Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

ЕККУнун парламенттик ассамблеясы Ош окуяларын талкуулады


Киммо Килюнен (ортодо) ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын жыйынында, Белград, 7-июль, 2011
Киммо Килюнен (ортодо) ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын жыйынында, Белград, 7-июль, 2011

Кечээ Белградда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясынын жыйынында былтыркы улуттар аралык кагылыштан кийинки Кыргызстанда адам укуктарынын абалы тууралуу талкуу өттү. Ага негизги конок катары июнь коогалаңын иликтеген Эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен катышты.

ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын жыйынында жалпысынан бул уюмга мүчө өлкөлөрдөгү адам укугу бузулган фактылар, өзгөчө, кыйноолор тууралуу сөз болду. Аны Сербиядагы Адам укуктары боюнча Хельсинки комитети уюштурган.

Талкууда конок катары сүйлөгөн Киммо Килюнен Кыргызстандагы былтыркы улуттар аралык кагылышты иликтеген өзүнүн жетекчилигиндеги эл аралык комиссиянын баяндамасына да кеңири токтолгону, азыркы кырдаал тууралуу маалымат бергени айтылды.

"Эң башкысы - элдешүү"

К.Килюнен Кыргызстандагы азыркы кырдаал боюнча эмне дегени тууралуу “Азаттыкка” талкуунун дагы бир катышуучусу, Евразиядагы демократиялык демилгелер уюмунун директору Питер Залмаев айтып берди.

“Килюнен азырынча, тилекке каршы, кыргыз өкмөтү тарабынан эки улутту элдештирүүгө, кырдаалды жакшыртууга карата ыкчам, натыйжалуу аракеттерди көрбөй жатканын билдирди, - деди Залбаев. - Эки элдин ортосунда жарашуу болмоюн, өлкөдө абал оор бойдон кала берээрин айтты”.

Анын айтымында, Килюнен өзү жетектеген комиссиянын иши Кыргызстанда “бейтарап болбоду” деген сынга кабылганын айтты жана ага карата өзүнүн оюн да билдирди.

“Килюнен бүгүнкү сөзүндө баардык эле адамдарга тиешелүү субьективдүүлүктүн, жеке көз караштын элементтери докладга кошулуп кетиши да мүмкүн экенин мойнуна алды, - деди “Азаттыкка” Евразиядагы демократиялык демилгелер уюмунун директору Питер Залмаев. - Бирок эл аралык комиссия июнь коогалаңын иликтөөдө башынан эле маселеге бир жактуу карап, ишке киришээрден мурда эле далилсиз жыйынтык чыгарып алган деген өңдүү сындарды четке какты”.

"Өзүбүз чечип алабыз"

Белграддагы талкууга Кыргызстандан келген депутаттык делегация да катышты. Ал делегацияга ким киргенин ошол замат аныктоо мүмкүн болгон жок.

Талкууда болгон Орусиядагы “Мемориал” укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча программасынын директору Виталий Пономарев “Азаттыкка” айтканына караганда, кыргызстандык делегация Килюнендин сөзүнө өтө эмоционалдуу жооп кайтарды.

“Маселен, “Ата-Мекендин” өкүлү: “Мындай окуяларда баш-аягын табыш кыйын. Биз өзүбүз эле аныктап тактап алабыз. Эл аралык комиссия аны чече албады. Комиссия бул окуяларда ким эмнени каалаганын аныкташы керек эле”, - деген сөздөрдү айтты, - дейт укук коргоочу. - Андан аркы сөзүндө ал киши 10-июндан 11-июндун түшкү маалына чейин өзбектер ар кайсыл жерде зомбулукту жасашканын, анан ошол күнү түштөн тарта 13-июнга чейин тоолуу райондордогу айылдардан түшкөн кыргыздар буга чейин өзбектер жасаган нерсени кайталашканын айтты”.

Бейшембидеги жыйында Пономарев өзү да сүйлөдү. Ал жакында эле Кыргызстанда болуп келгенин, азыркы кырдаал тууралуу оюн айтканын билдирди.

Чыңалууну сактап турган факторлор

“Эң оболу, мен айрым иликтенбей калган маанилүү жагдайларга токтолдум, - дейт ал. - Июндагы окуяларды эл аралык да, жергиликтүү комиссиялар да иликтешкенине карабай, маселен, кооганын алгачкы түнүндө эмне үчүн өлгөндөрдүн көбү коопсуздук күчтөрүнө таандык мыктыктардан атылганын аныктай алышпады.

Азыр бул фактыны жаап, ал тууралуу сүйлөбөгөнгө аракет кылып жатышат. Ким ок атууга буйрук бергени, ага кайсыл түзүмдөр катышканы, кесепети кандай болгону тууралуу маалымат бир да баяндамада айтылган эмес. Мындан башка да ачылбай калган талаштуу жагдайлар бар. Мен бул жыйында сүйлөгөн сөзүмдө бүгүнкү кырдаалга да токтолдум.

Кыргызстандын түштүгүнөн келгениме болгону эки эле апта болду. Өзгөчө, Ошто абал дале чыңалып турат. Буга былтыркы окуялардан калган маанай эле эмес, башка да бир нече фактор себеп болууда. Биринчиси, мен сүйлөшкөн адамдар укук коргоо органдары азырга чейин адамдарды туш келди кармап, кыйноолорго алып жатышканын, тоноп жатканын айтышты. Укук коргоо органдарынын мындай мыйзамсыз аракеттери үчүн эч ким жоопко тартылган жок жана өкмөт алардын ишин көзөмөлдөй албай жатат.

Экинчиден, турак-жай маселесинин дале чечиле электиги. Мен Ошко жөнөгөндө гезиттерден, сайттардан окуганда абал бир топ эле жакшырып калгандай сезилген. Бирок өзүм ал жакта эл коогадан бир жыл өткөндөн кийин кандай жашап жатканын көрүп, дале абал оор экенине күбө болдум. Массалык кыйроо болгон райондордогу айрым үйлөрдө, керек болсо, тосмолору да жок экен. Адамдар кышты эптеп эки бөлмөлүү үйлөрдө өткөрүштү. Бирок муну менен эле турмуш жакшырды деп айтыш мүмкүн эмес”.

Виталий Пономарев быйыл августта же сентябрда “Мемориал” уюму былтыркы июнь окуялары боюнча өзүнүн отчетун жарыялай турганын да кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG