президент 2015-жыл эң кандуу жылдардан болгонун белгиледи. БУУнун маалыматы боюнча былтыр куралдуу жаңжалдан 11 миңден көп карапайым ооган каза тапкан. Расмий Кабул Пакистанда жашырынган согушкер топтор кырдаалды курчутуп, кандуу кол салууларды ишке ашырып жатат деп айыптап келе жатат. Исламабад болсо өзү да терроризмдин курмандыгы болгонун айтууда.

XS
SM
MD
LG