Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Пакистанда чалгын кызматкерин атып кетишти


Пакистан армиясы
Пакистан армиясы

Пакистандын түндүк батышында куралчан адамдар чалгын кызматынын бир офицерин атып кетишти. Полиция билдиргендей, Хайбер Пахтунхва провинциясынын Чарсадда районунда мотоцикл минген эки куралчан киши офицер Ахбар Алиге ок чыгарып, качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Жумушка баратып окко учкан офицердин өлүмүнө пакистандык талиптер жоопкерчилик алышты. Бул офицер эмне үчүн бутага алынганы азырынча белгисиз.

18-сентябрда Пешавардагы буктурмадан Пакистан армиясынын үч кызматкери мерт болгон. Ага Пакистан менен Ооганстанда чабуулдарын күчөткөн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу да, талиптер да жоопкерчилик алышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG