Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Революциялык кыймыл: Таластагы элдик жыйынга бут тосуулар болууда


Таласта 18-ноябрда өтүүчү элдик жыйынга карата даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Революциялык кыймыл бийлик тараптан жыйынды өткөрүүгө тоскоолдуктар уюштурулуп жаткандыгын билдирүүдө.

Кыймыл мүчөлөрү алардын элге делген маалымат баракчалары менен гезиттерин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тартып алышкандыгын да ырасташты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү революциялык кыймылдын талаптарын колдобой турганын айтышканы менен элдик жыйынды өткөрүүгө тыюу сала алган жок.

Катарында Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев өңдүү көрүнүктүү саясатчылар турган Революциялык кыймыл президент Курманбек Бакиевди конститциялык жол менен мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү талабын коюшуп, Талас облусунда элдик жыйын өткөрүүгө даярданып жатышат.

Революциялык кыймылдын жетекчиси Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, учурда бийлик тараптан жыйынга карата түрдүү тоскоолдуктар уюштурулуп, кыймылдын мүчөсү Роза Нурматова алып бараткан кагаздар менен гезиттерди коопсуздук кызматкерлери тартып алышкан:

- Таластын мэри жана губернатордун орун басары бизге Таластагы стадиондо өткөрө бергиле деп расмий түрдө уруксат беришкен эле. Бирок ага карабай УКМКнын кызматкерлери чакыруу кагаздарын, маалымат кагаздарыбызды, гезиттерди алып коюшуп, андан башка да бут тосууларды уюштуруп жатышат.

Ошондой эле ал элдик жыйынды Таласта шаарында өткөрүүнү таластык бир катар активисттер өздөрү суранышканын, Түп районунда болгон сыяктуу жыйындын уюштуруучуларын жумурткалар менен урдурууга жол бербесин айтышканын билдирди:

- Бир катар таластыктар “биз кепил болобуз, коомдук тартипти бузбай, тынч түрдө жана Түп районундагыдай силерди жумуртка менен урдурбайбыз” дегендеринен, биз макул болуп, Таласта элдик жыйын өткөрүү тууралуу чечимге келдик эле.

Талас облустук бийлиги Революциялык кыймыл коюп жаткан талаптар менен келише албаганы менен элдик жыйындын өтүүсүнө акыры уруксат берди. Кыймылдын талаптары тууралуу Талас облусунун губернатору Бейшенбек Болотбеков мындай дейт:

- Менин айтарым, бардык нерселер мыйзам чегинде болушу керек. Конституциялык мөөнөт боюнча ал кишини (К.Бакиевди) беш жылга шайлаганбыз. Аны кыскартып коюуга эч кимдин акысы жок. Ошондуктан буга мен каршы пикиримди айтамын.

Талас шаарынын мэри Эркин Турсункулов болсо, Революциялык кыймыл жөнөткөн элдик жыйынды облустук администрациянын алдында өткөрүү тууралуу катына жооп кылып, жыйынды шаардык стадиондо өткөрүүгө гана уруксат берди. Жоопто облустук администрация аймагында мамлекеттик маанилүү мекемелер, мектеп жана чоң жол болгондуктан, бул жерде жыйын курууга уруксат берилбегени айтылган.

Революциялык кыймылдын мүчөсү Топчубек Тургуналиевдин айтымында, жыйынга аз гана убакыт калгандыктан аны шаардык стадиондо өткөрүүгө макул болушту:

- Ага макул болдук. Себеби дегенде биз алар менен акыйлашып, талашып-тартышып отурганда убакыт кетип атат. Бул эми баягы коммунисттик доор, анан Акаевдин доору, кийинки Бакиевдин доорунда деле ошол окуя кайталанып атат. Басма сөзгө, дегеле сөз эркиндигине, анан ушул сыяктуу жыйын өткөрөбүз дегендердин бардыгына эки көздөп, сегиз көздөп карашып, булар коркконунан ушундай тоскоолдуктарга барып атышат.

XS
SM
MD
LG