Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:02

Акын, журналист, публицист Жолдошбек Зарлыкбеков 58 жашында узакка созулган оорудан соң 10-майда дүйнөдөн кайтты. Анын ыр китептери көзүнүн тирүүсүндө басылып чыкпаганы менен, маалымдоо каражаттары аркылуу өз окурмандарын таап, атын тааныта алган. Жолдошбек Зарлыкбеков элге кеңири таанылган “Асаба”, “Агым” гезиттеринде иштеп, өзүнүн кесипкөй журналист экендигин далилдей алган.

Жолдошбек Зарлыкбеков кыргыз коомуна өткөн кылымдын 80-жылдарынын соңунда акын жана журналист катары тааныла баштаган. “Асаба” - “Агым” гезиттеринде узак жылдар бою бирге иштешкен кесиптеши Аскербүбү Сакыбаева Зарлыкбековдун журналисттик ишмердүүлүгүн мындайча баалады:

- Зарлыкбековдун иштеп турган убагы мындан 15-20 жыл мурун “Асаба” гезити дүңгүрөп турган учурга туш келди. Ошол кезде Жолдошбек байке өзүнүн кандай журналист экенин көрсөттү. Ал негизинен социалдык-экономикалык темаларды жазчу. Ошол кездеги өлкөнүн абалы, мамлекеттеги ар тараптуу маселелерди чачырата жазып, кемчиликтерди көрсөтө билди. Ал ар бир макаласын кыргыздын нукура жалпак тили менен жазып берип, өзүн эң мыкты журналист экенин далилдеди.

Сакыбаева буга улай Зарлыкбеков ошол жылдары журналистикада да, жеке чыгармачылыгында да жигердүү, жемиштүү иштегенин кеп кылып, гезитке дүйнөлүк адабият өкүлдөрүнүн котормолорун да байма-бай сунуштап турганын кошумчалады.

“Ичи кыжыр, сырты жоош, Жолдошбек деген жакшы айбан”,- деп калемдешин теңтуштук азил-тамашага салып келген акын Нуралы Капаровдун айтымында, Зарлыкбеков чыгармалары китеп болуп басылып чыкпаса да мезгилдүү басма сөздө жарыяланып турган ырлары аркылуу поэзия күйөрмандарына акын катары таанымал болгон автор эле:

- Жолдошбек дүйнөлүк адабияттан орус тилине которулган көптөгөн акындарды окуду. Орус акындарын да окуду. Кыргыз акындарынын чыгармаларын да өзүнө сиңирди. Өзү ошол ар бир окуган чыгармасын жөн эле окуп койбой, андан канат алган, өзүнө сиңире алган адам эле. Окуган чыгармаларын кан-жанынан өткөрүп, анан өзүнүн өзгөчө поэзиясын жаратканга аракет кылды. Мындайча алып караганда, кооз поэзия жаратканга умтулар эле. Ырды жөн эле суна койбой, сөздөргө аябай маани берип, шөкөттөп туруп анан берер эле. Анын акындык белгиси, чындыгында Жолдошбектин жүрөгү өтө назик болчу.

Капаров маркум калемдеши тууралуу айтып жатып, ал акын катары өзүнүн ар бир ырына чоң талап менен карап, кайра-кайра оңдоп, ийине жеткире иштемейинче элге жарыялабаган автор болгонун белгиледи. Маектешибиз ал ушундай себептерден улам көзү тирүүсүндө өзүнүн чыгармаларын китеп кылып чыгарууга батынган жок окшойт деп ойлойт.

Жолдошбек Зарлыкбековдун ырлары

Сүрөттөгү өскөн жер

Жол кетет. Жолду жээктеп талаа кетет,

Талаанын арты, билем, дагы талаа.

Кеткен жол илкип-салкып араң жетет

Суу кечип, Боом өрдөп Тянь-Шанга.

Алкагы өрүк жыгач, буудай түс сыр —

Эргүүдөн бүткөн сүрөт. Ойго тунам,

Жанымдын дабаасына жазылган ыр

Жаралган өңдүү жайсыз чындыгымдан.

О, айтпа, түшүндүрбө! Өскөн жердин

Көгүндө күмүш канат булут шашып,

Төрүндө дүйүм чөбү тамыр жайып,

Жээгинде шамал дуулап, толкун ташып

Жол келет. Жолду жээктеп талаа келет,

Берилеп, улам жылган сайын дагы,

Берилеп… илкип-салкып араң жетет

Апамдын сөөгү жаткан айылга бу.

Ысык-Көлдө толгон ай

Кудум күмүш табактай,

Көл түбүндө ай жатат.

Кубалашкан чабактар

Айдын жүзүн чаңдатат.

Күмүш суунун түбүндө

Күмүш түспөл чабактар.

Күмүш айдын үнүндөй

Күмүш толкун агат жай.

Күмүш толкун дирилдеп

Кудум күмүш тарактай,

Күмүш көлдүн түбүндө

Күмүш айды тарайт жай.

* * *

Гүл көркү өчтү терезе оту өчкөндөй,

Күүгүм кирди күлкүсүнө толкундун.

Тагдырымдын жээгине жеткендей,

Тиземе ээгим таяп үнсүз олтурмун.

Күн нуру өчтү, каптап кара шоолалар,

Айсыз асман ным дубалдай салмактуу.

Алы курган периштедей жөө-жалаң,

Эстен чубайт таарынычтар алгачкы:

“…Мен каткырсам сен карарып түн болдуң,

Мен түнөрсөм сен жаркырап нур болдуң.

Кырк чачылып, кырк тушумдан жыйылып,

Жортуп-жортуп бөртүп бүтпөй тим болдум.

Көмөкөйдөн кургап чыккан үн болдум,

Көңүлүңө төп келбеген ыр болдум.

Кырк томсоруп, кырк тушумдан жасылып,

Айтчумду бүт айтып бүтпөй тим болдум…”

Гүл жаркыды күн нуруна өрттөнгөн,

Шоола кирди шыбырына толкундун.

Түндө бирөө мени унутуп кеткендей,

Бугум муунуп дале кырда олтурмун.

* * *

Жалгыз тамчы шүүдүрүмдүн жүзүндө,

Көрдүм көктүн түбү чөгүп жатканын.

Жалгыз тамчы кирпигимден үзүлбө —

Жерге тамып калбаса дейм асманым.

Жалгыз тамчы бетиндеги көгүш төр,

Көк асмандын чагылышкан түбүдүр.

Көз чанагым көөмп турган кайсы көл?

Жалгыз тамчы – шүүдүрүмүдүр сүйүүнүн.

Бул өмүр – берер жообу кечеңдеген…

Тянь-Шань, кең асманың толо жылдыз.

Төккөн ай нурун ундай. Көөшүйт кыштак.

Желаргы. Токум булут сүзөт изсиз,

Дайранын мээлүн күүсүн үзүл тыңшап.

Жетелеп сансыз майда толкундарын,

Дайра агат бейпилдикти бузуп-бузбай.

Мелтейет Күңгөй-Тескей, олтургансып

Эки чал маңдай-тескей унчугушпай.

А бул жол – алда неге сунулган кол,

Арылап, аң-сезимде андан да ары.

Төбөдө тетир түшкөн Саманчы жол —

Жылдыздар – жылдыз курттай шамалдагы.

А бул жол кеткен өрдөп тоо-талааны,

Жээгинде чаалыгышкан чаңдан чийлер.

Бу жолдо ээсиз издер канча дагы,

Бу жолдо артка кайтпай өткөн кимдер?

Кырка тоо – кудум кырк төө үргүлөгөн,

Сан ойдун салбыратып чуудаларын.

Жол жутат жолоочуну түн жиреген,

Басаңдап бабыргандын ыйлаганы.

Сен мага… түшүндүңбү? Туура түшүн,

Же мейлиң, эчен-токон көзөлдөрдөн

Өттү өмүр – жеңдей кыска, колдой узун,

Өттү өмүр – берер жообу кечеңдеген.

Акындын калемдеш инилеринин бири Олжобай Шакир Жолдошбек Зарлыкбековдун артында акын катары том-том ырлары, жазуучу катары прозалык чыгармалары калганын айтып, маркум калемгер акыркы он беш жыл аралыгында өзүнүн чыгармалары китеп болуп чыгарын кайра-кайра сүйүнчүлөп, бирок ал тилегине жетпей калганына кейиди:

- Саргайган барактарды колтугугуна кысып алып “Кыргызстан маданияты” гезитине келип “Жердештерим китебимди чыгарып бергени жатат” деп сүйүнчүлөп жүргөн. Бир нече аңгемелери, калың папкада ырлары бар эле. Биз ал жаңылыкты гезитке бергенбиз. Ошондон баштап ал киши бул сүйүнчүнү он беш жылдай оозунан түшүргөн жок. Биз дагы он беш жылдай жаңылык жазгандан чарчабадык. Көрсө мындай кишилердин өтүмү жок болот экен да.

Шакирдин айтымында, Зарлыкбеков көрсө “китебиңди чыгарып берем”деп тил эмизгендерге ишенип, ал үмүтүнө суу себилип, кийинчерек кокусунан алдамчыларга туш болуп үйүн барымтага кое салып акча алып берип, анысы качып кетип, анын азабын тартып, мындан сырткары артында туяк калбаганынан улам да капалыкка алдырып койгонун айтып берди. Мындай тагдыр акынды ден соолуктан ажыратып, эки жыл мурун эки буту баспай калган.

Маркумдун өмүрлүк жубайы Асия Каликееванын айтымында, акындын артында басмага даярдалган көркөм мурасы калды. Бирок ал автордун жеке редакциясынан өтө элек болчу :

- Мунун ырлары эле үч томдук болот го. Бир томдук прозасы бар. Алар азыр менде сакталып турат. Кол жазманы мен өзүм тергем. Жанагы оорудан арыла албай койбодубу. “Өзүмө келсем аларга оңдоо киргизе турган жерлерим бар эле, сени менен барып компьютерден жылыштырып орундарын да ылайыкташым керек", - деп жүрчү.

Каликеева кези келгенде Жолдошбек Зарлыкбековдун көркөм мурасын басып чыгара турган демөөрчүлөр табылып, колундагы чыгармалар өз окурмандарын табат деп ишенет.

Журналист, акын-публицист Жолдошбек Зарлыкбеков 1958-жылы Кочкор районунда туулган. Сөөгү 13-майда Аламүдүн районунун Лебединовка айылына коюлат.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG