Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Паспорт көйгөйү – эгемен мамлекетти барктоо көйгөйү


Кыргыз паспорттору. 01.2.2015.
Кыргыз паспорттору. 01.2.2015.

Кыргызстанда “жаңы үлгүдөгү паспорттордо жарандын этностук теги көрсөтүлүшү керекпи же жокпу?” деген маселе олуттуу талкууга айланды.

Фейсбуктагы талкуулардын бирин Кыргызстандагы публицист жана журналисттердин бири Кадыр Кошалиев кулжа (июн) айынын 17синде баштап берди:

Батыштык баалуулуктарга сугарылган тарыхчылар маңкуртчулукка жол баштаганда?!

Андан ары ал Т.Чоротегиндин АКИ-Пресс жарыялаган орус тилиндеги маегине шилтеме кылат. (Ар кыл кысымдарга карабастан, паспорттогу “улуту” көрсөткүчүн алып салуу керек, - дейт тарыхчы Т.Чоротегин (Несмотря на нападки, графу «национальность» в паспорте нужно убирать, - историк Т.Чоротегин) // АКИ-Пресс. – 17.6.2016.)

* * * * * * *

Т.Чоротегиндин Фейсбук аркылуу жазган жоопторунан:

ПАСПОРТ ЖААТЫНДА МАҢКУРТ БОЛБОЙЛУ!

Маңкурттук - "Манас" дастанындагы "курама жыйып журт кылдым" деген осуятты жеригенден башталат. Мындагы "журт" сөзү илгерки "эл", "улус", "кагандык" сыяктуу эле "бирдиктүү мамлекет" түшүнүгүн да берет.

Кадыр иним суроону кабыргасынан коюп, мени "таламайга алган" талаш баштаганын Тогуз-Торого иш сапарга кеткен учурумда көрбөй калыптырмын. Балким, мени коркуп же бушайман болуп жообун жазбай атат дегендер да чыгар?

Ушундайда кээде кабарчыга шылтап, оюмду ката жазып коюптур деп калышат. Бирок АКИ-Пресстин кабарчысы оюмду өтө так жазган экен.

Кыргыз паспорту автоматтык түрдө "Кыргыз жараны" деген түшүнүктү берет, аны эгемен мамлекетибиздин кадырын билбеген түркөйлөр гана аңдай албайт.

Ал эми өлкөдөгү майда этностордун өкүлдөрү өкмөттүн эсепкердик санариптик маалымат банкында өздөрүнүн этностук тегин көрсөтүшү мүмкүн, үйдө өзүн немис, уйгур, дунган, орус, корей, украин, татар, жөөт, өзбек, казак, каракалпак, ж.б. деп сезип, алар деле өз эне тилин билиши керек, бирок сырткы дүйнө үчүн алар - кыргыздар, Кыргыз жарандары.

Тажикстандагы кыргыздар - тажик жараны, Өзбекстандагы кыргыздар - өзбек жараны, Кытайдагы кыргыздар - кытай жараны, алар - теги кыргыз, бирок өз мамлекетинин туусун көтөрүшөт.

Мен "СССРдин жана Батыштын акчасына" билимимди өркүндөтүп, турмуштук кеңири тажрыйба алганымдан кийин жаңыча патриот болуп чыгып жатам. Кыргызстандын узак мөөнөттүү демократиялык өнүгүү концепциясы боюнча маалыматты дүйнөнүн чар тарабына таркатууга салым кошуп жатам. Мындан мен эч уялбайм, кайра сыймыктанам.

Ошол эле учурда, Олимпиадада Кыргыз туусун желбиретип алтын алып келген, дүйнөгө кыргыз маданиятын даңазалаган, экономикабызды өркүндөткөн теги кыргыз эмес миллиондогон мекендештерим да ар кыл этностук тегине жана ар кыл динине карабастан Кыргыз жараны экенин баса белгилеп жана сыймыктанып айта алам. Алар да Кыргызстандын өнүгүүсүн кыргыздар менен чогуу камсыз кылып келишет.

Мен сугарылган баалуулук - жалпы адамзатка таандык, анын ичинде "Манас" дастанында, Жусуп Баласагындын "Кут билиминде", Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында, карапайым эненин бешик ырында, атанын нуска сөзүндө камтылган баалуулуктар.

* * * * * * *

Бул ойго К.Кошалиевдин каршы жообу:

"Тажикстандагы кыргыздар - тажик жараны, Өзбекстандагы кыргыздар - өзбек жараны, Кытайдагы кыргыздар - кытай жараны, алар - теги кыргыз, бирок өз мамлекетинин туусун көтөрүшөт. " Ай Тынчтыкбек агай, ушул сөздөрүңуз менен дагы чакчалекей чаргытмаңызды улантыпсыз! Глобалдашуу саясаты укуругу узун улуттар үчүн пайда болсо, аз сандуу биздей эл үчүн тирүүлөй көмгөнгө барабар!

https://www.facebook.com/kadyr.bata?fref=nf

Коомдук ишмер Өмүрбек Абдрахмановдун пикири:

Мезгил 80 жылдан бери көргөзүп келатат... Феодализм эчак жок болгон, СССР да өлдү... бирок эски менен жашаган адамдар түгөнбөй койду... "Кыргыз интеллигенциясынын көзү желкесинде" деп менин агайым Салижан аке какшачу эле... Качан алдыны карайбыз, Кадыр досум....)))))

Журналист Асылбек Жоодонбековдун пикири:

Кыргыз Республикасы, Мамлекттик тил - КЫРГЫЗ тили. Бул биздин элдин өнүгүшүнө негиз боло алат. Паспортто улуттун көрсөтүлүшү зарыл эмес.

Журналист Жолдош Турдубаев да үн кошкон:

Жаныбек Жанызак мындай деп жазган экен: “Азыр бир Кыргызстанда бир эле республикабыз бар. Демек, Кыргыз Республикасынын бардык жарандары айласыз КЫРГЫЗ болууга мажбур. Себеби улут аталыш үчүн:

1. территориясы;

2. чарбасы;

3. тили

бирдиктүү болуш керек экен ("Словарь иностранных слов", 338-бет) .

Демек, Кыргыз Республикасында орус улутундагы, же өзбек улутундагы, же дунган улутундагы дегидей жарандар болушу мүмкүн эмес (паспорту башка болсо айла жок).

Жөнөкөйлөтүп түшүндүрсөк, мисалы, Кыргыз Республикасынын жараны

1. Жанызак - кыргыз тектүү кыргыз;

2. киргиз - киргиз тектүү кыргыз;

3. Красильникова - орус тектүү кыргыз;

4. башка журттар - ошол журт тектүү кыргыз...

Жогоруда мен келтирген санак бүгүн эле чыга калган жок, урматтуу окурман. 2200 жылдык тарыхыбызда кыргыз журтуна Алманбети баш болгон не деген элдер сиңбептир!

КЫРГЫЗ демек - дене_жыйын эмес.

КЫРГЫЗ демек - Рух_жыйын!

Мына бүгүн ошол карт тарыхыбыз кайталанып жаткандагы кербези. Анын кайталанышы салмактуу болсун десек, минтип бирибиз орус аңдыбай, бирибиз чалмага чалынбай, кыргыз паспорттуу жарандар КЫРГЫЗ болууга умтулганыбыз жөндүр".

Сүрөтчү Бек Жайчыбеков Ж.Турдубаевге: Абдан туура!

Журналист, публицист, басмачы Жаныбек Жанызак мырза Ж.Турдубаевге кошумчалаган:

Жоке, бу макаланы мен тээ 2003-жылы жазгам.

Эми келди, жарым-жартылай.

Ошого да шүгүр.

Теңирчиликти тынбай жазып келебиз, түшүнгөн кишибиз аз.

Беке, тиерде сага жазып жаткан Кошалиев так ошо теңирчиликтин ана башында жүргөндөй көрүндү эле, текстин бирөө бурмалап салганбы сен жооп жазган жазмасында...

Журналист Жолдош Турдубаев кайра жазган:

«Улут» терминин негизги эки мааниси мындай: 1. Этникалык ири биримдик. 2. Өлкө, мамлекет. Эгер биз жалаң таза кандуу кыргыздардын мамлекетин курабыз, теги башкаларды жана аргындарды кошпойбуз десек, анда ар коктуга бытырап кетерибиз анык. Себеби бизде сөздүн толук маанисиндеги улутчулдар (мамлекеттин биримдигин, жалпы улуттун бүтүндүгүн ойлогон мекенчилдер) өтө аз, ал эми «таза кыргыздардын» аң-сезими чындыгында уруучулдуктан өйдө көтөрүлө элек. Ар кимиси өз уруусун көкөлөтүп, башкаларды басынтууга, жерип-жектөөгө жанталашып жүрөт го. Бирдиктүү мамлекеттин, республиканын бешинчи-онунчу баскычтагы мансапкору болгондон көрө жапайылашууга баш койгон бир ууч уруунун президенти деп аталганды артык көрүшөт булардын көбү.

Өнүккөн өлкөлөрдүн баары кең дүйнө менен тең ата сүйлөшүү үчүн башкалардын өнөрүн, билимин гана өздөштүрбөстөн, эң таланттуу өкүлдөрүн да өзүнө кошуп, чыгармачыл дареметин зор максаттарга багыттай билген саясат аркылуу алдыга озгон.

Айтмакчы, былтыр өзү уруучулдуктун ураанын тамагы айрылганча кыйкырып, бирок башкаларды «трайбализмден көторүлөлү» деп чакырган бирөөгө «уруучулдук» менен «трайбализмдин» мааниси бир десем, жаман көрүп, «канымды текшермекчи» болгон)))

Журналист, “Азаттык” үналгысынын директору Венера Жуматаеванын пикири:

Азыр көпчүлүк мамлекеттер "улут" деген сөздү "эл" деген сөзгө жуурулуштуруп, маанисин байытып атышат. Кыргыз эли деген сөз "улуттан" улуураак, орду жогору. Чет мамлекеттерде сенин улутуңа, этникалык тамырыңа кызыгышпайт. Паспортуң кыргыздыкыбы, демек кыргызсың. Кыргыз элинин өкүлү. Прагада бишкектик башкыр кыз жашайт. Аны баары кыргыз дешет. Ал да ошентип айтат. Эмнеге биз аны жеришибиз керек, ал кыргыз эмес деп?

Булак: https://www.facebook.com/tynchtykbek.chorotegin

* * * * * * *

Журналист Назира Аалы кызынын пикири:

Мен торбетине бирдеме сирдемелерди жаза бергенди жактырбайм. Бирок азыр жактырбасам да жазышым керек болуп турат. Жазбасам тарс этип эле ордуман жарылчудай болуп турам. Кечээ күнү паспортто жарандын улутун жазуу керек же керек эмес деген теманын тегерегиндеги маселеге айрым адамдардын атайын пикирин угуп, абдан буулуккан, бушайман сезимге толуп отурам. Чынын айтсам, ошолорду сүйлөп аткан жеринен чыркыратып сүйрөп барып, аянтка алып чыгып туруп эле аттырып салчу немелер экен дедим. Минтип айтканыма аябай сезимтал немелер селт этиши мүмкүн «иий кантип оозуң барды ушинтип айтууга» деп. Оозум барды айтууга, себебин азыр тизмектеп берем. Үлкөн деп жүргөн илимпоз, ишмерлердин оозунан ириген сөз чыкты. Алардын алжыган пикиринде биздин улут аралык катнашка, так ошол паспорттогу улутун жазганыбыз жаман таасирин тийгизет имиш. Мисалдары АКШ жана Россия. Менин тан калганым, бул адамдар АКШ ар кошкон улуттан курулган тарыхы тайкы (кыска деген мааниде) мамлекет экенин, Россия болсо, көп улуттардын чакан автономияларынан турган федерация экенин, коңшу өлкө болсо, ар кайсы элден куралып, эптеп улут кылып, элинин санын көбөйтүү аракетинде улут дегенди атайын белгилебегенин билбейби?! Билишет эң сонун эле. Кыргыз эки миң жылдан бери эле паспорту жок жашаган деп ачылыш жасап койду аягында бирөөсү. Тобоо, деп жакамды кармадым. Буларга же ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн аябай акча төлонгөн, же чындап эле акылдарынан айныды, же булар ичибизде кыргыз болуп аралашып жүргөн анык душмандар!

Биринчиден, кыргыз кылымдар бою кырылбай келгенинин себеби, ушуларга окшогон улутту ууктурган душмандарды тез эле күм-жам кылып көзүн тазалаган! Экинчиден, катуу карманган каада-салт. Үчүнчүдөн, тарыхтын татаал жолдорунда улут үчүн канын, жанын аябаган адамдар болуп келген. Алардын айрымдарын айтсам миф дегендер болот, ошондуктан тантыраган немелер танбасын деп, аныктарын айтайын. Кыргыз улуту үчүн канын төгүп, жанын бергендер азыр Ата-Бейитте жатат. Алар кыргыз элинин эгемендиги үчүн күрөшүп, кыргыз чек арасынын 1 сантиметр жери үчүн кармашып, кандуу системанын каарына калып, кандары төгүлгөн! Улутчул деген айып менен кыргыздын кыйын уулдары ТИРҮҮЛӨЙ ЖЕРГЕ КӨМҮЛГӨН! Ошолордун арбагынан уялышпайбы, коркпойбу?! Ошолор жанын берип түптөп кеткен мамлекетте жайбаракат жашап алып, улуттун атын өчүрүш керек деп, дөөрүгөн идеяны көтөрүп, дөөпүрөстөнгөн саясатчыларды сазга алып барып туруп салып ийиш керек го?!

Ушу толеранттуу, гумандуу көрүнгүсү келген интеллигент сөрөйлөрдүкү өттү. Улутун кытай өңдүү кырса түгөнгүс супер этностор деле көрсөтөт, ал эми улуту ким экени белгисиз аралашма элдер айтпай койсо дагы жарашат, андыктан так ошондой элдер алып салган ошол графаны. Азыр ааламдашуу алкымдан алган опурталдуу заманда бизге окшогон майда элдер, эси жоктук кылып, улутун унутса, эртен тарыхтын таш-талканында калып, чаңга айлануу коркунучу бар! Андай жоголгон элдердин тарыхы дүйнөгө белгилүү. Ошо биздин ойкуштаган обу жок серепчилер сыйынган Батышта, улуттун өзүн ӨЗҮ аныктоосу күч алууда азыркы тапта.

Адам укугу дегенде айкырып чыга калган укук коргоочулар айтсынчы, менин улутумду аныктаган маалыматты алып салса, менин адамдык укугумдун тебеленгени да, туурабы?! Мен өзүмдүн улутумдан айрымдарга окшоп уялбайм, андыктан мен улутумдун так ошол паспортто БАДЫРАЙЫП жазылышын каалайм, анан эмне себеп менен мен ошол укугумдан ажырашым керек?!

Башка маселени кыйратып салгансып, баштарына таш тийип, улут деген маселени козгобой эле коюшсунчу. Баары бүтүп ушу калса дагы. Балээнин башын кылтыйтпасаңарчы!

Улуту КЫРГЫЗ Назира Аалы кызы

Назира Аалы кызына коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өз пикирин жолдогон:

Назира, жалындуу кайрылууңа көпчүлүк ыраазы. Кыргызда "атанын уулу" деп айтылчу эле, бул жерде түз эле АТАНЫН КЫЗЫ деп айткым келет, анткени Аалыкемди жакшы билем, кыргыз эли, кыргыз тили деп күйүп-бышып жүргөн мекенчил инсан. Өзүң дагы нар көтөргүс эмгек кылып келе жатасың улуттун руханий казынасын өстүрүү жаатында.

Бирок, кызуу талашка түшкөн маселе бир беткей, бир жагдай эмес. Кептин баары терминдердин чаташтыгынан чыгып жатат. Батышта “нация”, “национальные интересы” деген “мамлекет”, “мамлекеттик кызыкчылыктар” деген мааниде колдонулат. Орус тилинде болсо “нация”, “национальные интересы” деген сталиндик аныктамада алынган “улут” “улуттук кызыкчылыктар” маанисинде колдонулат. Ошондон улам биз - кыргыздар дагы УЛУТ менен МАМЛЕКЕТ деген түшүнүктөрдү айырып карайбыз, ар башка мааниде түшүнөбүз, бизде УЛУТ менен ЖАРАНДУУЛУК эки башка колдонулуп келет. Жазабыз: улуту - орус, жарандуулугу - Кыргызстан деп.

Мындай тартип көпчүлүк учурда чаташууга алып келет, чет жактагылар Россия жараны экен деп да түшүнүшөт. Мына ушундан улам КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ деген түшүнүктү калыптандыралы, улуту - орус, жарандуулугу - Кыргызстан деп анын этникалык мааниде таандуулугун анан мамлекеттин аталышын жазбай эле - жарандуулугу КЫРГЫЗ деп эле жазып койолу деген пикир чыгып жатат.

Менимче, паспорттогу өзгөртүүнү сунуш кылгандар элди козутуп, коомдук аңсезимди дүрбөлөңгө салган ИДЕЯЛАРДЫ туш келди ыргыта беришпей, адегенде ошол ойду ар тараптан терең талдап, анан кийин жөнөкөй, жалпак тил менен элге кеңири түшүндүрсө дурус болмок.

Азимхан Баяли да үн кошкон:

Силер фамилиясы менен эле билип койсоңор болот улутун, силер бирөө менен учурашып таанышсаңыз, атыңызды айтасыз, же кошо мен кыргызмын дейсиңерби? Кыргыз экениңерди өзүңүз билсеңер болдуда. Андан көрү тротуарга түкүрүнбөй, культурный улут болсок, ошо кыргыз экениңерди билгизет. Мейли башка улуттар, мен кыргызмын деп айтсын. Бизге жакшы да. Мисалы, түрктөр түрк болуп эле жүрүшөтко, бирок Осман империясынан бери азыркы мезгилге чейин башка улутка үйлөнсө, алар поддержка кылат экен, мамлекет. Ошонтип 80 млн түрк түрк болуп.

Анткени алар ошондо эле билишкен, кан, гендер, ата жагынан өтөт. Мисалы, мен өзүмдү кыргыз деп эсептейм, бирок чоң апамдар казак болгон, тажик болгон. Чын, таза кыргыз жок. Мурунтан эле монгол, кытай, өзбек, бүт элдер менен аралашкан эл..

Кандар аралашып турушу керек. Ошондо сулуулар көп болот. )

Акын Жыргалбек Касаболотов:

Ток этээр жерин айтыптыр Назира. Айрыкча мынабу жери аябай жакты: "Биринчиден, кыргыз кылымдар бою кырылбай келгенинин себеби, ушуларга окшогон улутту ууктурган душмандарды тез эле күм-жам кылып көзүн тазалаган!" - ой ата, тимеле кычуум кана түштү.

Өнөрпоз Юрий Бобков да пикирин калтырган:

Назира азаматсың!!! Каным орус болсо да. Кыргызмын, кыдык уурусунан.

Осмон Саткеев мырза да Назира Аалы кызына пикир жолдогон:

Азаматсың Назира, мен сени менен 100 пайыз макулмун, сыймыктанам, колдойм. А жанагы сен сөз кылган маңкурттарга айтарым, күн карама байкуштар, акылы тайкы макулуктар, улут, уруу, жети ата, бир тууган ынтымагынан айланып кеткиле. Улутум Кыргыз, Уруум Солто, Жети атам Борсолдой, Сатке тегин, Жантайбек уулу Осмон.

Булак: https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=490819151114504&id=100005592703900

* * * * * * *

Публицист Гүлжигит Исаковдун пикири:

ПАСПОРТТОГУ "УЛУТТУ" ЭМНЕ ҮЧҮН АЛЫП САЛУУ АЛИ ЭРТЕЛИК КЫЛАТ?

ЖЕКЕ ПИКИРИМЧЕ 5 СЕБЕПТЕН УЛАМ!

КТРКда берилип жаткан кабарларга караганда, "Улут" графасын алып салуу мурда эле чечилип, ошонун үгүтү жасалып, "АЛЫНБАСЫН" дегендер "жарма патриот" жарыяланууда... Бул деген, албетте, бир жактуу согууну салтка айлантып алгандар үчүн кадыресе көрүнүш болгону менен, калыстыктан бир топ эле алыс. Эки жактын тең пикири берилиши керек. Коом талдоосун жасап алсын, анан бир чечимге келсин. Коомго бир тараптуу маалыматты таңуулоонун өзү туура эмес.

1) "Алынып салынсын" деген тараптын жактоочулары "маалымат улам эле алмаша бергендиктен, алардын баары чипте болот жана ошол жерде сакталат, ошол жерден өзгөртүлөт" - деп жатат.

(1) Үй-бүлөлүк абал менен (2) Даректин өзгөрүшү толук ыктымал, ошондуктан алардын алынып салынышы туура эле. Бирок (3) Улут күндө өзгөрө бербейт. Тиги эки шылтоо менен "Улут" графасын алып салгылары бардай. "Улут" өзгөрбөйт! "УЛУТ" - калышы керек!

2) "Кыргыздар мурда деле паспорт жокто кыргыз болуп жашап келген, мындан кийин деле жашай берет" - деген жылаңач билдирүүлөр жасалууда. Мурда шарттар башка болчу, азыр башка. Замандын талаптарын жана коркунучтарын эске алуу керек. Мурда паспортсуз жашап жүргөнүбүздө нукура кыргыз элек, азыр КАНЧАЛЫК КЫРГЫЗБЫЗ? Мурда кыргыздар бир топ процесстерден (советтештирүү, интернационализм ж.б.) өткөн эмес болчу, азыркы кыргыздар кандайдыр бир деңгээлде трансформациялардан өтүп, бир эле коомдун ичинде түрдүү бөлүнүүлөр пайда болду. ОШОНДУКТАН, АЗЫР 100 ӨЛЧӨП, БИР КЕСҮҮ КЕРЕК!

3) "Манасыбыз бар, тарыхыбыз бар, кыргыз тилибиз бар! Мындан кийин деле боло берет" ж.б.у.с. жылаңач билдирүүлөр дагы орун алууда.

Бир нерсе өзүнөн өзү эле бар болуп тура береби? Бүгүн кыргыз тили кандай абалда? Эмне үчүн кыргызчаны ката аралаштырып жазгандар, сүйлөгөндөр көбөйдү? Тарыхыбыз кандай абалда? Эмне үчүн тарых бурмаланып жатат? Эмне үчүн коомго биздин кызыкчылыкты эске алган тарых үйрөтүлбөй жатат? Эмне үчүн тарых сааттары кыскартылып жатат? Манасты окубагандан кийин, анын баалулуктарын кайдан билебиз? Билбегенден кийин кантип жүзөгө ашырабыз? Жөн эле текчеде турган китептин пайдасы бизге кантип тиймек эле? Бүгүн кыргыз тилин билбеген кыргыздарга кыргыз тилин үйрөтө алдыкпы? Үйрөтө албаган болсок, башка улуттарга качан жана кантип үйрөтөбүз?

Шашуунун кереги барбы?

4) КЫРГЫЗДА, ТЭЭ МАНАС АТАБЫЗДАН КАЛГАН

"Курама жыйып журт кылдым" - деген ураан бар!!!

Ал замандын чакырыктары башка болчу. Ал кезде биз Шиберден (Сибирь) Идилге (Волга), андан дагы кенен аймактарда ат ойноткон, шамал жиреген ДОМИНАНТТУУ Улут элек! УЛУТТУК ИДЕНТТҮҮЛҮГҮБҮЗ калыптанган болчу. Андан кийин малекеттүүлүгүбүз кандайдыр бир замандарда ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАДЫ! Улуттук иденттүүлүгүбүз бир нече чабуулга душаар болду, туруштук берген жерде берди, бере албаган жерде бере албай калды...

БИР СПОРТЧУ МУРДА РЕКОРД КОЮП, КИЙИН ТРАВМА АЛГАН БОЛСО, АЙЫККАНДАН КИЙИН ДАРОО РЕКОРДУН КАЙТАЛАЙ АЛБАЙТ. РЕАБИЛИТАЦИЯ ДООРУ КЕРЕК! КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ КЕРЕК! АНҮЧҮН УБАКЫТ ЖАНА ДАЯРДЫК КЕРЕК! ЭСКИ КЫЯЛ МЕНЕН ШАША ТУРГАН БОЛСОК, СПОРТТОН БИРОТОЛО ЧЕТТЕП КАЛЫШЫБЫЗ МҮМКҮН!

5) "Өнүккөн өлкөлөрдө "улут" графасы алынып салыныптыр" деген курулай туурамачылыкты койсок, туугандар!

Эмне үчүн "Өнүккөн өлкөлөрдө айлык маяналар 5 000 миң доллардан жогору экен! Биз дагы ошончого көтөрөлү!" - деп чыкпайбыз?

Анткени, кээ бир параметрлер боюнча туура келбегенибизди билебиз. Ошондуктан "Айлык маяналарды азырынча көтөрө албайбыз. Бирок айрым көрсөткүчтөрдү жогорулатып, маяналарды ошол деңгээлге чыгара алабыз" - ДЕЙБИЗ ДА, ТУУРАБЫ?

Ушул сыяктуу эле, айрым нерселерди ОРУНДАТМАЙЫН, "УЛУТ" графасын алып сала албайбыз. Алар басып өткөн жолдорду басып өтмөйүнчө жөн эле аларды туурай берүү - АКЫЛЫ КЫСКАЛЫККА ТЕТЕ.

Орусия, Түркия, Франция, Англия, Германия сыяктуу өлкөлөр "УЛУТТУ" алып салса дагы жарашат, анткени алардын МАДАНИЯТЫ, ТИЛИ - ДОМИНАНТТУУ!!! Алар башка улуттарды сиңирип алат!

Алыс барбайлы, кошуна Өзбекстан "БИР МАМЛЕКЕТ - БИР ТИЛ" деген принцип менен жашап келет. Паспортунда "кыргыз" деп жазылган кыргыздар болжол менен 300 миңдин гана тегерегинде, расмий маалымат боюнча башка болушу мүмкүн. Мурда 1 миллиондон 3 миллионго чейин кыргыз жашары айрым булактарда айтылып келген. Алар сыртка чыгып кеткен жок. Демек, СИҢИП КЕТТИ!

Казакстанда (эми эми ), Тажикстанда, Түркмөнстанда башка улуттар ушул мамлекеттин тилдеринде гана сүйлөшөт.

------

УРМАТТУУ ТУУГАНДАР, УҢГУ УЛУТТУН УЛУТТУК ИДЕНТТҮҮЛҮГҮ КАЛЫПТАНМАЙЫН, ЖАРАНДЫК ИДЕНТТҮҮЛҮККӨ БЕЛСЕНИП АЛГАНЫБЫЗ АЛИ ЭРТЕ!

"Кыргызча түшүнбөйт да" деп башка улуттарга кытайча, орусча, англисче, түркчө ж.б. тилдерде сүйлөгөн айкөл кыргызым, бул боорукерлигинин запкысын тартып калабы деген чочулоом ар дайым болуп келген, азыр деле бар.

Кыргызстандагы ар бир улуттун маданиятын, тилин сактап калышыбыз керек бир кичинекей БУУ катары. Бул чакан БУУнун бир эле Расмий дагы, Мамлекеттик дагы, Иш алып баруу дагы тили болушу керек - ал Кыргыз Тили. Ал деңгээлге жете элек болсо, ошол деңгээлге жеткирмейин, ар кандай эксперименттерди жасай берүү - УЛУТУБУЗДУ ЖОК КЫЛАТ (Кудай сактасын)!

Жайылган жана колдонулган доминанттуу Маданиятыбыз жана тилибиз болмоюн, күчтүү Улуттук Иденттүүлүгүбүз болмоюн, паспорттогу "УЛУТ" графасын алып салсак, бир нерсеге тез берилген улут катары сиңишип кетебиз.

ЭКОНОМИКАБЫЗДЫ КӨТӨРӨЛҮ, ТИЛИБИЗДИ БААРЫНА ҮЙРӨТӨЛҮ, АҢ-СЕЗИМДИ ОЙГОТОЛУ, УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ ТОЛУК КАМСЫЗ КЫЛАЛЫ, АНДАН КИЙИН ДАГЫ БУЛ МАСЕЛЕНИ КӨТӨРҮП ЧЫКСА БОЛОТ.

Г.Исаковдун пикирине куудул Жамбыл Камчиев өз оюн кошумчалаган:

Мен билгенден, Баткендик Камчыбек Саматов деген инсан Паспортуна 1995-жылы улуту КЫПЧАК деп жаздырган. Төлөн Дыйканбаев деген кыргыз киши Бийликтегилерге өчөшүп улутун адегенде түрк, кийинчерээк орус деп жаздырган. Көптөгөн башка улуттун өкүлдөрү карьера үчүн, уйгур, казак, өзбек дедирбестен КЫРГЫЗ деп жаздырышканын көргөм. Демек. Биз кыргыздар башка улуттарга, өлкөлөргө орентир жасабастан өзүбүзчө Паспорт чыгарышыбыз керек. Өлкөнүн ичинде гана иштей турган паспорттордо Улуту, уруусу, ДНКсы белгилениши абзел. Кыргыз, орус тилдерин билгендерге АЗАМАТ деген, Кыргыз тилин гана билгендерге АТУУЛ деген, Кыргыз тилин билбегендерге Жаран деген статустары менен Паспорт берүү зарыл. Шайлоого, шайланууга укуктуулар АЗАМАТТАР менен АТУУЛДАР гана болот.. Ансыз коом өнүкпөйт.

Акын, публицист Улан Кошалиевдин пикири:

Англисче nationality деген улут деп дагы, жарандык деп дагы которулган үчүн, кыргыздардан башка биздин жарандардын паспортунда түшүнүксүз болуп калып атат. Мисалы, орустарда Kyrgyzstan деп дагы, Russian деп дагы жазылып калып атат. Ошон үчүн улуту дегенди паспортко жазбай эле койолу деп атышат. Жөнөкөй эле маселени ызы-чуу кылыштын кереги барбы?

Кыргызды кыргыз эместер ичтен бөлүп-жарып атат дей беришет. Ким экен ал бөлүп жарган, конкреттүү бирөөнү көрсөтө аласыңарбы?

Булак: https://www.facebook.com/guljigit.isakov/posts/10154448005672122

* * * * * * *

Кыскача корутунду

Бул талкууга катышкан бардык замандаштарды сыйлайм.

Кыргызстан – эгемен гана эмес, демократиялуу өлкө. Бардык атуулдардын өз оюн ачык билдирүүгө конституциялык укугу бар.

Ошону менен бирге, эгемен Кыргыз мамлекетин андан ары чыңдоону жогорку мүдөө кылышы зарыл болгон азыркы бийлик саясий эркти көрсөтүп, паспортту реформалоо жаатындагы долбоорду толук жүзөгө ашырат ко деген үмүттөмүн.

"Кытайлык кыргыздар – Кытайдын атуулу, тажик кыргыздары – Тажикстандын атуулу" деген оюма К.Кошалиев мырза “жыландын башын чыгарууда” дегендей мамиле жасаптыр. Кыргызстандагы казактар менен тажиктер Казакстан же Тажикстан үчүн эмес, жараныбыз катары Кыргызстан үчүн күрөшөт. Юрий Бобков байкебиздин жогорудагы сөзүнөн айгинеленгендей, Кыргызстандагы орустар – Орусия үчүн эмес, Кыргыз мамлекети үчүн күйгөн кыргыз жарандары. Аларды боорго тепкендер – ичтен чыккан ийри жыландай, Абыке, Көбөштөй, билип-билбей туруп, саясий сабатсыздыгынын айынан өз мамлекетибизди ичтен ыдыратчу күчтөр. Кыргыз жарандары 6 миллиондон ашты.

Айтмакчы...

Жаңы паспорт даярдоодо кыргыздын Ө,Ң, Ү тамгалары кирил жазмасында да, латын арибинде да (Ö, Ñ, Ü) деп МИЛДЕТТҮҮ көрсөтүлүшү керек. Кыргызча каткалаң Ж тамгасы кыргызча паспортто ДЖ деп жазылышы уят, аны латын арибинде орус менен казактын жумшак Ж тыбышындагыдай ZH же DJ деп жазбастан, J деген тамга менен берүү зарыл. Бул ойду мен Тайырбек Сарпашевге “ЭлТР” коомдук сыналгысында кулжанын 18инде саат 20:00да обого чыккан берүү маалында калайык алдында айттым. Ага бул сунушту президент А.Атамбаев төрагалык кылган Улуттук кеңештин отурумунда да жолдогондугумду, мамлекет башчы да “ушул маселени жаңы паспорт даярдоодо эске алгыла” деп өкмөт жакка табыштаганын, паспорт үлгүсүн даярдоо тобуна кыргыз тилин мыкты билген адистерди кошуу зарылдыгын эскерттим.

Немис, мажар, түрк жана башка көптөгөн элдердин латын арибинде колдонулган Ö, Ñ, Ü сыяктуу тыбыштардын тамгаларын эсепкерден (компүтерден) же тордон жалкоолор менен кайдыгерлер же бүлдүргүчтөр атайылап “таппасам экен” дегенде гана таба албайт, болбосо UNICODE, Гугл Котормо (Google Translate), Майкрософт, Википедия сыяктууларда кыргыз тилинен мурда дал ошол бизге зарыл тамгалар эчак катталышкан.

Кечээ эле бир кыргыз калемгери мага басмаканадан жаңы чыккан китебин белекке берди. Анда кыргызча эле китепте анын тегатынын башкы тамгасы Ж делбестен, ДЖ деп жазылганын окуп абдан кейидим.

Бул – майда-чүйдө суроо эмес. “Улутубузду өнүктүрөлү” деп көкүрөк ургулагандардын көбү түркөйлүктүн айынан бул маселеге кайдыгер карашууда. Кирил жазмасын реформалоо керек деген чакта, реформалык илимий топко “Юдахиндин доорундагыны бүт толук сактайлы” деген эскичилдер кирип алышса, Ъ, Ь, Ю, Я, Ё, Ц, Щ тамгаларын мурдагыдай эле таңуулашат ко, Қ, Ғ тамгаларын жеришет ко деп чочулайм.

Айтор, өткөөл доорубузда оң жакта да, сол жакта да күрөш, кызуу талкуу, баарлашуу жүрүүдө.

Бул кырдаалда “паспорт көйгөйүн жалаң гана бийлик өкүлдөрү түшүндүрсүн” деп күтө бербестен, бардык атуулдарыбыз бул талкууга жигердүү катышып, паспорттук реформанын маңызы – демократиялык Кыргыз мамлекетин, кыргыз жарандыгын чыңдоо аркылуу улутубузга чындап кызмат кылуу экенин жалпы калайыкка түшүндүрүүгө салым кошуубуз абзел деген ойдомун.

XS
SM
MD
LG