Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:22

Азыркынын Рыспайы жана «рыспайчылары» кимдер? Р.Абдыкадыровдун 70 жылдык мааракесине


Журналист жана музыка өнөрпозу Карамат ТОктобаева ооз комузда ойноп жаткан кез. Прага, 2008-жылдын 25-марты. JCh.

Журналист жана музыка өнөрпозу Карамат ТОктобаева ооз комузда ойноп жаткан кез. Прага, 2008-жылдын 25-марты. JCh.

Журналист Карамат Токтобаева дил сырлары жазылган күндөлүгү үчүн даярдалган жана кыргыздын ХХ кылымдагы чыгаан обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыровдун 12-январда кеңири белгиленип жаткан 70 жылдык мааракесине арналган береги макаласын «Азаттык» үналгысынын окурмандарына сунуштайт.

Обончунун татыктуу жары

2001-жылы ыр генийи Рыспайдын 60 жылдыгын белгилөөгө жигердүү катышып жүрүп жакындан таанышкан, ар бир ырын , кулк-мүнөзүн, атургай Рыспай деген атты бүткөн боюна сиңирип алган ушул сыны кетелек, ак жуумалынан келген толмоч аял, мээримдүү Давлет эже, күнү бүгүнкүдөй көз алдымда каларын, ошол жолугушууда акыркы ирет көрөөрүмдү ошондо сезбепмин.

(Рыспай Абдыкадыровдун өмүрлүк жары Давлет Сманова 2003-жылы көз жумган. - К.Т.)

"Бейиши болгур Рыспай:

«Сүйүүнүн күчүн белгилеп
Кеберсип калды бир илеп.
Сен тарап дайым агарат
Жарыгы дайым берилеп», -

деп ырынын соңуна чыкчу да, аккордеонун тизесинен түшүрбөй туруп, башындагы кийими менен бетин басып буркурап калар эле.

Бул ырды канча жолу ырдаса, бүткөндөн кийин ошончо жолу ыйлай берчү», - деп калды бир күнү Давлет эже.

- Эмнеге ыйлайт? Ошончолук муңдуубу? -деп сурадым сөздүн төркүнүн түшүнүп турсам да андан аркы теманы улагым келип.

- Ушу сен «рыспайчы» боло албайт окшойсуң. Менден сурагандан көрө эмне үчүн экенин өзүң изилдесең боло, - деп нурлуу жүзүн суроолуу кадады.

- Изилдеп, эмгек кылып жүргөндөн көрө сиздин оозуңуздан угуп алып жазган жеңилирээк болуп атпайбы, - деп тамашага чала көңүлүн көтөргүм келди.

Анан да, «аты жөнү ыр менен башталып, ыр менен бүтөт. Ырдап баштап ыйлап аяктайт. Туруп туруп эле буркурап ыйлап жиберет. Ал кезде бир чыгарма жаралды дей бер» деп саймедиреп киргеним менен бар көңүлүм оор үшкүрүнө ойго бата түшкөн Давлет эжеде болчу.

«Рыспайчылар» сөзүнүн башаты

Көрсө, кыргызга бир талантты берген экен...

Тагдыр бул залкар обончу-ырчыга урпактарга элбиреп-делбиреп жүрөк толтосунан чыгарган чыгармаларды жараттырган сейрек талант менен бирге көзү өткөндөн кийин ошол ырларды бапестеп багып алчу жарды да бериптир.

Минтип айтканым, «рыспайчылар» деп таамай айтылган учкул сөздүн ээси так ушул Давлет эже болчу.

Аны мен илип ала коюп, «Рыспайчыларды издейбиз» деп гезитке жазып, конкурс жарыялап, ошондон улам бул сөз элге сиңип кетти.

Кийинки кезде "рыcпайчы" аталган өзүнчө топ пайда болду десем жанылбайм.

Тактап айтсак, бул топту «рыспайчы-обончу», «рыспайчы-ырчы», «рыспайчы-музыкант», «рыспайчы-журналист», «рыспайчы-изилдөөчү» деп бөлүүгө болот.

Азыркы Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков бир кезде «рыспайчы-депутат» болсо, эми «рыспайчы-губернатор».

Терең ой камтыган обондор

Кылымдарды карыткан кыргыз музыкасын Атай, Мусадан кийин эле Рыспай Абдыкадыров жаңы сереге чыгарып улады деп дайым айтылат, бирок Рыспайдын обондору алда канча татаал экенин кеп кыла беришпейт.

Кыргыздын чыгаан обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров (1941-1994).


Музыканын тилинде айтканда, көбүнчө ырлары минордук ладда болгондуктан, каалаган эле киши анын ырларын ырдай албайт, ырдаса да ал сыяктуу бабын келтирип, көркүн чыгара албайт.

Рыспайдын ырларын жеңил-желпи оюн-зооктордо аудиодискте ойнотуп ылдам бийге түшүү үчүн колдоно албайсың.

«Канчалык аракеттенип, шайыр обон жараткым келет А бирок обондорум мажордук ладга түшпөй койду» - деп маркум обончу өзүнүн бир маегинде айтканы бар.

Анын обондору тереңдиги менен багындырчу.


Аны «сүйүүнүн дервиши» дешти, «сүйүүнүн мажнуну» деп жазышты.

Кыскасы анын ырына, ар бир обондук темасына саякат кылсак, үстүрт сөз менен сыпаттап коюуга мүмкүн эмес.

Сыпаттаган сөз байлыгыңыз кудуретсиз болуп баратса... бир гана угуу керек.

Угуу керек...

«Түгөйүмдөн» тарта «Сагынууга» чейинки ырларды угуп отуруп алп таланттын бүтүндөй өмүрү издөө менен гана өткөнүн сезүү керек.

«Санаалар уюп сайылып канжар сезимге,
Сагынып сени саргайып жургон кезимде»

сыяктуу дирилдеген сезимди туюу учун ошондой махаббатка кабылуу керек.

Же болбосо:

«Сары оору болуп алыста
Сагындым тууган жер сени»

деген саптарды баркташ үчүн эл жерден алыс калып көрүш керек.


Мукам жана муңдуу обондун сыры


Анын киндик кан тамган «Калдайган сары талаалуу» жери - Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айылы.

1941-жылдын 12-январында жарык дүйнөгө келген болочок обончу алты-жети ай болгон кезде алаамат согуш чыгып, кийинчерээк атасы ал согуштан кайтпай калган экен.

Ырларынын жанагынтип мажордук ладга түшпөгөнү да ошондондур?

«Чийедей беш баланы кантип, кимге таштадың?» деген апасы Зууранын кошогу Рыспайдын ар бир ырынын салмактуу, муңдуу чыгышына таасир бергендей...

«Төгүлүп ырдап, төгүлүп ыйлап турчу» дебедикпи жаңы эле.

Рыспайдын ырын ыр эмес, дилден аваз болуп атырылып чыккан "ый ыры" деп койсо да болот.

Абдыкадыровго тийешелүү обонду ырдоо (аткаруу) да өзгөчө чеберчиликти, өзгөчө ыкманы жана үндү талап кылат.

Андан кийинки чыгаан «рыспайчы-обончулар» К.Тагаев, А.Керимбаев, Т.Эшпаев, Т.Казаков, Ж.Мамажанов, К.Темировдон баштап, Б.Токтобаевди кошпогондо кийинки жаңы чыккан обончулардан бир да «рыспайчы-обончу» чыгалек экен (менимче).


Рыспайдын мааракеси – элибизге керек коомдук окуя

Он жыл мурун Рыспайдын 60 жылдыгын белгилеп, анын ырларын мыкты ырдаган ырчыларды аныктаганбыз.

Ар бир концерттин башында аранжировкачы, өнөрпоз Курмангазы Азыкбаев саксофону менен «Издейм сени» деп сыздатып күү ойноп турчу.

Рыспай Абдыкадыровдун «Издейм сени» ыры (сөзү Жолон Мамытовдуку)


Дал ушул 12-январ күнү кайталангыс талант, ХХ кылымдын залкары, композитор, гений-обончу, ыраматылык Рыспай Абдыкадыровдун жетимиш жылдык мааракесин Ала-Тоодогу жана дүйнө жүзүнүн башка чөлкөмдөрүндөгү «рыспайчы-кыргыздар» кеңири белгилешсе керек деп ойлойм.


«Рыспайчы-журналист» Карамат Токтобаева.

Прага шаары. 2011-жылдын январынын (Үчтүн айынын) 11и.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG