Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:57

Ак жол” фракциясы жабык эшик аркасында премьер-министр Игорь Чудиновдун катышуусунда өкмөттүк жыйын куруп, анын отчетун угушту.

Айрым талдоочулар бул жыйында “Ак жол” фракциясы өкмөттү кетирүү маселесин карай турганын болжошкону менен жыйын соңунда башкаруучу партиянын депутаттары андай маселе көтөрүлбөгөнүн айтышты. Ошентсе да саясат талдоочулардын баамында, жакын арада бийлик өкмөттү отставкага кетирип, айрым оппозиция өкүлдөрүн бийликке тартуу аракетин жасашы ыктымал.

Бийликке бир катар талаптарды, анын ичинде өкмөттү отставкага кетирүү талабын оппозиция жээгиндеги айрым күчтөр коюп келишет. Мурдагы коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков жетектеген “Жаңы Кыргызстан” партиясы да Игорь Чудинов баш болгон өкмөттүн курамын толугу менен отставкага кетирүү талабын коюшкан.

“ЭрК” партиясынын төрагасы, Кыргызстан мусулмандар кеңешинин тең төрагасы Турсунбай Бакир уулу да дал ушундай талаптарын айтып келатат. Ошондон улам айрым саясат талдоочулар, “Ак жол” фракциясынын жабык эшик аркасында өткөн кечээки жыйынында өкмөттү кетирүү маселеси көтөрүлүшү ыктымалдыгын айтышкан. Жыйындан соң башкаруучу партиянын өкүлдөрү андай маселе көтөрүлбөгөнүн айтышты.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдрасаков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, өкмөттүн жылдык отчету али боло электигин, отставкага кетирүү маселеси ошондо гана көтөрүлүшү мүмкүн болорун, бул жолу жөн гана экономикалык оор кырдаалга байланыштуу өкмөттү угушканын айтты:

- Жыйында өкмөт кышка даярдык боюнча отчетун берди. Каржылык кризис маселесин да карадык. Ушул эки маселени эле карадык. Премьер-министр бизге отчетун берди. Кыштан кантип чыгабыз, Токтогулда канча суу бар деген сыяктуу. Бирок өкмөттүн ишине баар берген жокпуз.

Айрым талдоочулар бийлик жакын арада амалкөй кадамдарды жасашы мүмкүн экенин, оор кырдаалдан чыгыш үчүн өкмөттү садага чаап, оппозициядагы саясатчыларды бийликке тартуу менен 2010-жылдагы президенттик шайлоого катуу киришерин айтышууда.

Биринчи кезекте өкмөт таркатыла турган болсо, “президент кала берсин, өкмөт кетсин” деп жаткан саясий күчтөр жаңы өкмөттүн курамына кириши мүмкүн экенин айтышат.

Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимовдун айтымында, коррупцияга баткан, бийлик бир колго топтолгон, азыркыдай авторитардык бийлик тушунда кандай өкмөт келсе дагы эч нерсе өзгөрбөйт. Ошол себептүү социал-демокараттар бийликтин мындай кадамдарын колдобойт жана жаңы өкмөт түзүлгөн учурда дагы анын курамына барышпайт:
Мен үчүн азыркы бийликтин Кокон хандыгындагыдай системасы кереги жок. Бул 19-кылымдагы система. Бакыт Бешимов


- Биздин партияда үч чоң баалуулук бар. Демократия, эркиндик жана адилеттүүлүк! Аны бир сөз менен айтканда, биз таза бийлик системасынын курулушун каалайбыз. Бул саясаттан биз кайтпайбыз. Анан бул өкмөттү таратабы, таратпайбы, мен үчүн бул чынында азыр принципиалдуу эмес. Мен үчүн азыркы бийликтин Кокон хандыгындагыдай системасы кереги жок. Бул 19-кылымдагы система. Бул бийлик бизди ошол системага биротоло тыккысы келип атат. Биз ошого каршы күрөшүшүбүз керек. Мен үчүн ушул принципиалдуу.

Белгилүү саясат талдоочу Токтогул Какчекеев, өлкөдөн качууга аргасыз болгон БШКнын мурдагы төрагасы Клара Кабилованын чуулгандуу билдирүүсүнөн кийин, өкмөт эле эмес парламенттин маселеси да кырынан турат. Андыктан, президенттик шайлоо жакындап, өлкө энергетикалык жана каржы кризисинин жакасында турган маалда президенттик экинчи мөөнөт үчүн өкмөт менен парламент да курмандыкка чалынып кетиши ыктымал:

- Игорь Чудиновду кетиреби же кетирбейби, бирок алдыда президенттик шайлоо жакындап келатат. Ошондуктан президенттин экинчи мөөнөткө калуусу үчүн өкмөттүн дагы парламенттин дагы курмандыкка чалынып калуу мүмкүнчүлүктөрү бар.
XS
SM
MD
LG