Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

Кыргызстанда майда кинорежиссер Нурбек Эгендин жаңы тасмасы көрсөтүлө баштайт. Учурунда жалпы көрармандарга “Аталар керээзи”, “Манастын төрөлүшүн утурлап” деген эмгектери менен кеңири таанылган режиссер бул ирет кыргыз коому үчүн учурдун башкы социалдык көйгөйүнө айланган миграция темасына кайрылды. Фильмдин маани-маңызы тууралуу кабарчыбыз Төрөкул Дооровдун “Тасма” автордук программасында режиссер Нурбек Эген өзү жана фильмде башкы каармандын ролун ойногон Марал Койчукараева эксклюзив маектеринде айтып беришет.

Нурбек Эгендин жакынкы күндөрү кыргыз көрөрмандарына тартуулана турган “Ээнсиреген үй” деген жаңы тасмасын мен былтыр сентябрда ал тартылып бүтөөрү менен алгачкылардан болуп көрүп калдым.

Анын тартылыш ыкмасы, стили адаттагы классикалык кыргыз киносундагы тасмаларга окшошпогон Европа менен Чыгыштын атактуу киночуларынын чыгармаларын эске салгандай туюлду. Муну мен дээрлик 18 жылдан бери Орусияда жашаган кыргызстандык режиссердун чыгармачылыгындагы өнүгүүнүн, жаңы тепкичтин белгиси катары кабыл алдым.

Нурбек Эген 2005-жылы алгачкы толук метраждуу “Аталар керээзи” деген тасмасын тартканда мен аны менен Москвада бир нече ирет жолуккан элем. Анда ал киносунда кыргыздын сандыгын борбордук идея катары алганын мисал келтирген. Ошондо Эген “Тасма” программабызга минтип айтканы бар:

"Ээнсиреген үй" тасмасын тартуу учурундагы бир көрүнүш

"Ээнсиреген үй" тасмасын тартуу учурундагы бир көрүнүш

“Мен образдаштырган сандыкка өзүм кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, пейилин коштум. Башкача сөз менен айтканда, ал - фильмдеги башкы каарман Айдардын же бүтүндөй бир муундун сандыгы. Анын мааниси көп, сандыкта көп нерселер бар: биз жашап өткөн мезгилдин жыты, изи бар”, - деген эле режиссер.

Ушул маектен бери жети жыл өттү... Эми бүгүн Эген элге кыргыз коому үчүн үлкөн социалдык проблемага айланган миграция жөнүндө, кайрадан эле ошол жаш муундун азыркы оор абалдан өзүн таба албай, өз үйүн жоготкону жөнүндө кино идеясын сунуштап жатат. Бирок көрсө азыркы тасма боюнча иш деле тээ 2005-жылы эле башталган экен.

("Тасма" программабызды бул жерден толук угуңуз)




“Жаңы тартылган “Ээнсиреген үйдүн” сценарийи 2005-жылы “Аталар керээзи” тартылган кезде эле жазылган болчу. 2007-жылы өндүрүшкө да кол коюлуп, даярдана баштаганбыз, - дейт режиссер. - Бирок айрым маселелер боюнча келише албай, иш токтоп калган эле”.

"Муундун трагедиясы"

“Ээнсиреген үй” – бул 19 жаштагы Аселдин баяны, азыр миграциянын чоң агымына кошулган жаш кыргыз кыздарынын тагдыры, өлкөдөгү туруксуздук, жаштар арасында жумушсуздуктун айынан үйүн таштай Орусияга жол алган жаштардын окуясы, алардын трагедиясы.

Асел өз айылында аракеч атасы, бир тууган иниси менен жашайт. Сүйлөшкөн жигитинен боюна бүтүп, айылдагы кримавторитет, наркобарон Султанга турмушка чыгат. Бирок биринчи түнү эле анын акчасын уурдай Орусияга качат.

"Ээнсиреген үй" тасмасын тартуу учурундагы бир көрүнүш

"Ээнсиреген үй" тасмасын тартуу учурундагы бир көрүнүш

Ал жакта боюнан алдыртам деп бирок аягында балага зар болуп жүргөн бир француз аялга ымыркайын сатмай болот. Тасма Аселдин Франциядагы төрөттөн кийин жолдо келаткандагы жеринен аяктайт. Бул жөн гана фильмдин финалы эмес, кыздын жакшы жашоого аракети, үмүтү, кайгысы-кубанычы да ошол жолдо бүтөт...

“Башкы каарманды ойногон кыз – Марал Койчукараева – “Манас” университетинин ветериналдык бөлүмүндө окуйт. Мен анын фильмдеги ордун өзгөчө чоң окуя деп атамакмын. Анткени Марал бул тасмада Европанын атактуу актрисаларынан кем эмес иштеди, ролду эң мыкты аткарды. Буга кантип жетиштик? Себеби “Ээнсиреген үйдө” айтабыз деген көп ойлор ушул курактагы жаш муундун канында бар, көп нерсени ойноштун деле кереги жок болчу. Актердук жогорку чеберчилик деле көп талап кылынмак эмес. Мен Маралдын ал образды ушунчалык мыкты жарата алганын өзүмө ушинтип түшүндүрүп жатам. Маралдын да ошол эле мигранттар арасында тааныштары көп, ал проблема ар бир эле үй-бүлөдө бар. Бош калган үйлөр көбөйдү, үй-бүлөлөр бузулуп жатат. Алардын оордуна кандай үйлөр, кандай үй-бүлөлөр курулууда? Муну алар өздөрү толук аңдап, анализдей алышпаса да, дээринде сезип, ойлонуп жүрүшөт деп ойлойм”, - деди режиссер.
"Ээнсиреген үй" фильминин трейлери



"Кинодо өзүмдү ойноп..."

Биз Марал Койчукараеванын өзү менен да маектештик. “Бул - өмүрүмдөгү биринчи интервьюм” деген 22 жаштагы студент кыз мүнөзү да кинодогу Аселдей эле ачык, чечкиндүү көрүндү. Киного азыр кокусунан эле келип калгандай көрүнгөнү менен, жүрөгүндө актриса болууну кичинесинен эле кыялданып, купуя идея, максат катары сактап жүргөн экен.

Марал Койчукараева: Мен кичинемде актриса болом деген каалоом бар болчу, бирок аны көп айта берчү эмесмин. Анткени бир ирет айта салам деп ата-энемден тил уккам. Анан мектепти бүтүп, жогорку окуу жайына тапшырганы жатканда да Искусство институтуна киргенге ата-энем каршы болушту. Бирок баары бир үй-бүлөбүз искусствого жакын окшойт, театр жакка эле кетким келе берчү. Анан “Манас” университетинде окуп жүргөнүмдө Нурбек Эгендин жаңы тасмасына кастинг болуп жатат деп угуп, сүрөттөрүмдү салып жиберген элем. Ошентип эле тандалып калдым. Өзүм келечекте ветеринар болом.

Төрөкул Дооров: Демек, мал догдур болот турбайсызбы? Фильмдин бир бөлүгүндө сиз кой сойгон учуруңуз тартылган. Анда сиз койду кадимкидей эле дайыма союп жүргөндөй, кыргыздын чыныгы кайсар кыздарынын мүнөзүн берген сыяктуу коркпой-үркпөй эле союп салганыңыз да бекеринен эмес турбайбы?

Марал Койчукараева (күлүп): Мен ошол окуя жөнүндө айтып берейинби? Биз ага чейин ал койду ар кайсыл жерлерде тартканбыз да, анан бир топ эле чарчап калган окшойт. Адатта, мал өмүрүнө коркунуч келгенде тыпырчылап, баары бир инстинктин көрсөтөт эмеспи. Бул кой болсо мен аны союп жатканда эч бир каршылык деле көрсөткөн жок. Анын үстүнө, кой бирөө эле болчу, ошол биринчи эле дубль менен тартып бүтүш керек эле. Мен өзүм башында: “Эмнеси бар экен, сойсо союп коём да, жиликтебейм да”, - деп эле өзүмдү сооротуп жаткам. Анан эле бир убакта грим, камера, - бүт баары эле калчылдап: “Ай, эми абайла, жакшылап даярданып ал”, - дей беришсе эле өзүм да толкунданып, коркуп алдым. Анан он жолу алдын ала даярдандык, жанымдагы байкелер: “Сен бысмылда деп сой, оозуна колуңду салып тарт, бутуң титиреп кетсе, коркпо”, - деп үйрөтө башташты. Анан эптеп сойдум.

Төрөкул Дооров: Мал догдурлуктан камера алдына актриса болуп чыга келүү ар кимге эле буюра бербесе керек. Мен сизге улам эле Асел деп кайрылгым келип жатат да. Ушундан улам, кинодогу Асел менен чыныгы турмуштагы Маралдын мүнөзүндө окшоштуктар барбы?

Марал Койчукараева: Башында мага Нурбек байке: “Сен өзүң кандай болсоң, ошондой эле жүрө бер”, - деген. Мен ойногондо өзүмдүн эле жашоодогу мүнөзүмдү карманганга аракет кылгандай болдум. Бирок тагдыры оор кызды ойноп жатканымды сезип турдум. Баары бир мүнөздөгү окшоштуктар, негизги пайдубалы бир эле болот окшойт. Анткени экөөбүздү бириктирип турган бирдеме болбосо, образ жакшы чыкмак эмес деп ойлойм.

Татаал чечим

Бул жаңы тасма кыргыз киносунда, биринчиден, толугу менен миграция темасына арналган толук метраждуу алгачкы көркөм фильм катары жаңылык киргизип олтурат. Экинчиден, анда ачык эротикалык учурлар көрсөтүлгөн. Бул да, кыргыз киносундагы жаңы агымдын башатына айланчу түрү бардай. Айрым сынчылар азыр муну кыргыздын кулк-мүнөзүнө жат, Батышты туураган, кыргызга такыр туура келбеген көрүнүш катары баалашууда.

Актриса Марал үчүн да буга макул болуу оңой болбогон тура.

“Мен сценарийди алгач Москвага баргандан кийин окугам. Ошондо өңгүрөп бир саат ыйладым, - деп эстейт ошол учурду актриса. - Анан эмне кылып салдым деген уйгу-туйгу ойлор менен апама чалдым. Ал мени урушат го деп ойлогом. Апам, тетирисинче, мени “келишимге кол коюп, өзүм тартылам деп чечкениңден кийин артка жол жок, тартыл”, - деди. Бир тууган агам да: “Бул кино да, сен ошентип жүрдүң беле? Сен ошондой кыздарды чагылдырасың”, - деп мага аябай колдоо көрсөтүп коюшту. Ошондон кийин мен кайрадан кайраттанып, тартылууга даяр болдум. Бирок баары бир алгачкы эротикалык сцена Москвада тартылган болчу. Ошондо аябай ойлонуп, коркуп түшкөм. Бирок Нурбек байке (режиссер – ред.) баары бир катуу туруп: “Тартыш керек, тартыш керек”, - деп болбоду”.

Кинорежиссер Нурбек Эген менен актриса Марал Койчукараева

Кинорежиссер Нурбек Эген менен актриса Марал Койчукараева

Мына ушул эротикалык учурларынын тартылышын зарыл деп билген режиссер Эгендин айтымында, андай көрүнүштөр тасманын борбордук идеясын көрсөтпөгөнү менен, башкы каарман, демек, азыр миграциянын запкысын жеп жаткан жаш муун баштан өткөрүп жаткан маанилүү бөлүк болчу. Ошондуктан ансыз фильмдеги реалдуулук чагылдырылмак эмес.

“Марал өзү сценарийди окуганда “кантип тартасыңар?” деп сурады. Мен башынан эле эротикалык сценалар болоорун айттым. “Бул атайын элди кызыктырып, алар билет алып, киного келиши үчүн тартылбайт. Сен ойноп жаткан каарман ушунун баарын башынан өткөрөт. Сен курактуу кыздар, жигиттер эмне кылып жатышканын түшүнсүн. Себеби ошондой ачык кадрлар болбосо, алар өздөрүн экран аркылуу тааныбай калышы мүмкүн, түшүнбөй калышы мүмкүн”, - дедим. Ошондо Марал баарына түшүндү. Андан сырткары, фильмде Асел төрөп жаткан учуру тартылган. Бул да аябай ачык сцена. Төрөт процессин мен деген атактуу актрисалар да ойнобой коюшу мүмкүн. Бул деле ошондой эле нерсе – айтыла турган башкы ойдун бир бөлүгү, - деди кинорежиссер Нурбек Эген. - Мен эмне үчүн кино жаатында жүрөм? Ошол кино болуп жаткан замандын кишилерин, ошол мезгилди, көз ирмемди тасмага түшүрүп калуу. Фильмде чагылдырылып жаткан учур канчалык реалдуу, накта чагылдырылган болсо, режиссердун чеберчилигин ошончолук бийик деп билсеңиз болот. Айталы, дагы 20-30 жылдан кийин 2010-жылдагы мезгилге кайрылып калышса, аны чагылдырган бул тасма канчалык бүгүнкү күндүн проблемасын туура чагылдырган болсо, демек, чыгарма ошончолук мыкты деп эсептегенге жатат. Мен кинону ошон үчүн тартып жүрөм”.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Тектеш

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG