Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:13

Бүгүн жарык көргөн кыргыз тилдүү гезиттердин башкы темасы саясат, экономика, эл турмушу тууралуу болду.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Кылмыштуулук уюшуп жатканда ага каршы күрөшүүчүлөр неге биргелешпейт?” деген макала менен ачты.

Журналист Мырзакат Тыналиев президент Роза Отунбаеванын: “Уюшкан кылмыштуулукту жоюуга мүмкүн эмес. Бирок бул аны менен күрөшпөй коюу керек дегенди билдирбейт. Эки айдан кийин 7-апрелде курман болгондордун жылдыгы белгиленип, эл ошол 87 адам эмне үчүн курман болгонун, кимдер жазаланганын сурай турган күн келет. Ошондуктан, бул иштер абийир сотунун алдында ак ниеттүүлүк менен, эч кимдин көмөчүнө күл тартпастан каралышы керек” деген сөзүн келтирип, прокуратуранын алдына койгон алты милдетти дагы бир жолу эскертти.

“Улут интеллигенциясы улут каймагы” деп аталган кайрылуу Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун атына багышталып, өлкөнүн 7 чыгармачыл союздарынын төрагалары колдорун жана чыгармачыл союздар жөнүндөгү мыйзамды кабыл алып берүүнү тезедетүү талабын коюшту.

Улуттук Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, профессор Сыртбай Мусаевдин түштүк коогалаңын иликтөөгө алган Улуттук комиссиянын ишине ичи чыкпай, ал окуянын түпкү себептерин ачык айткан баяндамасы да гезиттин ушул санында.

Билим жана илим минситри Канат Садыковдун “түз байланыштагы” телефон аркылуу жооптору, кытайлык кыргыз окумуштуусу Макелек Өмүрбай уулунун “Кыргылчалдын балдары тилиңди тарт! Же кыргызды бөлүп-жаргандарга жооп” аттуу макаласынын корутунду бөлүгү жарыяланды.

“Фабула” гезити журналист Эртабылды Аттокуровдун “Сынчылардын “чыры”, чындыктын сыры” деген аталыштагы макаласын окурмандарга тартуулады. Автор азыркы учурда бийлик бутактарынын ортосунда жана коалициялык өкмөттүн курамына кирген топтордун арасында тымызын тирешүүлөр болуп атканын, бирок президент Роза Отунбаева менен премьер-министр Алмаз Атамбаевдин эң оор кырдаал учурунда бийликке келишин зор эрдик деп бааласа болорун, булар ар кандай бут тосууларга, түрдүү ушак-айыңдарга, карөзгөй каралоолорго карабастан мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн жан аябай иштеп жатканын биз баалай албасак да бизден кийинки тарых таанып аларын айтты.

“Каптагаев 3-төңкөрүштү даярдап жатабы?”, “Байболовго чабуул башталдыбы?”, “Кыргызстандагы эң бай, эң куу айым Баекова”, “Улуттук тил комиссиясынын жетекчиси кыргыз-орус алакасына залакасын тийгиздиби?” деген аталыштарды 1-бетине алып чыгуу менен жаңы санын окурмандарга “Алиби” гезити тартуулады. Аны андан ары барактап көрөлү.

“Кыргызстан “легендарлуу парламенттен” кийин парламентке жарыган жок. Депутат кылып кимдерди гана шайлаган жокпуз? Өмүр бою мамлекеттен жеп-ичкен “маслокраддар” чымын консо тайгаланчу беттерин жалтыратып, көчөмө-көчө кыдырып, добуш топтоп жүрүштү. Кимдер гана жүргөн жок? Депутат болом деп “менттер” жүрдү, аларга кошулуп рэкеттер жүрдү элди коркутуп-үркүтүп. Кызматынан кеткен губернаторлор, соттор, прокурорлор, бизнесмендер, алыпсатарлар, аферисттер, криминалитеттер, баары жүрдү” деп жазды Бек Мамашов аттуу автор ушул эле “Алиби” аркылуу “хизбуттахрирчилер” бийлик менен коюн-колтук алышып жүрөбү?” деген макаласында.

Журналист Папан Дүйшөнбаев “Кыргызстан карыздарынан кантип кутулса болот?” деген маселеге жооп издөө менен карыз кандай жолдор менен келгенин, кайда жумшалганын айтып келип, Кыргызстандын сырткы карызынын көлөмү улуттук дүң продуктубуздун 59 процентине барабар болорун, бул жагынан биз сырткы карызы орточо деген өлкөлөрдүн катарына кирерибизди, деги эле дүйнөдө карыз албай жашаган өлкө жок экендигин, эң эле бай, эң эле кулдуреттүү деген АКШнын тышкы карызы ушу күндө 49 триллион долларды түзөрүн, бу күндө Германия, Жапония, Италия, Бельгия, Түштүк Корея жана башкалар сыяктуу өнүккөн өлкөлөр да көп жылдардан бери карыз менен жашап, карыздардын эсебинен экономикасын өнүктүрүп келатканын мисалга тартты.

Ошондуктан сырткы карыздардан бөтөнчө чочулап, обужок саясый кажы-кужуларды көбөйтө берүүнүн зарылдыгы жоктугуна, кокус экономикабыздын кризистик тилкеси созулуп кетсе эл аралык финансы уюмдары менен өнөктөш өлкөлөр алган карыздарын азайтууга же баарын болбосо да көбүн кечип жибергенге аргасыз болоруна токтолду.

“Абалың кандай “Ала-Тоо-2” аттуу рубриканын алдындагы макаланын аты – “Ач кадырын ток билбейт, оору кадырын соо билбейт” деп аталат. Макалада “Ала-Тоо-2” деп аталган жаңы конуштун же “сибирь жарасы” менен ооруган мал көмүлгөн жерге жакын жакын жайгашкан карапайым калктын арыз-муңу жагдайы кеп болгон. Бул конушка үй салып жашап жаткандарына 20 жыл болгонуна, бирок үй үчүн мыйзамдуу документтерин эмдигиче албай келаткандыктарына, эми болсо Бишкектин шаар башчысы Иса Өмүркулов аталган конуштун “сибирь жарасы” көмүлгөн жерге жакын салынган 200дөн ашуун үйүн түрттүрүп сала тургандыгын билдиргенине нааразы болгондордун көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн бурду.

“Жаман үйдү коногу бийлейт” деген рубриканын алдындагы макала “Жер-суу аталыштары “овка”, жана “евка” деген “ыйыктардан” тазалангысы келдиби?” деген ат менен сунушталды. Анда кыргыз жеринин ата-бабалардан берки аталыштарынын зордук-зомбулук менен бурмалангандыгы туурасында сөз болот.
XS
SM
MD
LG