Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:53

3-мартта Мамлекеттик туу күнүн белгилөө демилгесин Жаштар иштери боюнча министрлиги көтөрүп чыкты.

Бул күнү Бишкек шаарында жана жети облустун борборлорунда жаштар тууларды көтөрүп, тынчтык жүрүшүнө чыгып, патриоттук маанайдагы ырлар тартууланат.

Ал эми туунун авторлору болсо тууга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай, алигүнчө мамлекеттик эн белгилерди пайдалануунун эрежеси мыйзамдаштырылбаганын белгилешүүдө.

Мамлекеттик туу күнүн белгилөө демилгесин көтөрүп чыккан Токмоктогу жаштар коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Батырбек Сыдыгалиев Манас бабабыз көк асаба, кызыл туунун алдында "курама жыйып журт кылып" мамлекет түптөп, Ала-Тоону коргогон сыяктуу жаштарды мекенин сүйүүгө, патриоттулукка, мамлекеттик эн белгилерди урматтоого үндөө учурдун талабы экендигин айтты.

- Биздин туунун, кызыл желегибиздин алдында патриот, мекенибиздин келечегин ойлогон жаштар чогулуп, Ата-журтка болгон сүйүүсүн, жоопкерчилигин ойготолу деген максатта чогултуп жатабыз.

Манастын кызыл туусунун түсүндөй кызыл түстөгү полотнонун ортосунда түндүктүн элеси түшүрүлүп, күн шооласынын кырк нуру, кыргыздын кырк уруусун бириктиргендей ойду берген Мамлекеттин туусу 1992-жылы 3-мартта легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган.

5-мартта туунун авторлорунун бири Бек Жайчыбеков алгачкы тууну Жогорку Кеңештин имаратынын чатырына көтөргөн. Ал күндү Жайчыбеков мындайча эскерди:

- 5-мартта Ак үйдүн үстүнө чыгып эски тууну түшүрүп, жаңы тууну көтөрдүм. Киного тартып алышты. Кайра түшкөндөн кийин мени Жогорку Кеңешке киргизбей араң дегенде эптеп жол таап келип салтанатка катышкам. Ошону менен биздин оокатыбыз бүттү. Унутулдук.

Ошентип туунун авторлору унутулмак түгүл алардын авторлорунун макамы да аныкталбаганын, мамлекеттик эн белгилердин орду, анын колонулушу тууралуу эреже иштелип чыкпай, мыйзамдаштырылбай турганын туунун авторлорунун бири Сабыр Иптаров билдирди.

- Мамлекет өзү эрежесин иштеп чыгып, мыйзам менен аныкташы керек эле. Тилекке каршы бул маселе маданиятташпай турат. Себеби мамлекеттик тууну жасоо, жаратуу, сактоо, колдонуусу, аны окуп үйрөнүү жагы эрежеге түшпөй келатат. Ошон үчүн азыр мамлекеттик символдорду колдонуу, жасоо жагы өз жайында десек болбойт.

Сабыр Иптаров белгилегендей, мамлекеттик көзөмөл жоктугунан улам мамлекеттик туу эле эмес, герб да өзүнүн үлгүсүндөй жасалбай, гимн түп нускасындагы нотадагыдай аткарылбай келет.

Бакиев мезгилинде айрым саясатчылар тарабынан гимнди өзгөртүү маселеси козголсо, апрель ыңкылабынан кийин мамлекеттик кызыл тууну көк түстөгү тууга алмаштыруу керек деген сунуштарын айтышкан болчу.

Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов мамлекеттик тууну өзгөртүү маселесин бирин-экин саясатчы чечпестен, жалпы кыргыз эли чечиши керек деп эсептейт.

- Канча бир кылымдардан бери ушул кыргыз байрагы болуп келген. Аны ата-бабаларыбыз байыртадан эле өз учурунда ошону туура көрүп, өздөрү тандаган. Азыр эми туу боюнча ар кандай ой-сунуштар айтылып жатат. Окумуштуулар тарабынан, ошол багыттагы иш алып барган кишилер тарабынан. Кандай болгон күндө да муну жалпы кыргыз эли чечиши керек.

Алиясбек Алымкулов жаштарды мекенчилдикке тарбиялап, биримдик, сабырдуулукка чакыруу максатында 3-мартта Мамлекеттик туу күнүн белгилөө уюштурулуп жатканын, бул күнү Бишкектин Борбордук Ала-Тоо аянтында белгилүү ырчылар патриоттук маанайдагы ырларды аткарышарын белгиледи.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG