Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:56

Асанбек Табалдиев: Орошон ойчул окумуштуу 75ке чыкмак


Асанбек Табалдиевдин 75 жылдык мааракесине арналган илимий жыйын КУУда өттү.

Асанбек Табалдиевдин 75 жылдык мааракесине арналган илимий жыйын КУУда өттү.

Кыргыздын чыгаан ойчулу, өлкөдөгү социологиялык илим тармагынын негиздөөчүсү, философ, энциклопедиячы Асанбек Табалдиевдин 75 жылдык мааракесине арналган илимий жыйын Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өттү.

Өрттөлгөн китеп, муундарга жетпей калган илимий эмгек

Мезгилдин чыгаан философу Асанбек Табалдиев өткөн кылымдын 60-70-жылдары кыргыз улуттук университетинде марксизм-ленинизм кафедрасын башкарып, улут жана улуттар арасындагы мамиле деп социологиянын ыкмасы менен Кыргызстанда биринчи жолу изилдөө жүргүзгөн.

Асанбек Табалдиевдин жубайы
Асанбек Табалдиев изилдөөлөр улут маселесине багытталып, айылда жашаган кыргыздар менен башка улуттардын турмуш-тиричилигиндеги айырмаларды, айыл маданияты менен шаар маданияты, шаардыктар менен айылдыктардын экономикалык-социалдык, маданий турмушундагы өзгөчөлүктөрдү, улуттар арасындагы мамилеге көз караштарын камтыган.

Изилдөө бүтүп, китеп даярдалгандан кийин, аларды Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитети алдырып, өрттөтүп салган. Мына ушундан кийин Асанбек Табалдиев ооруга чалдыгып, дарты күчөйт.

Бирок ошол маалда, 1971-жылы "Советтик коомдогу улуттардын жана улуттук мамилелердин өнүгүүсүндөгү эки тенденциянын диалектикасы" деген темада доктордук диссертациясын Свердловск (азыркы Екатеринбург) шаарында жактаган.

Окумуштуу "Лениндик улут теориясы жана азыркы учур", "Доорубуздун достугу", "Улутум бар, уруум жок" деген жана башка илимий эмгектеринде да кыргыз улутунун маселесин, улут саясатын, улут мамилелерин кеңири изилдеп, айкын түшүнүктөр менен иштеп чыгып, тажрыйбалык маанилүү сунуштарды бергенин анын шакирттери эскерди.

Профессор Рахат Ачылова:



Профессор, философ Рахат Ачылова белгилегендей, Асанбек Табалдиев социологиялык илим тармагынын негиздөөчүсү катары биринчилерден болуп илимий-публицистикалык чыгармаларында айыл-кыштак маданиятын көтөрүү, үйлөрдү жасалгалоо, салттарды жашоого жарашыктуу өзгөртүү, тойлорду ылайыктуу, ырааттуу өткөрүү, үй-бүлө, улут тарыхы тууралуу орчун темаларга өзгөчө көңүл бурганы менен тарыхта өчпөс из калтырды.

Кыргыз энциклопедиясын чыгаруу оңойго турган эмес

Асанбек Табалдиев биринчилерден болуп Кыргыз улуттук энциклопедиясынын Башкы редакциясын түптөө иштерин уюштуруп, бийлик төбөлдөрү анын алгачкы томдорун миң нускадан чыгарууга макул болгонун, бирок Табалдиевдин "көктүгү" менен алар 30 миң нускадан басылып чыкканын Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин мудариси Кусейин Исаев белгиледи.

Анын айтымында, Асанбек Табалдиев "Манас" эпосунун алп айтуучулары Сагынбай менен Саякбайды кыргыздын азыркы доордогу Гомерлери деп ынанымдуу сыпаттаган эмгегин жарыялаган.



Кусейин Исаев тоталитардык совет режими учурунда Асанбек Табалдиевдин илимий эмгектери, диссертациясы өзүнчө китеп болуп чыкпаганын, анын чыгармалары бүгүнкү күндө дагы актуалдуу экенин белгилеп, илимий эмгектерин топтоп китеп кылып чыгаруу зарылдыгын айтты.

Аз жашап, саз иштеген илимпоз

Оргуштаган терең ойчул окумуштуу Асанбек Табалдиев 1935-жылы 25-январда Нарын районундагы Жерге-Тал (Жаңы-Талап) айылында жарык дүйнөгө келген.

Ал Кыргыз улуттук университетинде философия кафедрасынын башчысы, Кыргыз совет энциклопедиясынын биринчи Башкы редактору болуп иштеп, социологиялык изилдөө лабраториясын түзүп, 20дай аспирантка илимий жетекчи болгон.
Рахат Ачылова

Анын шакирттеринен бирөө академик, бирөө улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, бешөө илимдин доктору, ондон ашуун илимдин кандидаты даражасына жетишкен.

Асанбек Табалдиев 28 жашында философия илиминин кандидаты, 36 жашында илимдин доктору, 38 жашында Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланууга, мамлекеттик илимий сыйлыктын лауреаты болууга, өзүнүн илимий мектебин түптөөгө жетишкен.

Ал 1975-жылы 40 жашында айыкпас дарттан каза болгон.
XS
SM
MD
LG