Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Топураган тойлордун өлкөсүндө жашайбыз


Гезит күркөдө.
Гезит күркөдө.

Шейшембидеги кыргыз гезиттеринде маданий-саясий темадагы материалдар арбын жарыяланды.

“Кыргыз туусу” гезити жаңы санын кечээ Москвада башталган Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун кезектеги сессиясына жана Еврaзиялык улук экономикалык кеңештин жыйынына катышып жаткан Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин орус президенти Владимир Путин менен жолукканы тууралуу кабар менен ачты.

Гезит андан соң премьер-министр Темир Сариевдин Жогорку Кеңештин комитетинде бюджет боюнча сүйлөп, Евразия биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен инфляциясы эң төмөнү Кыргызстан экенин сандардын көрсөткүчү аркылуу мисал кылганын, Бишкекте калкты тейлөө борбору ачылганын, Темир Сариев ошондой эле кыргыздар тойдон акча аябастыгын, бирок ошол акчаларын балдарын окутууга, аларды тарбиялоого жумшаса жакшы болбойт беле деген оюн айтканын жазып чыкты.

Гезитте журналисттер Жыпар Исабаеванын “Айтматов окуулары–2015” деген, Нарынкүл Назаралиеванын “Алгачкылар жакшы иштешсе, кийинкилерге жол ачылат” деген, "Ош: ички мигранттардын коргоочулары” деген жана башка макалалары бар.

“Искра” гезити басылманын башкы редактору Адилет Айтикеев макаласында төө буурчактын баасы тууралуу кеп кылып, бийликти сынга алды. Гезиттен ошондой эле “Оппозиция да жаңы жылдык корпоратив өткөрөт экен” деген, “Дамира Ниязалиеваны эмнеге кызматтан кетиришти?”деген, “Киргиздерди” кыргызча ырдаткан Галина Куликова” деген майда макалаларды жарыялады.

Гезит Жыргалбек Саматов боюнча саясатчылар Бегалы Наргозуевдин, Шаирбек Маматокторовдун, Өмүрбек Абдырахмановдун, журналист Тынчтык Алтымышевдин ойлоруна орун берди. Булар негизинен Жыргалбек Саматовго мандат берилсе туура болмогун айтып, бийлик менен Боршайкомду сынга алышты.

“Фабула” гезити “Ошту дале Жаныш Бакиев башкарып жатабы?” деген макаласында адамдын төбө чачын тик тургузган кылмыштарды жасап, канкор атыккан Жаныш Бакиевдин жан досу Арифидин Аланов жакында Ош шаардык кеңешине төрага болуп шайланганын, бул боюнча Ошто ар кандай кептер айтылып, бирөөлөр: “Аланов акчага бир чоңду сатып алып койгон. Ошол колдоп келатат” десе, бирөөлөр: “Мунун баары Жаныш Бакиевдин долбоору. Ошту дале Жаныш башкарып жатат” деп айтып жатышканын белгилеп: “Сыягы реформачыл жаңы бийликтин бетине көө жапкан Оштогу “бакиевчил кадр саясаты” жөнүндө өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге так маалымат жетпей жатат окшойт” деген кабар таратты.

Айбек Шамшыкеевдин Кытай боюнча “Саресеп” деп аталган макаласы, Баратбай Аракеевдин “Жүз киши жана кыргыз” деген жана “Эми жаңы жылдан үмүт этебиз да” деген макалалары окурмандарга тартууланды.

Тойлорго - ойлор

Журналист Үсөн Касыбековдун макаласы “Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык” деп аталды. Автор кыргыздын тою тууралуу кеп кылып, ысыраптуу тойлордун саны өсүп жатканын, айрым акчасы көптөр атын чыгарып алуу үчүн куру намыска жетеленип келатканын айтып келип, 2013-жылы “Хаммер” деген ылакап атка конгон Жыргалбек Саматовдун Өзгөндө өткөргөн тою ушул кезге чейин эл оозунда жомок болуп жүргөнүн, тойго 50 миң киши катышып, оюн-зооктор өткөрүлүп, баш байгелерге 20 төө, 20 аргымак, 20 автоунаа сайылганын, дөбө-дөбө аш тартылып, арак суудай акканын, тойго кеткен чыгымдын эсебин эч ким так айтып бере албастыгын, бери болгондо эле ондогон миллион сом кеткенин, ошол супер тойдон кийин “балык-депутат” деген атка конгон Ж. Саматов унутулуп баратып, кайрадан мандат талашта “фальшивка” документ жасап депутат болгусу келген ызы-чуу менен пайда болгонун, эми парламентте партиялаштары аны кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып жатканын жазып чыкты.

Коңшуларга кайрылган Үсөн Касыбеков Тажикстанда тойлорду чектеген мыйзам Тажикстанда 2007-жылдан бери иштесе, айрым чектөөлөр Өзбекстанда да бар экенин баяндоо менен эл-журтту ойлонуп көрүүгө чакырды.

Бүгүн жарык көргөн “Вечерний Бишкек” гезити өткөн жумада Ички иштер министрлигинин генерал Эргеш Алиев атындагы академиясынын окумуштуулар кеңеши Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага ардактуу профессор наамын ыйгарганын кабарлады.

Журналист Бермет Маликова мусулман аялдарынын радикалдашып баратканына, жанкечтилердин үгүтүнө алданган айрым аялдар алтургай Сирияга кетип жатканына атайын макаласын арнады.

XS
SM
MD
LG