Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Сириянын Идлиб аймагында 21 карапайым киши каза тапты


Идлиб. 2-декабрь, 2016-жыл
Идлиб. 2-декабрь, 2016-жыл

Сириянын Идлиб чөлкөмүндө жасалган жекшембидеги аба соккулардан бери дегенде 21 киши, анын ичинде үч бала каза тапты. Сириядагы Адам укуктарына көз салган уюм жана активисттер Кафранбел кыштагын бомбалоодон ондогон киши жарадар болгонун кабарлашты. Алардын айтымында, соккулар болжол менен орусиялык учактар тарабынан урулган. "Франс пресс" агенттиги Хосам Хосбер аттуу күбөгө шилтеме берип маалымдагандай, “алты сокку турак үйлөргө жана жергиликтүү базарга тийген”. Идлибдин ири бөлүгү козголоңчу коалициянын колунда.

Ал ортодо Алеппонун козголоңчулардын көзөмөлүндөгү бөлүктөрүнө сокку уруу уланууда. Сирия армиясынын маалымат өкүлү "Асошиейтед пресс" агенттигине куралдуу күчтөр калаанын чыгыш тарабындагы согушкерлерге аймактан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн беришкенин билдирди. Ал райондор июль айынан бери өкмөттүк күчтөрдүн камоолунда кала берүүдө. Жергиликтүү тургундар азык-түлүк, кара май, дары-дармектин тартыштыгынан жапа чегип келе жатышат.

XS
SM
MD
LG