Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Өзбекстанда бир облустун беш акими бир күндө кызматтан алынды


Сурхандарыя облусунун башчысы Эшдавлат Жураев
Сурхандарыя облусунун башчысы Эшдавлат Жураев

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда бир күндө беш райондун акими иштен алынды. "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлашынча, бул тууралуу расмий жарыялана элек, бирок президенттин уюштуруу иштери жана кадр маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси Даврон Назармухаммедов 24-сентябрда Сурхандарыя облусуна барып, президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан премьер-министр Шавкат Мирзиёевдин беш акимди кызматтан четтетүү жана алардын ордуна жаңыларды дайындоо тууралуу буйруктары менен тааныштырды.

Кызырык районунда жашаган фермерлердин бири үч кара Jeep машинасы менен келген адамдар район акими кызматтан алынганын, анын ордуна Бахтиёр Ибодов аттуу жаран келгенин мактап жарыялашканын айтып берди.

Өлкөнү 27 жыл башкарган Ислам Каримов 2-сентябрда дүйнө салган. Конституция боюнча анын ордуна парламент төрагасы убактылуу дайындалышы керек болчу. Бирок бул милдет премьер-министрге тийди.

Президенттик шайлоо бул өлкөдө 4-декабрда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG