Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:46

Котормо боюнча акыркы конкурстар кыргыз адабиятында бул жанр кризисте экенин көргөздү. Республика боюнча котормочулар сынагына тапшырылган чыгармалардын дээрлик көбү талапка жооп берген эмес. Адистер мындай көрүнүш адабий чөйрөдө котормого олуттуу көңүл бурулбай калганынан улам пайда болгонун айтып жатышат.

Котормочу Мукан Асаналиев кыргыз адабияты котормо жанры боюнча башка элдин адабиятына караганда бир топ жыл артта калды деген ойдо:

- Бул учурда котормочуларга жакшы көңүл бөлүнбөйт. Биздин кээ бир адабиятчыларыбыз, атургай жазуучуларыбыз котормочуларды экинчи сорттогу адам катары көрүшөт. Мисалы, армяндар мындан эки миң жыл мурун эле өз тилинен башка тилге, башка тилден өз тилине которуп далай адабиятты чыгарып койгон. Ал эми биз болсо дагы эле мурдагы боюнча калдык. Котормо деген адабияттын эң негизги жанрларынын бири болуш керек эле да. Башка элдин адабиятын өз тилибизге котормоюн биз өз казаныбызда өзүбүз эле кайнай беребиз. Эч кандай өсүш болбойт.

Асаналиев ошол эле учурда котормочулар үчүн кайсы бир чыгарманы кыргыз тилине которуп, аны өз каражатына бастырып, таратуу чоң түйшүк жаратарын, ошондуктан алар мындай ишмердүүлүктөн качып калганын айтат.

"Сабат" кыргыз китеп борборунун жетекчиси Нурбек Калыгулов болсо бүгүнкү күндө китеп базарында дүйнөлүк заманбап жазуучулардын китептерине болгон суроо-талап бар экенине токтолду:

- Китеп соодасында котормолор жакшы өтөт. Мисалы, "Кут аалам" басмасынан чыккан “Алтын жомоктор”, “Күмүш жомоктор”, “Коло жомоктор” деген серия бар. Мындан “Америка эл жомоктору”, “Азия эл жомоктору”, “Корей эл жомоктору”, “Жапон эл жомоктору”, айтор ар кайсы элдин жомоктору жакшы өтөт. Котормо сөзсүз түрдө болушу керек. Себеби балдардын дүйнөлүк көз карашы котормо аркылуу калыптанат эмеспи.

Калыгулов анткен менен дүйнөдө чоң нуска менен сатылып жаткан заманбап жазуучулардын чыгармалары которулбай жатканын, мисалы, балдарга Гарри Поттердин чыгармаларын сунуштаса өтүмдүү болорун айтат.

Жакында жаш акын, жазуучулардын фестивалында котормо жанры боюнча сынагында Сүйүнбай Эралиевдин “Ак мөөр” поэмасын англис тилине которгону үчүн жеңүүчү деп табылган Алтынай Токтоматованын пикиринде, учурда котормочулар заман тамырын кармай албай жатканы ырас:

- Ар ким өз казанында кайнап жүрөт. Ошолордун башын бириктирип, көзөмөлдөп, тапшырык берип, дагы ушул сыяктуу кызыктыруучу фестивалдарды өткөрүп турса котормочулар арбып, шыктанып иштемек.

Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов учурда котормо боюнча “Дүйнөлүк адабият” сериясы чыга баштаганын айтып, бул багытта өткөрүлгөн сынактарга жарытылуу чыгармалар түшпөй жатканын белгиледи:

- Биз бул маселе боюнча эки жолу атайын республикалык сынак жарыяладык. Бирок сынакка түшкөн адабий чыгармалар, көркөм котормолор өзүнүн деңгээлине жетпеген же абдан тайыз которулуп калгандай таасир калтырды. Азыр да жаш, таланттуу котормочуларды издөөнүн үстүндөбүз. Жазуучулар союзуна бир нече жолу кайрылдык. Бирок Жазуучулар союзу менен Маданият министрлиги мага китеп кылып чыгарганга жарай турган жакшы чыгармалар түшпөгөнүн айтышты.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия мындан улам өткөн кылымдын классик жазуучулардын 60-70-жылдары жарык көргөн котормолорун кайрадан бастырууну чечишкен.

- Былтыртан баштап Сүйүнбай Эралиевдин котормосунда Уолт Уитмендин “Жалбырактар”, Салижан Жигитовдун котормосунда Назым Хикметтин “Мажүрүм тал” ыр жыйнагы баштап китеп болуп кайра чыга баштады,- дейт Эрматов.

Адистер учурда Кыргызстанда көркөм котормолор жалпы чыккан китептердин эки пайызын да түзбөй турганын айтып жүрүшөт.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG