Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Карышкырлардын көбөйүшү, ажонун кетишин каалагандар жана кымбатчылык


“Эл үнү” уктуруубуздун бул жолку чыгарылышына кайрылган угармандарыбыз элетте карышкырлар күчөшү, кыш жана кымбатчылык сыяктуу маселелерди айтышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоевдин дале табылбай жатканына тынчсызданып, Кытайдан келген азык-түлүктөрдөн уулу заттардын чыгуусунан чочулап жатышканын айтышкандар бар.

Нарын райноунун Жерге-Тал айылынын тургуну Зарлык Сарыбашев “Эл үнү” аркылуу президент Курманбек Бакиевге кайрылып, учурда мамлекет коррупцияга батып бүткөнүн, элдин мүлкүн талап-тоногондор көбөйгөнүн, Жогорку Кеңештин депутаттарын баш кылып уурдап кетип жатышканы абалдын оор экенин көрсөтүп турарын айтып, эгер президент өз каалоосу менен эле бийликтен кетсе өзүнө дагы, элге дагы жакшы болорун билдирди.

Андан тышкары Нарын облусунун жер-жерлердеги тургундары карышкырлар абдан көбөйгөнүн, короодогу малга чейин кол салышкан учурлары кездешип жатканын, айылдын четтериндеги талааларда калып калган мал-жанды карышкырлар бир түндөн чыгарбай мойсоп кетип жатышканын, карышкырларды атуучу топтор эмнегедир түзүлбөй жатканын айтып, нааразы болушту.

Элеттиктердин бул көйгөйү тууралуу Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары Мирадил Бакашев түшүндүрмө берип, облустун бардык райондорунда Ички иштер органдарынын катышуусу менен биргеликте атайын карышкырларга каршы күрөшүү топтору иштей баштаганын айтты. “Карышкыр деген барып эле кармап келе тургандай бир мал эмес. Аны издеш керек, атыш керек. Кыйынчылыктары болот, бирок буга карата атайын топтор иштеп жатышат”,- дейт ал.

Ал эми Жалал-Абат облусунун жашоочусу Асылбек Текебаев, азыркы тапта Кыргызстанда адам укуктарын болуп көрбөгөндөй бузуучулук орун алганын, Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоевди баш кылып жөнөкөй эле адамдарды, ишкерлерди уурдап кетүү, атып кетүү учурлары көп кездешип жатканын, бүгүнкү күнгө чейин мындай кылмыштар эч кандай ачылбай жатканы өлкө келечегин бүдөмүк кылып жатканын, андыктан өлкө жетекчилери мыйзамдуулукту, тартипти орнотпосо, мамлекет барган сайын криминалдашып, кылмышкерлер күч алган өлкөдө жашап калуу коркуну бар экендигин айтат.

Жалал-Абат шаарынын тургуну Гүлсайра Маматазимова болсо, Кытайдан келген ундардын, эттердин жана башка азык-түлүктөрдүн сапатынан шектенип, алардын курамынан меламин сыяктуу уулуу заттар чыгуусу ыктымалдыгын айтат. Анын пикиринде, бажы кызматтарын, санитардык кызматтарды жакшылап көзөмөлдөп, тыштан келген азык-түлүктү текшерүү зарыл.

Бул маселеге Аксы райондук санитардык көзөмөл станциясынын башкы дарыгери Апсамат Жолдошев жооп берип, күч органдары менен биргеликте текшерип, кыдыруу иштери жүрүп жатканын, бирок тыштан келип жаткан азык-түлүктөрдүн курамынан уулу заттарды таба алышпаганын, азык-түлүктөрдүн арасында жаш балдарга берилчү азыктар да бар экендигин, бирок ал азыктар Кытайдан чыгарылбаганын аныкташканын билдирди.

Ошондой эле “Эл үнүнө” Базар-Коргондук Төрөкан Алимов аттуу угарманыбыз кайрылып, учурда мамлекеттик кызматтарга өз ишин жакшы билбеген адамдар келип калып жатышкандыгы тууралуу ой-пикири менен бөлүштү. Анын айтымында, көп мамлекеттик кызматкерлер тааныш-билиштери, акчанын күчү, уруучулук жана бөлүнүүчүлүк жолдору менен келип калышкан. “Мындай кызматкерлер элди иренжитип, абалды оорлоштуруп жатышат”,- дейт Т.Алимов.

Андан тышкары Бишкек шаарынын тургуну Базаргүл айым да “Эл үнүнө” кайрылып, жаңы жылдан кийин бардык азык-түлүккө болгон баалар, электр жана газдын баасы дагы да көтөрүлөрү айтылып жатканын, буга байланыштуу кышты чочулоо менен күтүп турушканын, мындай сөздөрдөн кийин уйкулары да качып калганын айтты. “Булар элди биротоло тоңдуруп, ачкадан өлтүрөлү деп жатышабы? Карашпайбы, иштешпейби бийликтегилер. Депутаттар эмне кылып отурушат?”,- дейт Базаргүл айым.
XS
SM
MD
LG